Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

Новости за 06.11.2023

Гонконгдо Гүлнара Каримованын мурдагы күйөөсү Мадумаров кармалды

Azattyk.org 

Гонконгдун полициясы Өзбекстандын экс-президенти, маркум Ислам Каримовдун тун кызы, ушул тапта абакта отурган Гүлнара Каримованын мурдагы жарандык күйөөсү Рустам Мадумаровду кармады. Бул тууралуу "Азаттыктын" өзбек кызматы жазды. Маалыматка караганда, аны Өзбекстандын коопсуздук комитети Каримова атасы бийликте турганда чет жакка чыгарып кеткен акчаны кайра кайтаруу ишинде колдонуп келген. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып жазгандай, Мадумаров октябрь айынын башында Гонконг аэропортунда кармалган. Читать дальше...

Египет Рафах өткөрмө бекетин кайра ачты

Azattyk.org 

Египеттин чек ара кызматы Газа тилкеси менен чек арадагы Рафах өткөрмө бекетин кайрадан ачканын билдирди. Мурдагыдай эле расмий Каир кош жарандуулугу бар палестиндерге, чет өлкөлүктөргө жана жарааты оор палестиндерге чыгууга уруксат берет. Рафах өткөрмө бекети 4-ноябрда убактылуу жабылып калган. Израилдин армиясы 5-ноябрдын кечинде Газа шаарын толук курчоого алганын билдирген. ЦАХАЛ Газанын түндүгү менен түштүгүн бөлүп, атайын өткөрмө жай орнотуп койду. ХАМАС көзөмөлдөгөн Газанын Саламаттык... Читать дальше...

Нобел сыйлыгынын лауреаты Наргиз Мохаммади Иран түрмөсүндө ачкачылык жарыялады

Azattyk.org 

Нобелдин Тынчтык сыйлыгынын лауреаты, 31 жылга кесилип, Тегерандагы шарты катаал Эвин түрмөсүндө отурган Наргиз Мохаммади ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу укук коргоочунун туугандары жана боштондугу үчүн өнөктүк жүргүзгөндөр Инстаграмга жазды.  Маалыматка караганда, Наргиз тиешелүү медициналык жардам ала албаган соң ушундай кескин чарага барды. Түрмө жетекчилиги ал жоолук салынбагандыктан эки жолу "Тез жардам" чакыруудан баш тарткан. "Түрмөдөгү “ишенимдүү” дарыгер койгон диагнозго ылайык, Мохаммадини... Читать дальше...

Газа: Блинкендин Жакынкы Чыгыш сапары

Azattyk.org 

Израил армиясы Газа шаарын толук курчоого алды, Газа тилкесинин түндүк жана түштүгу иш жүзүндө экиге бөлүнүп калды. АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Жакынкы Чыгышка барып, Газада ак атууну убактылуу токтотуп, карапайым калктын коопсуздугун камсыздоого үндөдү. Палестин автономиясынын жетекчиси Махмуд Аббас Газа тилкеси үчүн жоопкерчилик алууга даяр экенин айтып, бир катар шарттарды койду. Ал ортодо Кыргызстандын муфтияты "жихад деген ниетте Палестинага баруу шарыят эрежелерине сыйбасын" эскертти.

Газа: Израил армиясы соккуну күчөттү, Аалымдар кеңешинин айыптоосу

Azattyk.org 

Израил армиясы Газа шаарын толук курчоого алды, тилкенин түндүк жана түштүгү иш жүзүндө экиге бөлүнүп калды. АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Жакынкы Чыгышка барып, Газада ак атууну убактылуу токтотуп, карапайым калктын коопсуздугун камсыздоого үндөдү.

“Саймалуу-Таш санаты” айтышынын тандоо туру аяктады

Azattyk.org 

Бүгүн 6-ноябрда Бишкекте төкмө акындардын “Саймалуу-Таш санаты” аталышындагы республикалык айтышынын тандоо туру жыйынтыкталды. Улуттук тарых музейинде өткөн иш-чарага жалпысынан 34 акын катышып, калыстардын чечими менен 16 акын тандалып алынды. Алар – Амантай Кутманалиев, Азамат Болгонбаев, Акматбек Султан уулу, Арген Биймырза уулу, Тынчтыкбек Эсенбай уулу, Темирбек Матыбаев, Элмирбек Иманалиев, Шайлообек Отунчиев, Жибек Сапар кызы, Жамайка Токонова, Тынарбек Бураев, Асылбек Маратов, Баян Акматов... Читать дальше...

Ташкент: Экономикалык кызматташуу уюмунун саммитине тогуз лидер катышат

Azattyk.org 

7-8-ноябрда Өзбекстандын баш калаасы Ташкет шаарында Экономикалык кызматташуу уюмунун (ЭКУ) 16-саммитти өтөт. Бул тууралуу өлкө президентинин маалымат кызматы билдирди.  “Иш-чарада Азербайжандын, Ирандын, Казакстандын, Кыргызстандын, Пакистандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Түркиянын президенттери менен өкмөт башчылары катышары күтүлүүдө”, - деп жазылат билдирүүдө. Жыйынга өзбек президенти Шавкат Мирзиёев төрагалык кылат.  Билдирүүдө белгиленгендей, саммиттин катышуучулары соода-экономикалык... Читать дальше...

Эл артисти Зинаида Петренко дүйнө салды

Azattyk.org 

Бишкекте бүгүн 6-ноябрда 73 жаш курагында Кыргыз Республикасынын Эл артисти Зинаида Петренко дүйнө салды. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги белгилегендей, өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин сахна менен жашап, чыгармачыл сапарын чыгаан актриса, режиссер жана устат катары улантып келген Петренко бир күн мурда 5-ноябрда кайрымдуулук спектаклинде өзүнүн акыркы ролун ойногон. Зинаида Петренко 1951-жылы Орусиянын Уфа шаарында төрөлгөн. Кийин Кыргызстанга келип, дээрлик жарым кылым өмүрүн сахнага арнаган. Читать дальше...



Орусия аэропорттордо мигранттардын манжа изин ала баштайт

Azattyk.org 

Орусиянын Ички иштер министрлиги жакында Москванын аэропортторунда мигранттардан дактилоскопия (бармак издерин алуу) жана сүрөткө түшүрүү иштерин жүргүзө баштайт. Бул тууралуу ТАСС агенттиги министрликтин Миграция маселелери боюнча башкармалыгынын жетекчиси Валентина Казаковага шилтеме жасап жазды. "Азырынча, тилекке каршы, чек араларда дактилоскопия иши жүргүзүлбөйт. Бирок Москва бийлигинин сунушу менен биз жакында бул жараянды баштайбыз деп ойлойм. Ошондо гана маалыматтарын өзгөртүп келгендер Орусиянын аймагына кире албай калат"... Читать дальше...

Төө-Ашуудагы өрт: Айдоочунун өмүрүн сактаган милиционерлер каза болду

Azattyk.org 

Төө-Ашууда өрттөнүп кеткен күйүүчү май ташыган унаанын айдоочусунун өмүрүн сактап калган экинчи милиция кызматкери Орозмамат Акуналиев каза болду. Анын денесинин 70% күйүп кеткени кабарланган. Буга чейин айдоочуга жардам берген милиционер Дилмурат Шамшиев менен дагы бир жай тургун да ооруканада үзүлгөн. Дарыгерлер төртүнчү жарандын да абалы оор экенин айтып жатышат.  "Экөөнүн артында уул-кыздары калды" Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү Орозмамат Акуналиев 6-ноябрга караган түнү ооруканадан үзүлдү. Читать дальше...

Жакынкы Чыгыш: Газадагы кырдаал

Azattyk.org 

Израилдин армиясы Газа шаарын толук курчоого алууну аяктап, жээкти көздөй жылды. Бул тууралуу армиянын расмий өкүлү Даниэл Хагари билдирди жана бул окуяларды ХАМАС радикал тобуна каршы согуштагы "өтө маанилүү кадам" деп атады.

Reuters: Путин бийликте 2030-жылга чейин калууну көздөйт

Azattyk.org 

Орусиянын президенти Владимир Путин 2024-жылы март айында өтүүчү президенттик шайлоого катышууну чечти. Бул тууралуу “Рейтерс” агенттиги ар башка алты булакка таянып жазды. Бул Путинге бийликте 2030-жылга чейин калуу мүмкүнчүлүгүн берет дегенди билдирет. Маалыматка караганда, Путин Орусияны соңку ондогон жылдардагы эң кооптуу абалдан "өзүм гана чыгарып кете алам" деп эсептейт. Бийликти 1999-жылы Борис Ельцинден өткөрүп алган Путин 7-октябрда 71 жашка толду. Ал үчүн шайлоо жөн гана формалдуулук. Читать дальше...

Азербайжан Тоолуу Карабакта аскердик парад өткөрөт

Azattyk.org 

Азербайжан жикчил Тоолуу Карабактын борбору Ханкенди (армяндар Степанакерт дешет) шаарында аскердик парад өткөрүүгө камданууда. Жергиликтүү маалымат каражаттары жазгандай, иш-чара 8-ноябрда өтөт. Бул күнү Азербайжанда "Экинчи Карабак согушундагы Жеңиш күнү" белгиленет. Парадга президент Илхам Алиев өзү катышары күтүлүүдө. 15-октябрда Алиев Ханкендиде өз өлкөсүнүн туусун көтөрүп, аймак толугу менен Азербайжандын көзөмөлүндө экенин ишарат кылган. Тоолуу Карабактын айынан Армения менен Азербайжан 1980-жылдардын соңунан бери жаңжалдашып келген.

Казакстанда Назарбаевдин кудасы абактан чыкты

Azattyk.org 

Казастандык олигарх Кайрат Боранбаев эркиндикке чыкты. Алгач бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты. Кийин аны “Азаттыктын” казак кызматына Жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматы ырастады. "Түрмөдөгү мөөнөтү эркиндигин чектеген өкүм менен алмаштырылган Боранбаев 6-ноябрда бошотулду", - деп жазылат маалыматта. 2023-жылы март айында мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин кудасы Кайрат Боранбаевди  ири көлөмдөгү мүлк тартып алууга, арам жол менен тапкан акчасын адалдаштырууга айыптап, сегиз жылга эркинен ажыраткан. Читать дальше...

Акылбек Жапаров Бишкек ЖЭБинин кышка даярдыгын текшерди

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 6-ноябрда Бишкек жылуулук борборунун (ЖЭБ) кышка даярдыгын текшерди. Өкмөттүн басма сөз кызматы анда борбордун негизги агрегаттарын, көмүр кампаларынын даярдыгын көрдү. Тиешелүү мекеме-түзүмдөр үйлөргө жылуулук берилген маалдарда күчөтүлгөн тартипте иштеши керектигин, чукул кырдаалдын алдын алуу үчүн ыкчам чара көрүү топтору болушу зарылдыгын айтты. "Чукул кырдалдарга жол берилбей, бир кадам алдыда болуу керек. Сноптиктер ноябрдын аягына чейин аба ырайы жылуу болорун айтып жатат... Читать дальше...

Аалымдар кеңеши Палестинадагы жихадга чакырбоону эскертти

Azattyk.org 

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Аалымдар кеңеши Израил менен ХАМАС радикал тобунун согушуна байланыштуу билдирүү таратты. Анда Израилдин Газа тилкесиндеги карапайым калкка жасаган аракеттери "адамзатка каршы кылмыш" деп аталган. Ошол эле маалда аталган кеңеш ал жакка "жихадга" баруу шарыят эрежелерине сыйбасын" эскерткен. Палестинадагы элге материалдык жардам көрсөтүүнү колдой турганы жазылган. "Бул кайгы бир гана палестиналыктардын эмес, бүт дүйнөдөгү мусулмандардын кайгысы болууда. Читать дальше...

Газада БУУнун 88 кызматкери набыт болду

Azattyk.org 

Израилдин армиясы 6-ноябрда Газа тилкесиндеги" ХАМАС радикал тобунун түйүндөрүнө олуттуу сокку урганын, аскерлери аймакта экстремисттер менен кармашууну улантып жатканын" билдирди. "Израилдин армиясы Газанын түндүгүндө жана Газа шаарында жердеги операцияларын активдештирип, сокку жасоону улантат”, - деди ЦАХАЛдын расмий өкүлү Даниэл Хагари. Бириккен Улуттар Уюму дээрлик бир айдан бери уланып жаткан соккулардан карапайым тургундар арасында жоготуулардын саны өсүп жатканын белгилеп, Израилди ок атууну токтотууга чакырууда. Читать дальше...

Кызылчага чалдыккандар үчүн ооруканада кошумча бөлүм ачылды

Azattyk.org 

Бишкекте кызылча (корь) оорусу көп катталып жаткандыктан Жугуштуу ооруларга каршы республикалык клиникалык ооруканада бүгүн 6-ноябрда кошумча бөлүм ачылууда. Оорукананын башчысы Гүлжигит Алиев "Азаттыкка" билдиргендей, буга ооругандар көбөйгөнү себеп болду: "Мурда үч бөлүмдө жатышчу, азыр төрт болду. Себеби ооругандар көбөйүүдө". Алиевдин айтымында, азыр ооруканада бул жугуштуу илдетке чалдыккан 78 бейтап дарыланууда.   Кыргызстанда баласын кызылчага каршы эмдетүүдөн баш тарткан ата-энелер... Читать дальше...

Коррупцияга каршы күрөштү ким кандай көрөт?

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда коррупция 90% жоюлуп, жемкорлуктан түшкөн каражат менен бюджет көбөйүп жатканын билдирди. Ал коррупциянын деңгээли эмненин негизинде аныкталганын тактаган жок. Жекшемби күнү Садыр Жапаров Фейсбуктагы баракчасына Кыргызстандын тышкы карызы боюнча пост жазды. Ал эгемендик алгандан тартып 2020-жылга чейин мамлекеттин карызы 5 млрд доллардын тегерегинде болгонун, аны үстөгү менен кайтаруу анын президенттик учуруна туш келгенин билдирди. Карыз ушул күнгө чейин өз убагында төлөнүп келатканын... Читать дальше...

Жогорку Соттун төрагасы системаны тазалоо иши уланарын айтты

Azattyk.org 

Сот органдарындагы жемкорлук маселеси Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбековдун Жалал-Абадда жергиликтүү судьялар жана алардын жетекчилери менен өткөргөн кеңешмесинде көтөрүлгөнүн мекеменин басма сөз кызматы 6-ноябрда билдирди. “Базарбеков мыйзам талаптарын жана нормаларын так сактоо зарылдыгына токтолуп, соттордун коррупцияны алдын алуу жана процессуалдык мыйзам бузууларды жоюу маселесине өзгөчө көңүл бурду. Ошондой эле сот тутуму өзүн-өзү тазалоо ишин улантарын белгиледи. Төрага сот адилеттигин... Читать дальше...

Төө-Ашуудагы өрттө жараат алган экинчи милиционер да каза болду

Azattyk.org 

Бишкек-Ош автожолундагы Төө-Ашууда өрт кырсыгына кабылгандарга жардам берем деп өздөрү да жабыркаган милиция кызматкерлеринин экинчиси да эсине келбей көз жумганын 6-ноябрда Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди: “Бөөдө кырсык окуяга туш келип, тайманбаган, жанын тобокелге салып, элдин камын ойлогон эр азаматтарыбыз Дилмурат Шамшиев 1-ноябрь күнү каза болсо, Орозмамат Акуналиев дагы алган оор жаракаттарынан улам көз жумуп отурат”. 27-октябрда Бишкек-Ош жолунун 96-чакырымында түштүк тарапты көздөй... Читать дальше...

Аэропортко бараткан жолдо автожарыш уюштургандарга кылмыш иши козголду

Azattyk.org 

Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы Бишкектен “Манас” аэропортуна бараткан көчөдө автожарыш уюштуруп, жолду тоскондорго кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканын 6-ноябрда билдирди. Маалыматка караганда, 5-ноябрда Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө Манас айылында жарандар автоунаа жарышын өткөрүү үчүн жол тоскону, милиция кызматкерлеринин талабына баш ийбей жатканы жана аларга таш ыргытканы боюнча билдирүү түшкөн. Бул фактыны Сокулук райондук милициясы ошол күнү каттоого алып, Кылмыш-жаза... Читать дальше...

Bloomberg: Орусия Ливияда аскер базасын жайгаштырышы мүмкүн

Azattyk.org 

Bloomberg басылмасы өз булактарына таянып, Ливияда Орусиянын аскердик базасы жайгашуусу мүмкүн экенин, эки өлкө бул жаатта сүйлөшүү жүргүзүп жатканын жазды. Агенттиктин ырасташынча, макулдашууну даярдоо Ливиянын армиясынын кол башчысы Халиф Хафтар сентябрь айынын аягында Москвага барып Владимир Путин менен жолуккандан кийин эле башталган. Келишимдин алкагында Орусия өзүнүн аскердик кемелерин Жер ортолук деңиздин жээгине такай жайгаштырууга укук алат, ошондой эле бир канча базаны колдонууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Читать дальше...

"Кутумдун натыйжасында кызматтан кеткем"

Azattyk.org 

“Бийлик сырлары” берүүбүздүн коногу - мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов. Ал маегинде эгемендик жылдардагы Кыргызстандын тышкы саясатындагы оош-кыйыштар, ири державалардын таасири, бийликтен кулаган президенттердин чет өлкөлөрдөн башпаанек алышынын себептери тууралуу айтып берди.

Аба ырайы: күн ачык болот

Azattyk.org 

7-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши ыктымал. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 16…21; Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 16…21; Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында 3…8, күндүзү 18…23; Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15; Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -2…-7, күндүз 10…15; Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -9…-14, күндүз -1…+4. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *