Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

Новости за 11.11.2023

Бишкек Газага гумжардам жөнөтүүгө даяр экени айтылды

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 11-ноябрда Эр-Рияд шаарында Ислам кызматташтык уюмунун кезексиз самиттинде сөз сүйлөп жатып, Кыргызстан Газа тилкесиндеги калкка гуманитардык жардам берүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. "Бул чыр-чатактын кесепетинен жакындарын жоготкон үй-бүлөлөргө жана бир айдан ашык убакыттан бери күчөгөн зордук-зомбулуктун натыйжасында эбегейсиз жоготууларга жана кыйынчылыктарга дуушар болгон бардык палестиналык жарандардын кайгысын кыргыз эли тең бөлүшөт. Читать дальше...

Жаратман жаштардын башын кошкон "Жашар"

Azattyk.org 

Жыл сайын 10-ноябрь Жаштар күнү белгиленет. Буга байланыштуу Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында “Жашар 2023” жаштар фестивалы болуп өттү. Иш-чаранын алкагында жаштар контент түзүп, долбоор жазып, дебаттарга катышып, подкасттарын жаздыра алышты.

Таштандыдан табылган ымыркайдын абалы туруктуу экени кабарланды

Azattyk.org 

Бишкекте таштандыдан табылган ымыркайдын абалы туруктуу экенин Бишкек мэриясынан кабарлашты. Свердлов районунун башчысы Максатбек Саргазаков №1 төрөт үйүндөгү ымыркайдан кабар алып, ага керектүү буюмдарды тапшырды. Бишкек мэриясы баланы жаңы төрөп, ар кандай турмуштук кырдаалга кабылган аялдарды атайын уюштурулган жайларга кайрылууга чакырды. “Жаңы төрөлгөн баланын энеси турмуштук оор кырдаалга кабылып, ымыркайдан баш тартууга ниеттенген учурда төрөт үйүндө атайын кагазга кол коюп же каалаган... Читать дальше...

“Стендапта чындык айтылышы керек”. Сахнадагы какшык жана юмор

Azattyk.org 

Бишкекте 9-ноябрда юмористтер кыргызча стендап кечесин уюштурду. Анда коомдогу көйгөйлөр, саясат, социалдык темадагы тамашалар айтылды. Стендап куудулдар юмордогу бул жанрды өнүктүргүсү келет.

Курманбек Бакиевди "Закир Салиевге" айланткан сыр

Azattyk.org 

Кыргызстандын мурдагы президенти, издөө жарыяланган Курманбек Бакиевдин "Закир Салиев" деген ат менен Беларуста башка паспорт алганы белгилүү болду. Беларус иликтөөчүлөрү муну бир катар себептерин санап беришкен. Курманбек Бакиевдин өзү жана үй-бүлөсү дагы беларус долбоорунун бул иликтөөсү тууралуу комментарий бере элек. Кыргыз бийлиги бул видеого кандай реакция кылары азырынча белгисиз. Бакиевдин Беларуска барышы "Беларус иликтөөчүлөрүнүн альянсы" долбоорунун иликтөөчүлөрү Кыргызстандын мурдагы... Читать дальше...

Иликтөө: Бакиев Беларуста эки башка паспорт алган

Azattyk.org 

"Альянс расследователей Беларуси" иликтөөчүлөр тобу Беларуста качып жүргөн Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев ал өлкөдө башка ысым менен экинчи паспорт алганы тууралуу видео жарыялашты. Беларус иликтөөчүлөрү Курманбек Бакиевге Александр Лукашенконун атайын буйругу менен 2010-жылы август айында жарандык жана паспорт берилгенин аныкташкан. Бирок, Курманбек Бакиев кийин Закир Салиев деген ысым менен ID номерлүү экинчи паспорт алган. Башкача айтканда, ал өлкөдөгү Закир Салиев деген жаран ... Читать дальше...

Баткен: насыяга курулган чорго какшып турат

Azattyk.org 

Баткен шаарынын 2 200 кожолугун таза суу менен камсыздоо үчүн 2016-жылы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы 5 млн 200 миң евро каражат бөлгөн. Долбоорду казакстандык компания ишке ашырган. Бирок башта айтылгандай 2200 кожолуктун тең жарымында суу чыкпай калды. Бөлүнгөн каражаттын 1,5 миллиону насыя болгондуктан ушул тапта ал шаардык казынадан кайра төлөнүп жатат.

Театрда кайталангыс изи калган Райма Абдубачаева

Azattyk.org 

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, белгилүү актриса Райма Абдубачаева 75 жаш курагында оорунун айынан дүйнө салды. Актриса театрга жети жашында кадам таштап, “Атанын тагдыры” баш болгон белгилүү спектаклдерде роль жаратып таанылган. Атактуу эне-атанын кызы Кыргыз театр искусствосунун көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири, өлкөнүн эмгек сиңирген артисти, актриса Райма Абдубачаеванын бүтүндөй өмүрү театр менен киндиктеш, тагдырлаш болду. Анткени ал башка замандаштарынан айырмаланып жети жашында эле кыргыз драма театрынын босогосун аттап... Читать дальше...



Театрда кайталангыс изи калган Райма Абдубачева

Azattyk.org 

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, белгилүү актриса Райма Абдубачаева 75 жаш курагында оорунун айынан дүйнө салды. Актриса театрга жети жашында кадам таштап, “Атанын тагдыры” баш болгон белгилүү спектаклдерде роль жаратып таанылган. Атактуу эне-атанын кызы Кыргыз театр искусствосунун көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири, өлкөнүн эмгек сиңирген артисти, актриса Райма Абдубачаеванын бүтүндөй өмүрү театр менен киндиктеш, тагдырлаш болду. Анткени ал башка замандаштарынан айырмаланып жети жашында эле кыргыз драма театрынын босогосун аттап... Читать дальше...

Чеченстанда Кадыровдун 18 жаштагы баласы министрдин орун басары болду

Azattyk.org 

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун улуу баласы Ахмат Кадыров Дене тарбия, спорт жана жаштар саясаты боюнча министрдин биринчи орун басары болуп дайындалды. Ахмат 8-ноябрда 18 жашка чыкты. Жаңы дайындоо боюнча кабар жарыяланган жок, бирок Рамзан Кадыров Телеграм-каналында сүйлөп жатып, Ахматтын жаңы кызматы жөнүндө айткан. Кавказ.Реалии буга чейин министрдин орун басары кызматында Хусейн Абдулкаримов ээлеп турганын жазды. Редакция расмий буйруктарды анализдеп, 8-ноябрда Абдукаримов кызматынан төмөндөп... Читать дальше...

Аймактык реформа: элет эмнеге нааразы?

Azattyk.org 

Ушул тапта өлкөдө административдик-аймактык реформанын алкагында айыл өкмөттөрүн бириктирип, аймактарды ирилештирүү жүрүп жатат. Аны колдогондор менен катар кемчиликтерин көрсөтүп, нааразылыгын айткандар да чыгууда. Мындай пикирлерин акыркы убактарды Алай, Айтматов (мурдагы Кара-Буура-ред.) жана Ат-Башы райондорунун тургундары билдирүүдө. Өлкөдө административдик-аймактык реформа тууралуу көп жылдардан бери сөз болуп жүрөт. Бирок эксперттер буга чейинки бийликтер аны батыл баштоого чыгынбай келгенин белгилешет. Читать дальше...

100 миңдей тургун Газа тилкесинин түндүгүнөн чыгып кетти

Azattyk.org 

Бейшемби-жума күндөрү Израил армиясы түзүп берген гуманитардык коридор аркылуу жүз миңдей жайкын тургун Газа тилкесинин түштүгүнө чыгып кетти. Коридор күнүнө алты сааттан иштейт. ХАМАС радикал тобу тирүү адамдарды тирүү калкан кылуусуна жол бербөө үчүн израил армиясы бардык жай тургундарды Газа тилкесинин түндүгүнөн чыгып кетүүгө чакырууда. Жума күнү ЦАХАЛдын өкүлү Даниэл Хагари израил армиясы Газа шаарындагы ХАМАС куралдуу тобунун негизги позицияларын талкалап, 150 жоочу өлтүрүлгөнүн кабарлады. Читать дальше...

Президент Жапаров Сауд Арабияда Ислам саммитине катышат

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 11-ноябрда иш сапары менен Сауд Арабияга барды. Жапаровду Ханзаада Мохаммед бин Абдуррахман бин Абдель Азиз - Эр-Рияддын губернаторунун орун басары тосуп алды. Президент Ислам кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин кезексиз Ислам саммитине катышат. Анда Палестина-Израил жаңжалы талкууланат.   Президент Садыр Жапаров Экономикалык кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын Ташкент шаарында өткөн саммитте Газа тилкесиндеги согуш аракеттерин токтотууга жана сүйлөшүү процесстерин баштоого чакырган. Читать дальше...

Таштандыдан табылган ымыркайдын энеси кармалды

Azattyk.org 

Бишкекте таштандыдан табылган ымыркайдын 21 жаштагы энеси кармалып, Октябрь райондук ички иштер бөлүмүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу милициядан кабарлашты. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 37-125-беренесине (“Эненин жаңы төрөлгөн баласын өлтүрүүсү”) шек саналып жатат. Милициянын маалыматында таштандыдан табылып, №1 төрөт үйүнө жеткирилген ымыркайдын абал туруктуу. 8-ноябрда 23:30 чамасында Бишкектин көчөлөрүнүн биринде желим баштыкта салынган ымыркай таштанды челектен табылганы жөнүндө милицияга кабар түшкөн. Читать дальше...

Газа: ооруканага жашынган эл, жааган ок

Azattyk.org 

Израил ХАМАСтын согушкерлерин жок кылмайынча согуш уланарын, Газа тилкесин ээлеп алуу ниети жоктугун билдирди. Эл аралык коомчулук анклавды палестиндер башкарышы керек деген позицияны кубаттайт. Бир айдан ашуун жүргөн кармашта эки тарапты кошкондо 12 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылды. Газа тилкесиндеги "Аш-Шифа" ооруканасында дарыгерлер "апалап" ыйлаган наристенин чекесиндеги жараатын оорусун баса турган дары бербей эле тазалап жатат. Анклавда согуш башталгандан бери догдурларда күнү-түнү тыным жок, дары-дармек тартыш. Читать дальше...

Жапаров Франциянын президенти менен кызматташтыкты талкуулады

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 10-ноябрда Парижде Франциянын лидери Эммануэл Макрон менен жолугуп, кызматташтыкты талкуулады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. "Президент Садыр Жапаров Эммануэл Макронго Париж Форумуна, өз убагында өткөрүлүп жаткан мөңгүлөр боюнча биринчи Саммит - "Бир планета саммитине" катышууга чакырганы үчүн ыраазычылык билдирди", - деп айтылат басма сөз кызматы тараткан маалыматта. Жапаров өз кезегинде Франциянын президентин Кыргызстанга чакырган. Читать дальше...

Жапаров Париждеги саммитте Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн азайып жатканын айтты

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 10-ноябрда Париж шаарындагы “Бир планета” жыйынына катышып, өлкөдөгү мөңгүлөрдүн азайып жатканын айтып, аны сактоо чараларына токтолду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады. Жапаровдун айтымында, соңку 70 жыл ичинде мөңгүлөрдүн аянты 16% азайган. “Кыргызстан – мөңгүнүн пайда болушуна ыңгайлуу климаттык шарттары катаал тоолуу өлкө, тоолор өлкө аймагынын 94 пайызын ээлейт. Соңку 70 жыл ичинде Кыргызстанда мөңгүлөрдүн аянты 16 пайызга кыскарган. Читать дальше...

"Уулумду 12 жылдан бери издейм". Дайынсыз кеткендердин баяны

Azattyk.org 

15 жыл мурун дайынсыз кеткен кыргызстандык жубайлар Казакстандын Жамбыл облусунан табылып, консулдуктун жардамы менен мекенине кайтып келген. Бул окуя бир нече жылдан бери уул-кызынын дайынын таппай жүргөн ата-энелердин үмүтүн жандыргандай болду.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *