Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

Новости за 20.11.2023

Армения ЖККУдан жардам суроодон баш тартты

Azattyk.org 

Армениянын бийлиги Жамааттык коопсуздук келишими уюмунан Ереванга жардам берүү тууралуу маселени 23-ноябрда Минскиде өтө турган жыйынынын күн тартибинен алып салууну суранды. Бул тууралуу Беларустун лидери Александр Лукашенкого 20-ноябрда уюмдун баш катчысы Имангали Тасмагамбетов айтты. “Бардык өнөктөштөр бул чечимди колдогону менен армян тарап документке эч кандай кызыгуусун көрсөткөн жок. Акырында алар такыр күн тартибинен алып салууну суранышты”,-деди Тасмагамбетов. Быйыл апрель айында уюмдун катчылыгы билдиргендей... Читать дальше...

Тажикстанда оппозициячыл журналисттин агасы убактылуу кармоочу жайдан табылды

Azattyk.org 

Тажикстандагы оппозициячыл телеканалдын башчысы Шавкат Мухаммадинин бир тууганы өлкө түндүгүндөгү Кожент шаарындагы убактылуу кармоочу жайдан табылды. Бир нече жума мурда ал Орусиядан экстрадицияланган. Туугандарынын айтымында, азырынча Аслиддин Шариповго аларды киргизе элек. 30-ноябрда Норвегиядагы Хельсинки комитети тажик бийлигин Шарипов кайда экенин ачыктоого чакырган. Учурда Евробиримдиктин аймагында жашаган, Payom интернет-телеканалынын директору Шавкат Мухаммади буга чейин "Озоди" радиосуна... Читать дальше...

Көлбаевге байланыштуу кармалган Салимовдун уулуна издөө жарыяланды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Турсунтай Салимовдун уулу Илшат Салимовго издөө жарыяланганын бүгүн 20-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) кылмыштуу жол менен тапкан кирешесин мыйзамдаштыруу фактылары жана кылмыштуу топторду каржылаган айрым ишкерлер боюнча тергелип жаткан кылмыш иши алкагында Илшат Салимовго сыртынан “Көлбаевдин тобун каржылаган жана кылмыштуу кирешени легалдаштырган” деген айып тагылды. Читать дальше...

Кара-Көл: үч тестиер сегиз күндөн бери изделип жатат

Azattyk.org 

Кара-Көл шаарынын тургундары - 2010-жылы туулган Мураталиев Нурислам, 2012-жылкы Мураталиев Нурмуханбет, 2010-жылы туулган Мамбетов Замирбек  12-ноябрдан бери дайынсыз болууда. Аларды акыркы жолу саат 17:00 чамасында көчөдө ойноп жатышкан жеринен көрүшкөн. Балдардын ата-энелери аларды табууга көмөк сурап, милицияга кайрылышкан. Милиция балдарды издөө иштери жүрүп жатканын кабарлап, көргөн-билгендер болсо кабар берип коюуну коомчулуктан суранды. "Мураталиев Нурисламдын бою-1,35-1,40 сантиметр, чачы күрөң түстө, көзү кара, орто бойлуу. Читать дальше...

Михаил Саакашвили Грузиянын президентинен ырайым берүүнү өтүндү

Azattyk.org 

Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили өлкөнүн азыркы башчысы Саломе Зурабишвилиге ага ырайым берүүнү өтүнүп кайрылды. “Саломе айым өзүнүн ырайым берүү укугунан колдонуп, бир буйругу менен балдарыма атасын кайтарып, Грузиядагы саясий тең салмактуулукту калыбына келтире алат”, - деди Саакашвили Тбилиси шаардык сотундагы жараянга видеобайланыш аркылуу катышып жатып. Ал ошондой эле өзү негиздеген Бирдиктүү улуттук кыймыл партиясынын саясий кеңешин мындан ары өзү жетектей турганын билдирип... Читать дальше...

Бишкекте бир күндө бир мекеменин төрт жооптуу кызматкери иштен алынды

Azattyk.org 

Бишкекте бир күндө бир муниципалдык ишкананын төрт кызматкери жумуштан алынып, жазаланды. Бул тууралуу бүгүн 20-ноябрда “Азаттыкка” мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. Мекеменин маалыматына караганда, «Бишкекасфальтсервис» ишканасынын инженер-энергетиги, Пландоо-экономикалык бөлүмүнүн башчысы, башкы бухгалтери жана диспетчери мындай жаза чарасына эмгек тартибин бузганы үчүн тартылышты. “Буга чейин социалдык түйүндөрдө эмгек тартибин бузуп, жумуш ордунда спирт ичимдиктерин ичип отурган топтун видеосу тараган”, - деп белгиледи мекеме. Читать дальше...

Газа: Туткундарды бошотуу аракети уланууда

Azattyk.org 

Курчоодо калган палестин анклавында гуманитардык кырдаал курч, согуш уланууда. Улуттар Уюму аймакта нөшөрлөгөн жаан жаап, чатырларда баш калкалаган жүз миңдеген кишинин абалы дагы оорлошконун билдирди. Бээжинде Араб өлкөлөрүнүн дипломаттары чогулуп, Газадагы кырдаалды талкуулады.

Ымыркайлар таштандыдан табылган соңку окуялар боюнча кеңешме өттү

Azattyk.org 

Социалдык кызматтар жаңы төрөлгөн балдардын абалы, аларды багуу, кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоо боюнча үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүп турушат. Бул тууралуу бүгүн 20-ноябрда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде өткөн кеңешмеде айтылды. Жаңы төрөлгөн ымыркайлар таштандыда калтырылган соңку окуяларга байланыштуу уюштурулган кеңешмеге Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана  балдардын укугун коргоо менен алектенген мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты. Читать дальше...



Нарын менен Ысык-Көлдөн Ташкентке миң тонна картошка экспорттолот

Azattyk.org 

Нарын жана Ысык-Көл облустарынын фермерлери Өзбекстандын борбору Ташкент шаарына картошка экспорттоого мүмкүнчүлүк аларын Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ири өчөмдө картошка жөнөтүү тууралуу келишим Кыргызстандын бул өлкөдөгү соода өкүлү Алмаз Темирбеков жүргүзгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кабыл алынды. Келишимде жалпы 1000 тонна тууралуу жазылды, алгачкы партия лабораториялык экспертиза аяктагандан кийин жөнөтүлмөй болду. Быйыл Кыргызстанда картошканын түшүмү мол болуп... Читать дальше...

Депутат Сурабалдиева ымыркайларды калтыруучу жай ачууну сунуштады

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева төрөп, багууну каалабаган энелер үчүн ымыркайларын калтыруучу атайын жайларды ачуу зарылдыгын билдирди. Депутат бул маселени  20-ноябрда парламенттин Бюджет, экономика жана фискалдык комитеттин жыйынында көтөрүп, Министрлер кабинетинен атайын каражат бөлүүнү сунуштады. Сурабалдиева "адамдын өмүрү канча турат?" деген суроону эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрине узатып, наристелердин ташталып жатканы үчүн жалаң аялдарды айыптагандарды сынга алды. Читать дальше...

ДССУ: Аш-Шифадан эвакуацияланган 11 ымыркайдын абалы оор

Azattyk.org 

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму Газа тилкесинин түндүгүндөгү Аш-Шифа ооруканасынан 19-ноябрда эвакуацияланган 11 ымыркайдын абалы оор экенин билдирди. Уюм Кызыл жарым ай коому менен биргеликте наристелерди анклавдын түштүгүндөгү госпиталга жеткирди. “Ымыркайлар Газа тилкесинин түштүгүндөгү “Аль-Хелал Аль-Эмарати” ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды”, -деп белгиленет уюм тараткан билдирүүдө. Маалыматка караганда, ал жактагы ооруканада дагы электр энергиясы үзгүлтүккө учурап, күйүүчү май жетишсиз болууда. Читать дальше...

"Чет элдик өкүл" мыйзамы: ЕБ экономикалык кесепет жөнүндө эскертти

Azattyk.org 

Евробиримдик Кыргызстанга "Чет элдик өкүл" жөнүндө мыйзам өлкөнүн экономикасына кесепетин тийгизерин дагы бир жолу эскертти.  ЕБдин Брюсселдеги баш кеңсесинде уюм менен Кыргызстандын кызматташтыгы өткөн аптада талкууланган. Ага биримдиктин өкүлү Люк Девинь жана Кыргызстан тараптан тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев баштаган делегация катышты. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар аталган мыйзамды эл аралык уюмдардан каржылануучу бейөкмөт уюмдарга кошумча көзөмөлдү күчөтөт... Читать дальше...

Тогуз-Тородо “Саймалуу таш санаты” аттуу республикалык айтыш өттү

Azattyk.org 

Байге фонду 1 миллион сомду түзгөн “Саймалуу таш санаты” аталышындагы айтыш Тогуз-Торо райондук Азирет Сыдыков атындагы маданият үйүндө өттү. Анда баш байгени төкмө акын Абдылда Нуралиев жеңсе, 1-орунга Азамат Болгонбаев, 2-орунга Тынчтыкбек Эсенбай Уулу, 3-орунга Темирбек Матыбаев ээ болгон. Кезектеги республикалык айтыш президент Садыр Жапаровдун “Улуттук нарк жөнүндө” Жарлыгынын алкагында жана Тогуз-Торо районундагы “Саймалуу-Таш” петроглифтерин ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизүү максатында өткөрүлгөн. Читать дальше...

Жалал-Абадда таштандыдан табылган ымыркай кыздын абалы туруктуу

Azattyk.org 

Жалал-Абад облустук балдар ооруканасынан "Азаттыкка" кабарлашкандай, 18-ноябрь күнү таңга жуук таштанды челектен табылган ымыркай кыздын абалы туруктуу. Бул тууралуу оорукананын башкы дарыгери Кыпчак Токторбаев "Азаттыкка" билдирди. "18-ноябрь күнү төрөт үйүнө 38 градус дене табы менен келген ымыркайды саат 12де балдар бөлүмүнө алып келишти. Учурда баланын абалы орто оор бойдон турат. Ымыркайдын апасы, таяатасы жана таенеси бизге келип баланы багып алаарын айтышты. Учурда бала өз алдынча дем алып тамакты түтүк менен берип калдык"... Читать дальше...

Орунбеков аял кордолгон окуяларды талкуулоо "кызыкдар тараптардын саясаты" экенин айтты

Azattyk.org 

Кыргызстанда аялдар кордолгон окуяларды жалпы көрүнүш катары таанытуу аракети кайсы бир кызыкдар тараптардын саясаты деген пикирин 20-ноябрда президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди. Ал Фейсбуктагы баракчасына бул маселе боюнча пикирин жазып, кыргыздар аял затын сыйлап, урматтап, аяр мамиле кыларын жазып, аялдар зомбулукка кабылган окуяларды “миңден бир, өтө сейрек кездешкен кылмыштуу окуялар” деп атады: “Аялы сабалып, кордолгон учурлар катталууда. Читать дальше...

Бишкекте Түгөлбай Сыдыкбековдун эстелиги орнотулду

Azattyk.org 

Бүгүн 20-ноябрда Бишкекте Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбековдун эстелигинин ачылышы болду. Расмий иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, депутаттар, саясий жана коомдук ишмерлер катышты. Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов президент Садыр Жапаровдун куттуктоо каты менен тааныштырды. Төрага Нурланбек Шакиев Сыдыкбеков чыгармачылык чөйрөдө гана эмес, коомдук турмушта да аксакалдык милдетти аркалаганын баса белгилеп... Читать дальше...

CPJ: Израил менен ХАМАСтын согушунда 50дөй журналист набыт болду

Azattyk.org 

Журналисттерди Коргоо комитети (CPJ) 19-ноябрда билдиргендей, Израил менен АКШ жана Европада террордук деп таанылган ХАМАСтын согушунда кеминде 48 журналист набыт болду. Маалыматка караганда, алардын 43ү палестин, төртөө израилдик жана бирөө ливандык журналисттер. Андан тышкары маалымат каражаттарынын тогуз кызматкери жараат алып, 13ү камалып, үчөөнүн дайыны белгисиз экени белгиленген. “Журналисттер кризис маалында маанилүү иш аткарып жаткан карапайым адамдар. Алар согушуп жаткан тараптардын... Читать дальше...

"Бөбөк сызда 3-4 саат жатып калган". Дагы эки ымыркай көчөдөн табылды

Azattyk.org 

Кыргызстанда акыркы эки күндө жаңы төрөлгөн наристени көчөгө таштап кеткен эки окуя катталды. Мындан он күндөй мурда да Бишкектин көчөлөрүнүн биринде желим баштыкка салынган ымыркай таштанды челектен табылган. Кыргызстанда таштандыга, чоочун адамдардын эшигинин алдына, талаага калтырылган бөбөктөр тууралуу кабар жыл сайын катталат. Парламенттин айрым депутаттары Кыргызстанда таштанды балдардын маселесин чечүү үчүн бэйби-боксторду ачуу керектигин айтып келет. Бирок өкмөт өкүлдөрү буга муктаждык жок экенин белгилеген. Читать дальше...

ИИМ Токтогул ГЭСин кайтарган аскердин өлүмү тууралуу маалымат берди

Azattyk.org 

Ички иштер министрлигинин Ички аскерлер бөлүгүнүн басма сөз кызматы Токтогул ГЭСин кайтарган аскердин өлүмү тууралуу маалымат берип, аны атып салган экинчи жоокер изделип жатканын билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, окуя 20-ноябрда болжол менен саат 05:50дө эки жоокер кароолдо турганда болгон. "Кара-Көл шаарындагы №7706 аскер бөлүгүнүн №1 кароолунда (Токтогул ГЭСи) турган 2002-жылы туулган жоокер өзү менен кызмат өтөгөн жоокерди атып алган. Алган жараатынан улам ок жеген жоокер ошол жерде көз жумган. Читать дальше...

Орусиянын Кемерово облусунун экс-губернатору Аман Тулеев көз жумду

Azattyk.org 

Орусиянын Кемерово облусунун мурдагы губернатору Аман Тулеев 79 жашында көз жумду. Бул тууралуу аймактын азыркы башчысы Сергей Цивилев билдирди. Анын өлүмүнө эмне себеп болгону азырынча белгисиз. Тулеев облусту 20 жылдан ашуун жетектеген. Аны алгач 1997-жылы Орусиянын биринчи президенти Борис Ельцин дайындаган. Аман Тулеев 2018-жылы “Зимняя вишня” соода борборундагы өрттөн кийин кызматтан кеткен. Анда 67 киши, анын ичинде 37 баланын өмүрү кыйылган. Кемеровонун тургундары Тулеевдин кызматтан кетишин талап кылышкан. Читать дальше...

Элчилик Орусияда 4-кабаттан кулап каза болгон аял тууралуу маалымат берди

Azattyk.org 

Москва облусунун Павшино аскер шаарчасында (Красногорск шаардык окургу) кыргызстандык аял үйдүн 4-кабатынан кулап каза болгондугу, полиция батирден бычактан жаракат алган адамды тапканы тууралуу Орусиянын маалымат каражаттары жазып чыгышкан. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бул маалымат боюнча түшүндүрмө берип, окуя көзөмөлдө экенин маалымдады. 4-кабаттан кулап каза болгон 37 жаштагы кыргызстандык аялдын сөөгү Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Москвадагы... Читать дальше...

Футбол: Бишкекте Кыргызстандын курама командасы Оман менен беттешет

Azattyk.org 

21-ноябрда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2026-жылдагы дүйнө чемпионатына тандап алуу оюндарынын алкагында Бишкек шаарында Омандын командасы менен беттешет. Бул беттеште кыргызстандык оюнчулар оюн талаасына майыптыгы бар балдардын коштоосунда чыгышат. Иш-чара БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) менен бирге 20-ноябрда белгилене турган Бүткүл дүйнөлүк балдар күнүнө карата уюштурулууда. Улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович 20-ноябрдагы маалымат жыйында Малайзия... Читать дальше...

Эл артисти Татьяна Стрельцова акыркы сапарга узатылды

Azattyk.org 

Бүгүн, 20 - ноябрда Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик орус улуттук драма театрында Кыргыз Республикасынын эл артисти Татьяна Стрельцова акыркы сапарга узатылды. Актриса менен коштошуу зыйнатына Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Макстов жана маркумдун жакындары, кесиптештери катышты. Байсалов өз сөзүндө Татьяна Стрелцованын Кыргызстандын театр өнөрүн өнүктүрүүгө кошкон салымы баа жеткис экенин, ал өз кесибин өзгөчө сүйгөндүктөн... Читать дальше...

Орусияда миграция саясатынын жаңы концепциясы сунушталды

Azattyk.org 

Орусиянын Мамлекеттик Думасындагы “Справедливая Россия” фракциясынын депутаттары иштеп чыккан миграция саясатынын жаңы концепциясында административдик мыйзам бузган мигранттарды да өлкөдөн депортациялоо сунушу жазылган. Документтин авторлору  азыркы миграция саясатынын концепциясы абдан эскергендиктен, аны жаңылоо зарыл деген жүйө келтиришти. Жаңы вариантта ар бир ишканада эмгектенгендердин беш пайызын гана мигранттар түзүшү керек. Андан тышкары чет жактан келгендерге мугалим, дарыгер, такси айдоочусу болуп иштегенге тыюу салынат. Читать дальше...

Ошто бир класста 70-80 бала окуп жаткан мектептер бар экени айтылды

Azattyk.org 

Ошто мектеп көйгөйү курч болуп жатканын бүгүн 20-ноябрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында депутат Таалайбек Сарыбашов билдирди. Ал буга чейин парламенттик комитет жана фракция мүчөлөрү Ош шаарына барып, абалды жеринен көрүп келгенин, алардын чечимдери аткарылбай жатканын өкмөт өкүлдөрүнө айтты: «Башталган мектептер көпчүлүгү бүтпөй турат бүгүнкү күнгө чейин. Ички миграция, тегерегиндеги райондордон бүт Ошко алып келип, бир класстын ичинде 70-80 бала, 60 бала окуп жаткан жерлер бар. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *