Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

Новости за 10.11.2023

Араван районунда апасы сабаган эки жашар эгиздер атасына берилди

Azattyk.org 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Оштун Араван районунда энеси сабаган эки жашар эгиз наристе тууралуу маалымат берди. Мекеменин маалыматына караганда, кыздардын биологиялык атасы жана башка туугандары табылды. Наристелер өзүнүн атасынын кароосуна берилди. Аларды тарбиялап, кароого эжеси көмөк көрсөтө турганы маалыматта белгиленген. "Зордук-зомбулук фактысы ачыкка чыккандан кийин балдар энесинен ажыратылып алынып, ооруканага жаткырылып, толук камкордукка алынган. Учурда балдардын апасы камакка алынып... Читать дальше...

Астана Газа тилкесиндеги казакстандыктарды чыгарып кетүү үчүн Израилден жардам сурады

Azattyk.org 

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги 10-ноябрда тараткан маалыматка ылайык, Астана Израилден Газа тилкесиндеги казакстандыктарды эвакуациялоо ишинде жардамдашууну суранды. Мындай өтүнүч менен Казакстандын тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу израилдик кызматташы Эли Коэнге телефондон сүйлөшкөндө кайрылган. Мекеме тараткан билдирүүдө Казакстан Жакынкы Чыгыштагы жаңжал тынчтык сүйлөшүүлөрү жана дипломатиялык диалог менен чечилишин көздөөрү белгиленген. Маалыматка ылайык, Израилдин тышкы иштер министри... Читать дальше...

Латвияда мурдагы министр Орусиянын пайдасына тыңчылык кылганы үчүн 8,5 жылга кесилди

Azattyk.org 

Латвиянын баш калаасы Рига шаардык соту мурдагы ички иштер министри жана Сеймдин экс-депутаты Янис Адамсонсту Орусиянын пайдасына тыңчылык кылган деген кине менен 8,5 жылга эркинен ажыратты. Ушул эле иш боюнча айыпталган Орусиянын коопсуздук кызматынын мурдагы кызматкери Геннадий Силонов 7,5 жылга кесилди. "Янис Адамсонс мыйзамсыз түрдө, атайылап Орусиянын жараны жана орус коопсуздук кызматынын мурдагы кызматкери Геннадий Силонов аркылуу жашыруун маалыматтарды чет элдик уюмга, тактап айтканда Орусиянын... Читать дальше...

Казакстанда жүздөгөн мигрант жолдо калды

Azattyk.org 

Казакстанда миграциялык эрежелерди бузган жүздөгөн тажик жана өзбек мигранттары соттун чечимин күтүп, мекенине жете албай убара. Алардын бардыгы убагында каттоодон өткөн эмес. Үйлөрүнө кайтып бараткан мигранттардын паспортторун чек арачылар тартып алып, ишин сотко өткөрүп жиберишкен.

Газа: Элге эвакуация үчүн алты саат берилет

Azattyk.org 

Эл аралык коомчулук анклавды палестиндер башкарышы керек деген позицияны кубаттайт. Газанын ичинде карапайым элдин коопсуз делген тараптарга чыгып кетиши үчүн күнүгө алты саат коридор ачылды. Улуттар Уюму соңку алты күндө 70 миң киши анклавдын түштүгүнө жөө-жалаңдап, күндөп-түндөп качууга мажбур болгонун маалымдады. Бир айдан ашкан согушта эки тараптан 12 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылды.

Жети-Өгүздөгү мөңгүгө БАЭнин негиздөөчүсүнүн ысымы берилди

Azattyk.org 

Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунун Ак-Шыйрак тоо кыркаларындагы № 354 аты жок мөңгүгө Бириккен Араб Эмиратынын негиздөөчүсү Шейх Заед бин Султан Аль Нахайяндын ысымы берилди. Тийиштүү мыйзамга президент Садыр Жапаров 10-ноябрда кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады. Мыйзамды Жогорку Кеңеш 2023-жылдын 5-октябрында кабыл алган. Парламенттин тармактык комитетинде мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин директорунун орун басары Мурат Байдылдаев... Читать дальше...

Эмаком" иши: Ошто да көйгөй чыкты

Azattyk.org 

Израил Газа тилкесин ээлеп алуу ниети жоктугун билдирди. Ошто "Эмаком" курулуш компаниясынан үй алгандар акчасын төлөп бүтсө да батирине ээ боло албай жатканын айтып чыгышты. Сот "Кактус Медиа" басылмасы менен анын журналистин "Вечерний Бишкек" гезитине 600 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирди.

Матроним тууралуу жаңы чечим: балдар энесинин атын фамилияга ала албайт

Azattyk.org 

Кыргызстандын Конституциялык соту документине “атасынын аты” деген сапка апасын жаздырууга жол ачкан матроним тууралуу өз чечимин кайра өзгөрттү. Сот мындай чечимге себеп болгон жагдайлардын бири катары “матчество институтун киргизүүнү коомдун басымдуу бөлүгү терс кабыл алгандыгы" менен да түшүндүргөн. Айрым юристтер болсо укуктук башаламандык жаралганын айтып, Баш мыйзамды одоно бузуу көптөгөн мыйзамсыз көрүнүштөрдү алып келет деп эскертүүдө. Конституциялык 9-ноябрда сот матчество, башкача айтканда... Читать дальше...



Ош шаарында экстремизм-терроризмге шектелип 11 киши кармалды

Azattyk.org 

Ош шаардык милициясы ири куралдуу каракчылыкка жана экстремизм-терроризмге шектелип 11 киши кармалганын бүгүн, 10-ноябрда кабарлады. Алардын 9у убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Алардын үчөө мурда каракчылык жана террордук ишке көмөктөшүүгө шектүү катары издөөдө болгон. Кармалгандардын үйлөрүнөн куралдар, жарылуучу заттар, бронежилеттер жана ок-дарылар, араб тилиндеги китептер, дисктер алынган. Ош милициясы шектүүлөрдү кармоо учурундагы жана алардын үйүнөн табылган курал-жарактардын видео, сүрөттөрүн жарыялады. Читать дальше...

Баткен: Көмүр бизнесиндеги текшерүүнүн жыйынтыгы жарыяланды

Azattyk.org 

Баткенден коңшу өлкөлөргө мыйзамсыз көмүр бизнесин уюштурган топ боюнча жүргүзүлгөн териштирүүнүн натыйжасында мамлекеттик бюджетке 11 ишканадан 87 миллион сомдон ашуун каражат кайтарылганын бүгүн 10-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын так суммасын аныктоо үчүн Сүлүктү шаарынын аймагында көмүр казуу жана экспорттоо менен алектенген 29 ишкананын соңку алты жылдагы экономикалык ишмердүүлүгү, салык төлөөлөрү боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Читать дальше...

ЦАХАЛ Газа тилкесинде алты сааттык тыныгуу жарыялады

Azattyk.org 

Израилдин армиясы 10-ноябрда Газа тилкесиндеги чабуулдарда алты сааттык тыныгуу жарыялады. Бул убакыт аралыгында Салах аль-Дин көчөсүндө эваукациялык коридор ачылат. Ал аркылуу карапайым тургундар Газа тилкесинин түштүгүнө чыгып кете алат. Коридор жергиликтүү убакыт боюнча 10:00-16:00гө чейин ачык болот. Бириккен Улуттар Уюмунун жана Израил өкмөтүнүн маалыматына ылайык, соңку күндөрү Газа тилкесинин түндүгүндө жашаган он миңдеген жайкын тургун түштүккө чыгып кетишти. Израил элге коопсуз жерлерге... Читать дальше...

Эмилбек Абдыкадыров Ысык-Көл облусуна жетекчи болуп барды

Azattyk.org 

Ысык-Көл облусунда жетекчилик алмашты. Бүгүн 10-ноябрда президенттин жарлыгы менен анын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Эмилбек Абдыкадыров дайындалды. Абдыкадыров 2022-жылдын февралынан бери Бишкек шаарынын мэри болуп иштеп келип, өткөн аптада бошотулган. Облустун буга чейинки жетекчиси Илияз Иманбетов бул кызматта былтыр 28-сентябрдан бери иштеди. 65 жаштагы Абдыкадыров 2021-жылы №21 Талас шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон. Ал 2020-жылы Ат-Башыдагы... Читать дальше...

Мурдагы күйөөсүнөн зомбулук көргөн Асел азыркы абалы тууралуу жазды

Azattyk.org 

Мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кескилеп салган 36 жаштагы Асел Ногойбаева ооруканадан үйүнө чыгып баргандан кийинки абалы тууралуу биринчи жолу жазды. Ал балдары, жакындары жанында экенин белгилеп, акыркы абалын, окуяны кабыл алуу оор болуп жатканын белгилеген. Бирок балдары, алардын келечеги жөнүндө ойлонгондо кайратына келип, ишеними артып калганын айткан. "Келечекте эки баламдын бой жетип, билимдүү болгонун элестетем. Операциялар менин мурдагы келбетимди калыбына келтирет деп ишенем. Ошондо балдарымдын бутүрүү кечелерине катышам. Читать дальше...

Орусиянын Мусулмандар дин башкармалыгы мигрантофобия боюнча тынчсыздануусун билдирди

Azattyk.org 

Орусиянын Мусулмандар дин башкармалыгы өлкөдө күч алган мигрантофобия маселеси боюнча тынчсызданууда. Бул тууралуу аталган уюмдун башчысы Альбир Крганов «Улуттук негизде жаралган провокацияларга каршы туруудагы жарандык коомдун» ролу деген аталыштагы жыйында билдирди. Анын айтымында, өлкөдө соңку кездери атайылап мигранттарга каршы маанайды жаратып, улуттук кастыкты козутуу күч алды. "Биз мигранттарга каршы маанай бул өлкөнүн жарандары болгон мусулмандарга өтүп кетет деп тынчсыздануудабыз. Анда... Читать дальше...

ИЛИМ: Чыгыш таануучу сейрек адис Марстан түшүп келбейт

Azattyk.org 

Ар жылы БУУ жана ЮНЕСКО 10-ноябрда “Тынчтыкты жана өнүгүүнү көздөгөн илимдин эл аралык күнүн” салтанаттуу белгилейт. Дал ушул окуяга карата Кыргызстандагы чыгыш таануу адистерин даярдоо көйгөйлөрү тууралуу тарыхчы Т.Чоротегин жазган блог.   Бул күндү кыскача эл аралык илим күнү деп атап келебиз. Анын толугураак аталышы – “Тынчтыкты жана өнүгүүнү көздөгөн илимдин эл аралык күнү” (World Science Day for Peace and Development). Айрым замандаштарыбыз жыл сайын ЮНЕСКОнун колдоосу астында өткөрүлүп... Читать дальше...

Казакстан менен Кытайдын ортосунда визасыз режим күчүнө кирди

Azattyk.org 

Казакстан менен Кытайдан ортосунда визасыз режим 10-ноябрда күчүнө кирди. Бул күндөн тартып казакстандыктар Кытайда, ал эми кытайлыктар Казакстанда чек арадан кирген күндөн тартып 30 күндөн ашпаган мөөнөттө (жалпысынан 180 күндүн ичинде 90 күн) визасыз жүрө алышат. Казакстандын Ички иштер министрлиги мурдараак билдиргендей, визасыз жүргөндөр иштегенге, окуганга жана башка ишмердик жүргүзүүгө укуктуу болбойт. Казакстандын авиациялык бийлиги Алматы - Бээжин, Астана - Бээжин, Алматы - Үрүмчү жана... Читать дальше...

Садыр Жапаров илимий изилдөөлөр иш жүзүндө колдонулууга тийиш экенин белгиледи

Azattyk.org 

Кыргызстандын окумуштууларынын илимий иштеринин жыйынтыктары менен натыйжалары иш жүзүндө колдонулууга тийиш. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун бүгүн, 10-ноябрь окумуштуулар менен илим ишмерлерин кесиптик майрамы, Илим күнүнө карата куттуктоо сөзүндө айтылат. Ал илимдин өнүгүү деңгээли – коомдун өнүгүшүнүн негизги көрсөткүчтөрүнүн бири экенин белгилеген. Өлкө экономикасынын өнүгүшүндө илим тармагынын орду жана ролу чоң экенин кошумчалаган. "Илимдин кадыр-баркын арттырып, илимий кадрларды күчтөөнү камсыздап... Читать дальше...

Абак күндөлүгү: Жарандык коом биздин коомго абадай керек

Azattyk.org 

Олжобай Шакир - жазуучу, публицист жана коомдук ишмер, жарандык активист. Учурда УКМКнын тергөө абагында отурат. Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) менен кылмыш иши козголгон. Ал өзүнө тагылган айыпты четке каккан. Олжобай Шакир абактан жазган жаңы катын адвокаты аркылуу берип жиберген. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.  Жакынкы күндөрдүн биринде сот ишим кайрадан уланат. Өз идеямды, өз пикиримди коргошум керек. Сот кандай чечим чыгарбасын, мен өз идеям үчүн кандай шартта болбосун күрөшөм. Читать дальше...

"Мыйзамга туура келбеген чечим". "Кактус медиа" айыпка жыгылды

Azattyk.org 

Жогорку Сот “Вечерний Бишкек” гезити менен Kaktus.media басылмасынын талашына чекит коюп, сайт менен анын кызматкерине баш-аягы 600 миң сом айып салды. Бул жалпыга маалымдоо каражаты Кыргызстанда азыркы бийликтин тушунда көп суммадагы акчалай доого жыгылган биринчи окуя болуп калды. Буга чейин өлкөдө саясатчылар, президенттер журналисттер менен соттошкон учурлар болгон. Бирок акыркы жылдары медиалар ортосунда соттошуулар кадыресе көрүнөшкө айланып баратат. Жогорку Соттун чечими 10-ноябрда Жогорку... Читать дальше...

Аянтчадан жоголгон кыз боюнча иш "Адам уурдоо" беренеси менен тергелүүдө

Azattyk.org 

Башка бирөөнүн наристесин оюн аянтчасынан алып чыгып кеткендер боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Адам уурдоо” беренесинин негизинде иш козголуп, тергөө жүрүп жатканын бүгүн 10-ноябрда шаардык милиция билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, кылмышка шектелип 25 жаштагы келин жана 13 жаштагы бала аныкталып, милиция бөлүмүнө жеткирилди. Окуя 9-ноябрда болгону, үч жашар кызын "Аламүдүн Гранддагы" оюн аянтчасынан жоготуп алганын аяткан аял Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына кайрылганы, милиция дароо чара көрүп... Читать дальше...

Төө-Ашууда жүк ташыган машинелерге киргизилген чектөө алынды

Azattyk.org 

Бишкек-Ош жолундагы “Арал”, "Сосновка" өткөрмө бекетинде оор жүк ташуучу автоунааларга киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Мекеме Бишкек - Ош автоунаа жолунда кырдаал туруктуу, жол ачык экенин билдирди. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги ашууларды кар басканын белгилеп, алыс жолго чыга турган айдоочуларга унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууну эскертүүдө. "10-ноябрга карата өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда автоунаа кыймылына чектөө жок, жол ачык. Читать дальше...

Казакстанда мурдагы министр аялынын өлүмүнө шектелип кармалды

Azattyk.org 

Казакстанда мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаев кармалды. Бул тууралуу 10-ноябрда ички иштер министринин орун басары Сакен Сарсенов журналисттерге билдирди. “Ал кармалды. Азыр тергөө амалдары жүрүп жатат”, - деген Сарсенов кошумча маалымат кийин берилерин айтты. 9-ноябрдын кечинде бир катар жергиликтүү маалымат каражаттары өз булактарына таянып, мурдагы министр Куандык Бишимбаев аялынын өлүмүнө шектелип кармалганын жазышкан. Маалыматка караганда, Астанадагы ресторандардын биринде экс-министр... Читать дальше...

УКМК Сириядагы аскердик операцияларга катышкан кыргызстандык кармалганын билдирди

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) чет мамлекеттин аймагындагы согуш жана террордук аракеттерге катышуу фактысы боюнча Т.Х. аттуу Кыргызстандын жараны кармалганын билдирди. Атайын кызмат тараткан маалыматта, 8-ноябрь күнү кармалган шектүү 28 жашта, Жалал-Абад облусунун тургуну. “Аны 2015-жылдын аягында Москва шаарында иштеп жүргөндө “Катиба аль-Таухид валь-Жихад” эл аралык террордук уюмунун мүчөлөрү жалдап, Сирияга жеткиришкен. Ал жактан диверсиялык-террористтик даярдыктан өтүп... Читать дальше...

Кытай түрмөсүндөгү кыргыз жарандарын мекенине которуу маселеси көтөрүлдү

Azattyk.org 

Кытайдын түрмөлөрүндө жазасын өтөп жаткан кыргызстандыктарды мекенине которуу маселеси көтөрүлгөнүн 9-ноябрда Башкы прокуратура билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы маалымдагандай, башкы прокурор Курманкул Зулушевдин Кытайдын Сиан шаарындагы иш сапары уланууда. Зулушев Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) башкы прокурорлорунун жыйынына катышып, бир катар жолугушууларды өткөрдү. Кытайдын башкы прокурору Ин Юн менен жолугушууда ортодогу кызматташтыкты бекемдөө, тажрыйба алмашуу, биргелешкен окутууларды уюштуруу... Читать дальше...

11-ноябрдын аба ырайы

Azattyk.org 

11-ноябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан, кар жаайт, тоолуу аймактарда да кар жаайт. Күндүз өлкө аймагында жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 0...+5, күндүз 14…19; Талас жергесинде түнкүсүн -3...+2, күндүз 13…18; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4...+1, күндүз 5...10; Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 3…8; Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 1...3... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *