Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

Новости за 13.11.2023

БУУ күйүүчү май берилбесе, Газадагы иши токтошу мүмкүн экенин эскертти

Azattyk.org 

БУУнун Палестин качкындары боюнча агенттиги күйүчү май тартыш болуп жаткандыктан, Газадагы иши токтоп калышы мүмкүн экенин дүйшөмбү күнү эскертти. “Газага күйүүчү май жеткирүүгө уруксат берилбесе, гуманитардык операциялар 48 сааттын ичинде үзгүлтүккө учурашы ыктымал”, - деп жазды агенттиктин Газадагы директору Томас Уйат Х (мурдагы Твиттер) социалдык түйүнгө. Израил менен ХАМАСтын (АКШ жана Еврошаркет террордук уюм деп тааныган) согушу курчуганы блокадада калган тилкеде гуманитардык абал күндөн күнгө начарлап баратат. Читать дальше...

Эне тил: Жылдыз көппү, же кыргыз диалекти көппү?

Azattyk.org 

Кыргыз улутунун ар кыл диаспоралары бар. Алардын санына гана кызыкпастан, диалекттик өзгөчөлүктөрүн да кадырлашыбыз абзел. Тарыхчынын блогу.   Маркум публицист Токтобай Мүлкүбатов агабыз шарт сүйлөгөн, тамашакөй киши эле. Ал тээ 1980-жылдардын этегинде, “Кайра куруулар” доорунда, өз элинин көңүлүн көтөрүү үчүн “жылдыз көппү, кыргыз көппү” деген ураан астында макалалар жайнап чыккан кезеңде “Индияда эки миллиондой кыргыз бар экен” деп жазып чыккан эле. Бир ирет ага жолугуп калганымда: “Байке... Читать дальше...

Пакистан оогандык мигранттар үчүн дагы үч чек ара пунктун ачты

Azattyk.org 

Исламабад оогандык мигранттардын мекенине кайтуусун жеңилдетүү максатында кошумча үч чек ара пунктун ачты. Пакистандын маалымат каражаттары 13-ноябрда билдиргендей, өткөөлдөр Балучистан, Брабчех жана Нурбах деген жерлерде иштей баштады. Исламабад өкмөтү өткөн айда 1-ноябрга чейин мыйзамсыз жүргөн мигранттар өлкөдөн чыгып кетүүгө тийиш деп эскерткенден кийин 300 миңден ашуун оогандык полициядан жана депортациядан чочулап мекенине кайтты. Маалыматтарга караганда, Пакистанда 1,7 миллион оогандык жаран тиешелүү уруксат кагаздары жок жүрөт. Читать дальше...

Мадумаровдун жээни Элмурат Калыбеков УКМКга сурак берип чыкты

Azattyk.org 

13-ноябрда абактагы оппозициялык саясатчы, Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун жээни Элмурат Калыбеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Башкы тергөө башкармалыгына күбө катары сурак берип чыкты. Ал “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Замирбек Шамшидин уулунун ишине байланыштуу эки сааттан ашык суралганын “Азаттыкка” өзү айтты. “Бишкек шаардык сотунда 13-сентябрда Адахан Мадумаровдун биринчи соту болгон. Ошол жерде Замирбек Шамшидин уулу сүйлөгөн сөздөр боюнча күбө катары суралдым. Читать дальше...

Кыргызстанда кызылча илдети жайылууда

Azattyk.org 

Газа тилкесиндеги ири "аш-Шифа" ооруканасы аба соккуларынан катуу жабыркады. Израил армиясы анын алдында согушкерлер жашынып жатканын билдирди. Радикал топ менен оорукананын жамааты аны четке какты. Абактагы оппозициялык саясатчы Мадумаровдун абалы начар экенин адвокаты билдирди. Бул арада УКМКга анын жээни Элмурат Калыбеков жана журналист Канышай Мамыркулова суракка чакыртылды. "Айчүрөк" соода борборунун ээси Анвар Габбазовго эл аралык издөө жарыяланды. УКМК аны кримтөбөл Камчы Көлбаев менен финансылык кызматташтык түзгөн деп айыптап жатат.

Каракалпак активисти Юлдашева Актөбө шаарындагы СИЗОдон чыкты

Azattyk.org 

13- ноябрда каракалпакстандык активист Тлеубике Юлдашева Казакстандын Актөбө шаарындагы СИЗОдон чыкты. Ташкент бийлигинин өтүнүчү менен кармалган активист бир жылдай тергөө абагында отурду. Чыккандан кийин ал казак бийлигинен өзүн Өзбекстанга өткөрбөөнү өтүндү. “Өзбекстанда мени кыйноо менен ыдык күтөт. (Казакстан) бийлигин кийлигишүүнү, качкын макамын берүүнү сурайм”, - деп айтты “Азаттыктын” кабарчысына Юлдашева. СИЗОдон чыккан активистти миграциялык полицияга жеткиришти. Маалыматка караганда... Читать дальше...

Газа: "Ал-Шифа" ооруканасында абал оор

Azattyk.org 

Израил медициналык комплекстин ичине жана астына командалык пунктту жашырган деп АКШ менен Европада террордук уюм таанылган ХАМАСты айыптаган. Радикал топ менен оорукананын жамааты аны четке каккан. Эл аралык уюмдар Аш-Шифа менен жекшембиде байланыш таптакыр үзүлүп, бир күндөн кийин жанданганын билдирди. Бир айдан ашуун согуш жүрүп жаткан жердеги кырдаалга Гүлайым Ашакеева токтолот.



Атайын кызмат Бишкекте чет элдиктерге интимдик кызмат көрсөткөн жайды тапты

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) чет элдик жарандарга интимдик кызмат көрсөтүүгө адистешкен кылмыштуу топтун ишмердигин аныктап, бөгөт койгонун билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, бул топ расмий түрдө үйлөнүү үлпөт салонун уюштуруп, чындыгында ал жерде чет өлкөлүк жарандар үчүн интимдик кызмат көрсөтүлүп жүргөнү аныкталды. Ошондой эле жаш кыздарды официант катары ишке чакырып, бирок түрдүү шылтоолор - коркутуу, шантаж жана акчага азгырып, сойкулукка тартууга аракет кылышкан. Читать дальше...

Сириядагы лагерлерде өзбекстандык 200дөй бала менен аял отурат

Azattyk.org 

ЮНИСЕФтин Өзбекстандагы өкүлчүлүгүнүн мурдагы жетекчиси Мунир Мамедзаде Сириядагы лагерлерде өзбекстандык 200дөй бала менен аял мекенине кайтууну күтүп жатканын билдирди. Gazeta.uz сайтына берген интервьюда ал ЮНИСЕФ расмий Ташкент Сириядагы согушкерлердин аялдары менен балдарын "кырдаалдын курмандыгы" деп тааныганын кубаттарын айтты. Өзбекстандагы ишин жыйынтыктап жаткан Мамедзаде буга чейин аларды кайтарып келүү боюнча беш өнөктүк жүргөнүн, калгандары да мекенине алынып келерине үмүттөнүп турганын кошумчалады. Читать дальше...

Ошто карактоого шек саналып кармалган тогуз адам эки айга камалды

Azattyk.org 

Ош шаарында куралдуу карактоого жана экстремизм, терроризмге шек саналып кармалган тогуз адамдын бөгөт чарасы 11-ноябрда каралып, эки айга камакка алынды. Кармалгандардын экөө аялдар.  Ош шаардык милициясынын маалыматына караганда, бул кылмыштуу топтун мурда жасалган жана даярдалып жаткан 29 кылмыш иши аныкталып, аларга тиешелүү жарандарга издөө жарыяланган. Камакка алынгандардын арасында коңшу өлкөлөрдүн жарандары да бар. 9-ноябрда атайын операциянын жүрүшүндө Ошто экстремизм-терроризмге шек саналып 11 адам кармалган. Читать дальше...

Израил 7-октябрдагы кол салуудан каза тапкандардын расмий эсебин кайра карап чыкты

Azattyk.org 

Израилдин Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы 7-октябрда ХАМАС радикал тобу өлкөнүн түштүгүнө кол салганда 1200дөй киши каза тапканын 10-ноябрда билдирди. Бул тууралуу "Рейтерс" жазды. Буга чейин Израилдин өкмөтү 1400 деген расмий санды берип келген. ХАМАС АКШ жана Еврошаркетте террордук уюм деп таанылган. Лиор Хайаттын жазуу түрүндө жасалган билдирүүсүндө айтылгандай, “7-октябрдагы кыргында набыт болгондордун расмий саны 1200дүн айланасында”. Хайат бул сан 9-ноябрда кайра каралып чыкканын белгилеп, анын себебин ачыктаган жок. Читать дальше...

Ишкерлерди текшерүүгө киргизилген мораторийди узартуу сунушталды

Azattyk.org 

Экономика жана коммерция министрлиги ишкерлерди текшерүүгө киргизилген мораторийди дагы бир жылга узартууну сунушун берди. Министрлик иштеп чыккан долбоор 13-ноябрда коомдук талкууга коюлду. Анда кылмыш иши козголгон, ишкерлерге каршы арыз жазылган, башка өлкөлөрдүн мамлекеттик органдары суроо-талап кылган учурларды кошпогондо бизнести текшерүүгө 2024-жылы убактылуу тыюу салуу сунушу жазылган. Былтыр 21-ноябрда президент Садыр Жапаров ишкерлерди 2023-жылы текшерүүгө убактылуу тыюу салуу жөнүндө жарлыкка кол койгон. Читать дальше...

УКМК Мадумаровдун жээнин, досун жана журналистти суракка чакырды

Azattyk.org 

13-ноябрда УКМК тергөө абагында отурган, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Замирбек Шамшидин уулунун иши боюнча үч кишини суракка чакырды. Абактагы оппозициялык саясатчы, Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун карачечекей жээни Элмурат Калыбеков, досу Токтосун Барманов жана эркин журналист Канышай Мамыркулова атайын кызматка кирип чыкты. УКМК сурактын чоо-жайы жөнүндө комментарий бере элек. 21-сентябрда кармалган Замирбек Шамшидин уулуна алгач Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен... Читать дальше...

Сицилияда Этна жанар тоосу атыла баштады

Azattyk.org 

Сицилияда Европадагы эң чоң Этна вулканы атыла баштады. Италиянын жанар тоолорду изилдеген институту лава түштүк-чыгыш тарабындагы кратерден атылганын маалымдады. Күл аралаш чаң, кум деңизден 4 жарым миң метр бийиктикке көтөрүлдү. Жанар тоодон атылган күл аралдын чыгышында, Катания-Мессина кан жолуна жакын жердеги Ачиреале шаарына жакын жерге, тоо этектерине чейин жеткени катталды. Вулканологдордун маалыматтары боюнча, Этнанын азыркы активдүүлүгү Сицилиянын Катания аэропортунун ишине таасир этпейт. Читать дальше...

Журналист Мамыркулова УКМКда күбө катары сурак берип чыкты

Azattyk.org 

13-ноябрда журналист Канышай Мамыркулова Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Башкы тергөө башкармалыгында күбө катары сурак берип чыкты. Ал “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Замирбек Шамшидин уулунун ишине байланыштуу суралганын айтты. “Тиешелүү кагаздарга кол коюп бердим. Баарын тең ачыктаганга болбойт. Түз айтканда менин кесиптик ишмердигиме байланышы жок. Суроолорго мыйзамдын алкагында жооп бердим”, - деди ал. УКМК сурак боюнча комментарий бере элек. Читать дальше...

"Энелер лигасы" волейбол турнири аялдарды зомбулуктан коргоого арналды

Azattyk.org 

Бишкекте волейбол боюнча "Энелер лигасынын" кезектеги турнири өттү. 12-ноябрда "Бактылуу болууга укугубуз бар” урааны менен өткөн спорттук иш-чара бул жолу «Аялдарга карата зомбулукка каршы 16 күн» глобалдык акциясы алкагында Зомбулукту алдын алуунун эл аралык күнүнө карата уюштурулду. Республиканын бардык аймактарынан келген 25+, 35+ жана 50+ жаш категорияларындагы аялдардан турган 70тен ашык команданын арасындагы таймаш Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин имаратында өттү. Читать дальше...

Таштандыдан табылган ымыркайдын туугандары изделип жатат

Azattyk.org 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги бир нече күн мурун таштанды челектен табылган ымыркайдын жакындары изделип жатканын билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, социалдык кызматкерлер №1 төрөт үйүнө барып, наристенин абалы менен таанышты. Маалымат кызматы учурда балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу жана анын асыроочуларын дайындоо максатында биологиялык туугандары изделип жатканын кабарлады. Ага ылайык, эгер баланын биологиялык жакындары табылбаса же асыроочу болуудан баш тартса... Читать дальше...

АКШ Сириянын түштүк-чыгышындагы иранчыл топторго сокку урду

Azattyk.org 

Кошмо Штаттар Сириянын түштүк-чыгышындагы иранчыл топторго сокку урганын Пентагондун башчысы Ллойд Остин билдирди. Маалыматка караганда, бутага Ирандын Революция сакчылары корпусунун жана аны менен байланыштагы куралдуу кошуундардын Иракка жакын жердеги жайлары алынды. Рейтер агенттиги Остинге шилтеме менен бул – Сирия менен Ирактагы америкалык аскерлерге багытталган бир нече чабуулга жооп иретинде көрүлгөн чара болгонун маалымдады. Соккунун кесепети тууралуу кабар чыга элек. АКШнын коргоо... Читать дальше...

Сокулук: Окуучу бомба тууралуу жалган маалымат тараткан деп шектелүүдө

Azattyk.org 

Сокулукта окуучу бала өзү окуган мектепке бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат тараткан деп шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн 13-ноябрда Чүй облустук милициясынан билдиришти. Мекеменин маалыматына караганда, окуя бүгүн Сокулук айылындагы №1 мектепте болду – эртең мененки саат 08:25те райондук милициянын нөөмөт бөлүмүнө бул окуу жайга бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөндүктөн имарат дароо курчоого алынып, окуучулар менен мугалимдер эвакуацияланган. Ыкчам териштирүү жүргүзүлүп, ошол мектепте... Читать дальше...

Фейсбук колдонуучусу башаламандыкка чакырган деген шек менен кармалды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кыргызстанда 19-ноябрда массалык баш аламандык уюштурууга чакырган деген шек менен Фейсбуктун колдонуучусу кармалганын маалымдады. Атайын кызмат иш Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандык” беренеси менен козголгонун, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Фейсбукта Адис Жумгалов деген аккаунттун колдонуучусу – 1980-жылы туулган адам (М.А.Р.) кармалганын билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, ал баракчасына массалык башаламандыкка жана... Читать дальше...

Газада ооруканадан чыга албай калгандар Израилдин маалыматын четке какты

Azattyk.org 

Газанын саламаттык сактоо мекемесинин өкүлдөрү жана Ал-Шифа ооруканасынан чыга албай калгандар Израилдин балдар жана башка жабыркагандар эвакуацияланып жатат деген сөздөрүн четке какты. Алардын айтымында, ооруканага жакын жерде кармаштар уланууда, эң зарыл нерселер түгөнүп баратат, электр энергиясы жок. 11-ноябрда Израил армиясынын өкүлү Даниел Хагари оорукананын чыгыш тарабы бейтапканадан чыгып кетүүнү каалаган газалыктар үчүн ачык экенин, жекшемби күнү ымыркайлар коопсуз жайга жеткирилерин билдирген. Читать дальше...

"Дартты боордун 80% жарабай калганда билдик". Альвеококкоз, эхинококкоз көбөйдү

Azattyk.org 

Дарыгерлер Кыргызстанда жугуштуу эхинококкоз жана альвеококкоз оорулары көп катталып, эпидемиологиялык кырдаал курчуп жатканын эскертүүдө. Жыл сайын бул илдеттерге чалдыккандардын саны 1500гө чукулдайт. Адистер оорунун алдын алуу кыйын болуп жатканын да белгилеп жатышат. Ветеринарлар жугуштуу илдет менен күрөштү күчөтүү үчүн кайрадан улуттук программа киргизүү керектигин айтып чыкты. Оору үй жаныбарларынан жугат жана анын белгилери илдет өтүшүп кеткенде гана билине баштайт. "Альвеококкоз көп... Читать дальше...

Абактагы Жээнбеков саясий куугунтук күчөгөнүн айтты

Azattyk.org 

Кемпир-Абад иши боюнча Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков кат аркылуу коомчулукка кайрылып, Кыргызстанда жакырчылык, жумушсуздук көбөйүп, ишкерлер кысымга кабылып жатканын билдирди. Саясатчынын билдирүүсү 13-ноябрда өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды. Ал өлкөдө саясий куугунтук күчөгөнүн айтып, эркин мамлекетте гана жакырчылык жоюлуп, сот адилеттүү болорун, бийлик элге иштеп, жеке менчик корголо турганын жазды. “Бийликтин кемчилигин айткан журналисттер... Читать дальше...

Тергөө абагындагы Мадумаровдун абалы начар экенин адвокаты айтты

Azattyk.org 

13-ноябрда Бишкек шаардык соту 2015-жылдагы Жогорку Кеңешке шайлоодогу каражат маселесине байланыштуу оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун адвокаттарынын апелляциялык арызын карады. Бул тууралуу “Азаттыкка” саясатчынын адвокаты Майрамбек Жумабеков билдирди. Анын сөзүнө караганда, жактоочулар тергөөдөгү далилдерди мыйзамсыз деп таап, жокко чыгарууну сураган. Шаардык сот аны четке какты. Буга чейин Чыңгыз Абдымомунов аттуу адам 2015-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясына 50 миң доллар бергенин айтып... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *