Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

Новости за 07.11.2023

Валиева: Фейктер жалган деген иликтөөлөр бир кезде ырасталат

Azattyk.org 

7-ноябрда Кыргызстанда Маалымат жана басма сөз күнү белгиленди. Быйыл бул күн өлкөдө сөз эркиндигине басым күчөп, жалпыга маалымдоо каражаттарын жана бейөкмөт уюмдарды чектөөгө жол ачары айтылган мыйзам долбоорлору талкууланып жаткан маалга туш келди. Бир катар эл аралык уюмдар да мындай кооптонууларын билдирип, кыргыз бийлигине кайрылуу жолдогон. Бийлик өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин жана аны коргой турганын кайталап келет. Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы тууралуу Жалпыга маалымдоо каражаттарына... Читать дальше...

Газанын коопсуздугуна ким жооптуу?

Azattyk.org 

ХАМАСтын согушкерлери Израилдин шаар-конуштарына чабуул коюп, 1400дөй кишини өлтүрүп, 240тан ашуун адамды барымтага алгандан бери бир ай өттү. Батыш Иерусалимде шам жагып, маркумдарды эскеришти.  Жөөт армиясы Газа тилкесинде соккусун күчөтүп, бутага алынган жерлерге кубаттуу бомбаларды таштап жатканын эл аралык медиа кабарлоодо. 1,5 миллиондой палестин үй-жайын таштап качууга мажбур болду. Толук блокадада калган калктуу анклавда гуманитардык кырдаал өтө курч. Израилде бир ай мурда ХАМАСтын согушкерлеринин... Читать дальше...

Орусия Европадагы куралдуу күчтөрдү чектеген келишимден чыкты

Azattyk.org 

Орусиянын Европадагы куралдуу күчтөрдү чектөө келишиминен чыгуу жараяны 7-ноябрга караган түнү аяктады. Москва бул макулдашууну аткарууну 2007-жылы эле токтоткон. Орусиянын Ички иштер министрлиги "ал биз үчүн толугу менен тарыхта калган" деп билдирди. Мекеме тараткан билдирүүдө азыр курал-жабдыкка көзөмөл орнотуу боюнча “НАТОго мүчө жана ага ыктаган мамлекеттер менен кандайдыр бир келишим түзүү" жөнүндө сүйлөшүү жүргүзүү мүмкүн эмес экени айтылган. Денонсация тууралуу мыйзам долбоорун Орусиянын... Читать дальше...

Эл аралык укук коргоочу уюмдар Дүйшөмбүдөн юрист Холикназаровду бошотууну талап кылышты

Azattyk.org 

Жети эл аралык укук коргоо уюму расмий Дүйшөмбүдөн юрист жана жарандык активист Манучехр Холикназаровдун токтоосуз бошотулушун талап кылды. Тажикстандын Жогорку соту 2022-жылдын соңунда Памир юристтери ассоциациясынын президентин "кылмыштуу топ түзүүгө" жана "экстремисттик уюмдун ишмердигин тескөөгө" айыптап, 16 жылга эркинен ажыраткан. Норвегиянын Хельсинки комитети, Эл аралык мунапыс уюму, Freedom Now, The Observatory, HFHR уюмдарынын жана Укук коргоочуларды коргоо боюнча эл аралык фонддун биргелешкен билдирүүсү 6-ноябрда жарыяланды. Читать дальше...

Израил менен ХАМАСтын согушуна бир ай болду

Azattyk.org 

7-ноябрда ХАМАСтын согушкерлери Израилдин шаар-конуштарына чабуул коюп, 1400дөй кишини өлтүрүп, 240тан ашуун адамды барымтага алгандан бери бир ай өттү. Батыш Иерусалимде израилдиктер шам жагып, маркумдарды эскеришти. Жөөт армиясы Газа тилкесинде соккусун күчөтүп, бутага алынган жерлерге кубаттуу бомбаларды таштап жатканын эл аралык медиа кабарлоодо. Бир жарым миллиондой палестин үй-жайын таштап качууга мажбур болду. Толук блокадада калган анклавда гуманитардык кырдаал өтө курч.

Калык Акы уулунун 140 жылдыгына арналган республикалык айтыш өтөт

Azattyk.org 

Бишкекте Кыргыз ССРнин эл артисти, төкмө акын Калык Акы уулунун 140 жылдык мааракесине арналган төкмө акындардын республикалык айтышы өтөт. Бул тууралуу бүгүн 7-ноябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. Кыргыз улуттук “Манас” театры жана Жумгал райондук мамлекеттик администрациясы менен биргеликте уюштурулуп жаткан айтыштын тандоо туру 15-ноябрда Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында уюштурулат. Ал эми жарым финалдык жана финалдык айтыштар... Читать дальше...

Бишкек кайрадан абасы эң булганган шаарлар катарына кирди

Azattyk.org 

Бишкек шаары күздүн келиши менен кайрадан абасы булганган шаарлардын катарына кире баштады. Бүгүн 7-ноябрда, IQAir эл аралык индексине ылайык, Кыргызстандын борбор калаасы абасы таза эмес 44 өлкөнүн арасынан 7-орунду ээледи. Бишкектин алдында Индиянын борбору Дели жана Пакистандын Лахор шаары “кооптуу” деген деңгээлде, ал эми Пакистандын Карачи, Индиянын Колката, Бангладештин Дакка шаарлары жана Өзбекстандын борбору Ташкент Бишкек сыяктуу “зыян” деген деңгээлде турушат. Жаратылыш ресурстары,... Читать дальше...

Зеленский: Азыр президенттик шайлоо өткөрчү маал эмес

Azattyk.org 

Израил бир ай мурун ХАМАСтын согушкерлеринин кандуу чабуулунда набыт болгон маркумдарды эскерүүдө. Израил армиясы тынбай сокку уруп жаткан аймакта кырдаал курч. Кыргызстанда “Күч эркиндикте” деп аталган онлайн акция жүрүп жатат. Лондондогу Кортолд Галлериде искусство менен илим айкалышкан жаңы долбоор ишке кирди.



Орусияда 100 өзбекстандыктын паспортун тартып алып, акысыз иштөөгө мажбурлашкан

Azattyk.org 

Орусияда 100дөн ашуун өзбекстандыктын паспортун тартып алып, акысыз иштөөгө мажбурлашкан. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин алдындагы "Дунё" маалымат агенттиги жазды. Маалыматка караганда, Өзбекстандын Екатеринбургдагы башкы консулдугу Чет жактагы эмгек миграциясы агенттиги менен биргеликте Урал федералдык аймагында күчтөп иштетилген жарандардын мекенине кайтуусуна көмөктөшкөн. Өзбекстандын бир нече жараны Екатеринбургдагы консулдукка кайрылып, Свердлов облусундагы канаттуулар фабрикасынын жетекчилигине каршы арызданышкан. Читать дальше...

Евробиримдик, Британия жана АКШ орус күчтөрүнүн грузиялык жай тургунду атып өлтүрүшүн айыпташты

Azattyk.org 

Евробиримдик, Британия жана АКШ орус күчтөрүнүн Түштүк Осетияга жакын жерде грузиялык жайкын тургунду атып өлтүрүшүн айыптап, Москваны бул аймакта мыйзамсыз жүргөн аскерлерин чыгарып кетүүгө дагы бир жолу чакырышты. Грузиянын Мамлекеттик коопсуздук кызматы билдиргендей, окуя 6-ноябрда болгон. Орус-грузин согушунан кийин бир тараптуу өз алдынчалык жарыялап алган Түштүк Осетияда чек араны кайтарып жаткан орус аскерлери грузин жаранын кармоого аракет кылып, ага карай ок атышкан. Мүрт кеткен 56 жаштагы... Читать дальше...

Казакстан: шахтада набыт болгон 46-кенчинин сөөгүнүн калдыктары табылды

Azattyk.org 

Казакстандын Караганды облусунун акимчилиги шахтадагы кырсыкта каза болгон дагы бир адамдын сөөгүнүн калдыктары табылганын 7-ноябрда билдирди. Маалыматка караганда, калдыктар Александр Прокудин аттуу жумушчуга таандык. Жалпысынан набыт болгондордун саны 46га жетти. Жакында эле тек-жайы аныкталган беш кенчинин сөөгү жерге берилди. Костенко шахтасындагы 28-октябрга караган түнү жарылуу болгон. Кырсык учурунда жер астында 252 кенчи болгону, алардын 206сы өз алдынча чыгып кеткени кабарланган. Калгандары сыртка чыга албай калган. Читать дальше...

Дагестанда ички иштер министринин орун басары кармалды

Azattyk.org 

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы Дагестан жумуриятынын ички иштер министринин орун басары, тергөө башкармалыгынын жетекчиси Руфат Исмаиловду кармады. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды. РИА Новости агенттиги өз булактарына таянып жазгандай, Исмаилов пара алууга шек саналууда. Бул тууралуу Mash Телеграм-каналы дагы кабарлады. Учурда аткаминердин үйүндө жана иш кеңсесинде тинтүү иштери жүрүүдө. "Дагестандын жаштары" басылмасы тартип коргоо органдарындагы булактарына таянып, тинтүүлөр бир... Читать дальше...

Бишкек: Алгачкы электробустардын келиши кийинки жылга калды

Azattyk.org 

Бишкекке алгачкы электробустар келерки жылдын башында келерин “Азаттыкка” борбор калаанын вице-мэри Максатбек Сазыкулов билдирди. Анын айтымында, коомдук автоунаанын бул түрүнөн 120сы сатылып алынды: “120 электробус эмдиги жылы 1-2-кварталда келип калат. Электр энергиясы менен жүрүүчү бул автобустар өтө ыңгайлуу. Троллейбустай сапаты жакшы, ага караганда мобилдүү. Бир заряд менен 300 чакырымга чейин жүрө алат”. Бишкек Азия өнүктүрүү банкынан 50 миллион доллар насыяга электр менен жүрүүчү 350... Читать дальше...

"Чекисттер кошо барган". Каримованын мурдагы күйөөсү Гонконгдо кармалды

Azattyk.org 

Гонконгдун полициясы Өзбекстандын экс-президенти, маркум Ислам Каримовдун тун кызы, ушу тапта абакта отурган Гүлнара Каримованын мурдагы жарандык күйөөсү Рустам Мадумаровду кармады. Бул тууралуу "Азаттыктын" өзбек кызматы -"Озодлик" радиосу жазды. Маалыматка караганда, аны Өзбекстандын коопсуздук комитети Каримова атасы бийликте турганда чет жакка чыгарып кеткен акчаны кайра кайтаруу ишинде колдонуп келген. Рустам Мадумаров алгач 2014-жылы кармалган. Өзбекстандын Башкы прокуратурасы аны "уюшкан кылмыштуу топтун" башчысы деп жарыялаган. Читать дальше...

Милиция өспүрүмдөр арасында кооптуу оюн жайылып жатканын билдирди

Azattyk.org 

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы ата-энелерди коңшу Казакстанда өспүрүмдөр арасында кооптуу оюн жайылып жатканы тууралуу эскертти. Мекеменин басма сөз кызматы бүгүн 7-ноябрда билдиргендей, Казакстандын Костанай облусунда окуучу бала жолдо бараткан машинанын астынан чуркап чыккан окуя катталды. Буга баланы ушундай кооптуу кадамга түрткөн оюн себеп болушу ыктымал экени белгиленди. Ылдамдыкта келаткан машинанын алдынан кокусунан чуркап чыгып... Читать дальше...

Репрессияланып, сөөгү табылбай калган Орозбеков

Azattyk.org 

Абдыкадыр Орозбеков – сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлердин бири. Бирок 1938-жылы жазаланган Орозбеков кандай шартта өлтүрүлүп, сөөгү кайсы жерге жашырылганы али күнчө тарыхый документтер менен тактала элек.

“Медиа Полиси” уюму Kaktus.media басылмасына каршы арыздын өзү мыйзамсыз экенин белгиледи

Azattyk.org 

“Медиа Полиси Институту” уюму Kaktus.media басылмасына коюлуп жаткан айыптын өзү мыйзамсыз болгондуктан сотто ал четке кагылышы керек деп эсептейт. Бүгүн 7-ноябрда жарыялаган билдирүүсүндө уюм, биринчиден, юридикалык жак моралдык зыян тартышы мүмкүн эместигин, экинчиден, доогер тарап басылма жалган маалымат жарыялаганын далилдеп бере албагандыгын белгиледи. “Кыргызстандын мыйзамдарына жана эл аралык стандарттарга ылайык, эгер маалымат чындыкка дал келгени анык болсо, аны четке кагуу тууралуу талап канааттандырылышы мүмкүн эмес. Читать дальше...

Гутерриш Газа тилкеси "балдар көрүстөнүнө айланганын" билдирди

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш кезектеги жолу Газа тилкесинде ок атышууну дароо токтотууга чакырып, аймак "балдар көрүстөнүнө айланып баратканын" билдирди. "Күнүгө жүздөгөн балдар-кыздар набыт болуп же жараат алганы тууралуу кабарланууда. Төрт апта ичинде соңку отуз жылдагы башка жаңжалдарга салыштырмалуу көп журналист мүрт кетти", - деди баш катчы. Ал Газа тилкесине генераторлор үчүн күйүүчү май киргизүү зарыл экенин кошумчалады. Азырынча Израил бийлиги күйүүчү майды аталган аймакка киргизүүгө уруксат бере элек. Читать дальше...

Гуттериш Газа тилкеси "балдар көрүстөнүнө айланганын" билдирди

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гуттериш кезектеги жолу Газа тилкесинде ок атышууну дароо токтотууга чакырып, аймак "балдар көрүстөнүнө айланып баратканын" билдирди. "Күнүгө жүздөгөн балдар-кыздар набыт болуп же жараат алганы тууралуу кабарланууда. Төрт апта ичинде соңку отуз жылдагы башка жаңжалдарга салыштырмалуу көп журналист мүрт кетти", - деди баш катчы. Ал Газа тилкесине генераторлор үчүн күйүүчү май киргизүү зарыл экенин кошумчалады. Азырынча Израил бийлиги күйүүчү майды аталган аймакка киргизүүгө уруксат бере элек. Читать дальше...

Орусияга жөнөтүлгөн кооптуу жүк. Маңзат катылган дарбыз

Azattyk.org 

Чүйдүн Аламүдүн районунун Лебединовка айылы. Курулушу жарым-жартылай бүткөн үйдө Рахат Айдаркулова эки баласы менен турат. 17 жыл мурун баш кошкон күйөөсү Дамир Шайдинов беш ай мурун Казакстандын Павлодар шаарында маңзат менен кармалып, тергөө абагына камалган. "Бул үйдү 10 жылдан бери салып жатабыз. Эгер баңгизат менен алектенсек, үйдү эчак эле бүтүрүп алат элек да. Толук бүтпөгөн үйдө жашайбыз. Кээ бир жумуштарды жаңы эле баштаган эле. “Бир барып келе калайын” деп кеткен", - деди көз жашы кылгырган аял. Читать дальше...

Ата-бабалар тарыхы: Астайбек Бутанаевдин Кыргыз каганатынын жазмасы жана кагандары ж.б. тууралуу акыркы макаласы

Azattyk.org 

Теги хакас боордошубуз, профессор Виктор (Астайбек) Бутанаев өмүр бою кыргыз таануу, хакас таануу жана башка Саян-Алтай, Борбордук жана Ички Азия түрк калктарынын этнографиясы жана тарыхы өңүттөрүн изилдеп жүрүп быйыл жайында дүйнө салды. Анын акыркы макалаларынын бири тууралуу кичүү тарыхчы үзөңгүлөшүнүн блогу.   Энесайдагы чыгаан боордошубуз Жалпы кыргыз тарыхын кеңирсиген Саян-Алтай жергесиндеги жана андан тышкаркы (Уралдан Манчжурияга чейинки) аймактардагы калктардын этнографиялык маалыматтарына... Читать дальше...

8-ноябрдын аба ырайы

Azattyk.org 

8-ноябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 17…22; Талас жергесинде түнкүсүн 0...5, күндүз 14…19; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 4…9, күндүз 18…23; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 10...15; Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 10…15; Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -5...-10... Читать дальше...

Мамлекеттик ишмер Абсамат Масалиевдин 90 жылдыгы белгиленди

Azattyk.org 

Бүгүн 7-ноябрда Бишкекте Кыргыз Республикасынын Баатыры, мамлекеттик жана саясий ишмер Абсамат Масалиевдин 90 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйын өттү. Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын чоң залында өткөн эскерүү иш-чарасына өлкө президенти Садыр Жапаров, парламенттин, өкмөттүн, коомчулуктун өкүлдөрү, маркумдун жакындары катышты. Өз сөзүндө Жапаров жөнөкөйлүгү, мекенчилдиги менен таанымал Абсамат Масалиевдин ишмердиги кайра куруу дооруна туш келип, кийин совет бийлиги кулагандан кийин Кыргызстан эгемендигин алып... Читать дальше...

Келерки жылы Кара-Кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгы белгиленет

Azattyk.org 

Келерки жылы Кыргызстанда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 7-ноябрда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата кайрылуусунда билдирди. “Буга байланыштуу мен “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө жөнүндө” Жарлыкка кол койдум. Басып өткөн тарыхыбызда кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кайра жаралуусун, анын түптөлүшүнүн оңойго турбаганын кийинки муун сөзсүз билиши зарыл”, - деди Садыр Жапаров. Читать дальше...

Бишкек: Тротуар жаңылоо ишинин сапаты текшерилди

Azattyk.org 

Бишкекте курулушу башталган тротуарлар бүтмөйүнчө жаңысын казбай коё туруу, алардын сапатын камсыз кылуу талабы коюлганын 6-ноябрда шаар башкармалыгы билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы маалымдагандай, мэр Айбек Жунушалиев тротуарлар жаңыланып жаткан жерлерди тийиштүү жетекчилер менен бирге кыдырып, курулуш иштерин тезинен, сапаттуу аяктоону, “кызыл сызыктан” өтүп кеткендердин документин текшерип чыгууну жана зарыл болсо чара көрүүнү талап кылды. Жыйынтыгында кызматтык иликтөө жүргүзүү үчүн комиссия түзүү тапшырмасы барилди. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *