Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2023

Москвада мигрант аялдарго колдоо көрсөткөн кризистик борбор ачылды

0
Москвада мигрант аялдарго колдоо көрсөткөн кризистик борбор ачылды

Орусиянын башкалаасы Москвада Кыргызстандын элчилигинин алдында кризистик борбор ачылды. Борбор оор турмуштук кырдаалга туш болгон Кыргызстандын жарандарына, мигрант кыз-келиндерге колдоо көрсөтүү багытында иш алып барат. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Борбордун расмий ачылышы 31-июлда өтүп, иш-чарага чакырылган юристтер медициналык камсыздандыруу, эмгекти коргоо, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча мигранттарга маалымат берген. 

Кыргызстандын 7 млн ашуун калкынын 1 миллиондон көбү миграцияда жүрөт. Алардын басымдуу бөлүгү Орусияда. Расмий маалыматка караганда, 600дей кыргызстандык орус паспортун алган. Чет жакка чыгып кеткен мигранттардын 53% аялдар. Көбүнчө алар укуктук жана моралдык колдоого муктаж экенин айтып келишет.

Ушул тапта орус түрмөлөрүндө 1100дөн ашуун кыргызстандык жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Мындан сырткары 900дөйү убактылуу кармоочу жайларда. Ар кандай кылмышка кириптер болуп абакка кесилгендер арасында кыз-келиндер дагы арбын. Соңку учурда курьерлик кылам деп маңзат соодасына аралашкан же алданып түрмөгө кесилгендер көбөйгөн. (КЕ)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *