Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2023

Активист Мелис Аспеков кайра камалды

0
Активист Мелис Аспеков кайра камалды

Бишкектеги Биринчи май райондук соттун чечими менен президент Садыр Жапаровдун мурдагы пикирлеши, активист Мелис Аспеков эки айга камалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, Ички иштер министрлиги (ИИМ) Аспековго Кылмыш-жаза кодексиндеги 36-берене (кылмышка даярдык көрүү) жана 278-берене (массалык башаламандыктар) менен айып таккан.

Мунун алдында социалдык тармактарда Аспековго байланыштуу делген аудио жазуу жарыяланган.

ИИМ буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Мындан бир ай мурда Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) президент Аспековдун күнөөсүн далилдебегени үчүн атайын кызматы ага 10 миң доллардан ашык акчасын кайрып бергени тууралуу билдирүүсүн жокко чыгарган. Анда “опузалап талап кылуу” жана “алдамчылык” беренелери менен козголгон кылмыш ишинде сот аны күнөөлүү деп таап, алты жылга эркинен ажыратканын белгилеген.

"Мелис Аспековго кайтырылып берилген каражат анын үйүн тинтүү маалында алынган жана далил буюм катары каралган эмес, иликтөөгө тиешеси жок болгон. Айыптоо өкүмү күчүнө киргенден кийин мыйзамдын талабына ылайык акча өзүнө кайтырылып берилди. Мындан улам Аспеков күнөөлүү жана акча талап кылуу жана алдамчылык беренелери менен соттолгон болсо дагы УКМКнын ага акчасын кайрып бергенин айыбы жоктугу менен байланыштырып, коомчулукту атайлап адаштырып жатат",-деп жазылган маалыматта.

Ага чейин Аспеков Фейсбуктагы баракчасына атайын кызмат аны кармап жатканда аларга өз ыктыяры менен берген акчасын күнөөсү жоктугу үчүн кайтарып бергенин жазган. Тергөөчү менен сот анын айыбын далилдей албаганын билдирген.

Аспеков ушул жылдын май айында абактан президенттин ырайымынын негизинде бошотулган.

Былтыр мартта Биринчи май райондук соту Аспековду күнөөлүү деп таап алгач жети жылга эркинен ажыраткан. Ошол жылы июлда Бишкек шаардык сот өкүмдү өзгөртүп, соттун биринчи инстанциясынын өкүмүндөгү Аспековду "алдамчылык" беренеси менен күнөөлүү деп тапкан, бирок жоопко тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза чарасын берген эмес. Бирок Аспековдун алты жылдык абак жазасы каралган “Опузалап талап кылуу” айыбын күчүндө калтырган.

2020-жылы Октябрь окуяларынын кийин бийликке келген Садыр Жапаровдун тарапташы болгон Аспеков 2021-жылдын башында "Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетекчилигинен “250 миң доллар талап кылган” деген шек менен кармалып, кылмыш иши козголгон.

Кийин ал ишке "15 миң долларды мыйзамсыз алуу жана Кара-Балта шаарында батирди кайра сатуу" деген айып кошулуп, “алдамчылык” беренеси кошулган.

Аспеков соттук жараяндарда күнөөсү далилденбегенин, "саясий негизде иш козголгонун" билдирип келген. Садыр Жапаров анын дооматтарын четке каккан.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *