Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2023

Новости за 01.10.2023

Түркия: ИИМдин алдында жардыруу болду

Azattyk.org 

Анкарадагы чабуулду түрк бийлиги террордук аракет катары мүнөздөдү. Бул кол салууга эч бир жоопкерчилик алган жок. 1-октябрда эртең менен Түркиянын Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында жанкечти өзүн жардырып жиберген. Расмий маалыматка караганда, анын дагы бир шеригин полиция жок кылган. Ички иштер органынын эки кызматкери жараат алды. Интернетке чыккан тасмаларда министрликтин жанына токтогон автоунаадан бир адам чыгып, имараттын кире беришинде өзүн жардырганын көрүүгө болот. Бул жардырууга... Читать дальше...

НАТОнун баш катчысы Анкарадагы кол салууну айыптады

Azattyk.org 

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Анкарада Түркиянын Ички иштер министрлигине жасалган кол салууну кескин айыптады. Ал 1-октябрда X социалдык түйүнүндөгү (мурдагы Twitter) баракчасына: "НАТО терроризмге каршы күрөштө Түркия менен тилектеш", - деп жазды. Жекшембиде эртең менен Түркиянын Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында жанкечти өзүн жардырып каза болгон. Расмий маалыматта анын дагы бир шеригин полиция өлтүргөнү айтылат. Ички иштер органынын эки кызматкери жараат алды. Бийлик муну теракт аракети деп мүнөздөдү. Читать дальше...

Рим папасы Азербайжан менен Арменияны диалогго чакырды

Azattyk.org 

Рим папасы Франциск жекшемби күнкү кайрылуусунда Тоолуу Карабактын айланасындагы кырдаалга тынчсыздануусун билдирди. "Мен дагы бир жолу Азербайжан менен Арменияны диалогго чакырам. Эл аралык коомчулуктун колдоосу менен тараптардын сүйлөшүүлөрү гуманитардык кризисти токтото турган туруктуу келишимге алып келет деп ишенем", - деди ал. Жикчил Тоолуу Карабакты таштап Арменияга качкан армян тектүү жарандардын саны 30-сентябрда 100 миң 500гө жакындады. Армян өкмөтү 30-сентябрда тараткан маалыматта... Читать дальше...

Эрдоган түрк бийлиги террорчулар менен күрөштү улантарын билдирди

Azattyk.org 

Түркиянын бийлиги террорчулар менен күрөштү уланта турганын президент Режеп Тайып Эрдоган билдирди. "Өлкө ичинде жана сыртында акыркы террорчу жок кылынганга чейин күрөшүбүздү улантабыз. Террордук уюмдардын саясатка багыт алышына, өлкөбүздүн өнүгүшүнө тоскоол болушуна жол бербейбиз. Бүгүн эртең менен эки канкордун жок кылынышы террордук уюмдун акыркы күрөшү. Жарандардын тынчтыгына, коопсуздугуна коркунуч келтирген шылуундар максаттарына жеткен жок жана эч качан жетпейт", - деди ал 1-октябрда парламентте сүйлөгөндө. Читать дальше...

Анкарада жардыруу жасагандар Кайсериде киши өлтүргөнү айтылууда

Azattyk.org 

Түркиянын борбору Анкарада жардыруу жасагандар Кайсериде бир адамды өлтүрүп, анын автоунаасын айдап кеткени айтылууда. Бул тууралуу Reuters агенттигине жогорку мартабалуу аткаминер билдирди. Кайсери баш калаадан 260 чакырым алыста жайгашкан. 1-октябрь күнү эртең менен Анкара шаарында Ички иштер министрлигинин имаратынын кире беришинде жанкечти өзүн жардырып каза болду. Расмий маалыматта анын дагы бир шеригин полиция өлтүргөнү айтылат. Ички иштер органынын эки кызматкери жараат алды. Бийлик муну теракт аракети деп мүнөздөдү. Читать дальше...

БУУнун миссиясы Тоолуу Карабакка барганы кабарланды

Azattyk.org 

БУУнун миссиясы Тоолуу Карабакка барганын Азербайжандын АПА агенттиги жазды. Маалыматта БУУнун түрдүу багыттарында иштеген адистерден турган топ жеринде абал менен таанышуу жана тургундардын гуманитардык муктаждыктарын аныктоо максатында барганы айтылат. Буга чейин БУУнун басма сөз кызматы дем алыш күндөрү Тоолуу Карабакка миссия барарын маалымдап, акыркы 30 жылда уюмдун аймакка кирүү мүмкүнчүлүгү болбогонун билдирген. Жикчил Тоолуу Карабакты таштап Арменияга качкан армян тектүү жарандардын саны 30-сентябрда 100 миң 500гө жакындады. Читать дальше...

Бармактайынан театрга келген, кылымдык мурас калтырган Кыдыкеева

Azattyk.org 

Бишкекте түрк тилдүү элдердин театр ишмерлеринин башын кошкон "Арт-ордо" театр фестивалы жыйынтыкталды. Эки жылда бир өтчү саамалык быйыл СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, атактуу актриса Бакен Кыдыкееванын 100 жылдыгына арналды.  "Кыргыз искусствосунун энеси 20-кылымдагы көпчүлүк кыргыз тасмаларында энелердин ролун арбын ойногону үчүнбү, айтор Бакен Кыдыкеева улуттун энеси болуп калгандай элес калтырат. Жөн эле катардагы эне эмес санаачыл, ошол эле убакта кайраттуу... Читать дальше...

Бишкекте 21 адам шаурмага ууланып, алардын 15и ооруканага жаткырылды

Azattyk.org 

Бишкек шаарында тез татым түйүндөрүндө 21 адам шаурмага ууланып, алардын 15и ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору кабарлады. Ага ылайык, бул окуядан улам саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев чукул жыйын өткөрдү. "Жапырт уулануу шаардагы Чүй жана Сүйүнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Беш лаваш" жана "Мидос" тез татым жайларында болгон. Жабыркагандар шаурмага ууланышкан. Жалпысынан 21 адам жабыркап, 15и ооруканага жаткырылды, арасында эки бала бар. Читать дальше...



Ошто 12 жаштагы бала кутурма оорусунан каза болду

Azattyk.org 

Ошто 12 жаштагы бала кутурма оорусун жуктуруп алгандан кийин каза болду. Бул маалыматты шаардык балдар ооруканасынын дарыгери Наргиза Абдикаримова тастыктады. Баланы ит капкан окуя август айында Өзгөн районунда болгон. Анын жакындары убагында дарыгерлерге кайрылган эмес. Өспүрүмдө оорунун оорунун белгилери байкалганда гана аны ооруканага алып келишкен. 2Баладан 20-сентябрда кутурманын белгилери аныкталып, 26-сентябрда көз жумган.  Август айында Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарында жолбун... Читать дальше...

Кыргызстанда 1-октябрдан тартып пенсия жогорулайт

Azattyk.org 

Кыргызстанда 1-октябрдан тартып 30 миң сомго чейинки пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 38 %га, 500 сомдон кем эмес өлчөмдө көтөрүлөт. Буга чейин Социалдык фонд ал үчүн аталган мекемеден 3,9 млрд сом каралганын билдирген. Бул жогорулоонун 30 миң сомдон ашык пенсия алгандарга тиешеси жок. Эсептөөлөргө ылайык, пенсия көтөрүлгөндөн кийин Кыргызстандагы орточо пенсиянын көлөмү 9354 сомду түзүп, азыркыга салыштырмалуу 1692 сомго көбөйөт. Президент Садыр Жапаров 1-октябрда улгайган адамдардын эл... Читать дальше...

Анкарада ИИМ имаратынын жанында жанкечти өзүн жардырды

Azattyk.org 

Түркиянын Анкара шаарында Ички иштер министрлигинин имаратынын жанында 1-октябрда белгисиз жанкечти өзүн жардырып жиберди. Расмий маалыматта ал каза болгону, дагы бир шеригин полиция өлтүргөнү айтылат. Министр муну теракт аракети деп мүнөздөдү. Haberturk басылмасы эки адам автоунаада министрликтин алдына келип, жардырууну ишке ашырганын тактады. Окуяда эки полиция кызматкери жараат алды. Ички иштер министрлигинин жанында Түркия парламентинин имараты жайгашкан. Депутаттардын жайкы каникулдан кийинки биринчи жыйыны жекшембиде башталмак. Читать дальше...

Тоолуу Карабактан Арменияга качкандардын саны 100 миңден ашты

Azattyk.org 

Жикчил Тоолуу Карабакты таштап Арменияга качкан армян тектүү жарандардын саны 100 миң 500гө жакындады. Бул тууралуу 30-сентябрда армян өкмөтү кабарлады. Расмий маалыматта алардын ичинен 35 миңдейи мамлекеттик турак жай менен камсыз болгону айтылат. Жыл башындагы маалыматка караганда, Тоолуу Карабакта 120 миңге жакын адам жашап жаткан. Аймактын бийлиги 20-сентябрдан Азербайжандын шарттарына баш ийип, багынып берүүгө макул болгон жана көп өтпөй ал жактан армян тектүү жарандар жапырт чыгып кете баштаган. Читать дальше...

Ногойбаева зөөкүр экс-күйөөсү жөнүндө бир нече жолу арызданганын айтты

Azattyk.org 

Бишкекке жакын Селекция айылында мурдагы күйөөсү бычактап, кулак-мурдун кескен Асел Ногойбаева биринчи жолу үн катты. Анын кыска видеосу келинге жардам чогултуу үчүн ачылган Инстаграм баракчага жарыяланды. Анда Ногойбаева мурдагы күйөөсүнүн зөөкүрлүгү тууралуу укук коргоо органдарына бир канча жолу кайрылганын, бирок ага каршы чара көрүлбөгөнүн билдирди. "Кыргызстанга келген күндөн баштап бул зөөкүр менин жанымды бир күн дагы койгон жок. Менин кайрылбаган жерим калган жок, канча жолу арыз жаздым. Читать дальше...

Тажикстан Ооганстан тууралуу жыйында декларацияны колдогон жок

Azattyk.org 

Татарстандын борбору Казань шаарындагы Ооганстан жөнүндөгү жыйындын соңунда кабыл алынган декларациянын айрым жоболорунан улам аны Тажистан колдогон жок. Бул тууралуу Орусиянын президентинин Ооганстан боюнча атайын өкүлү Замир Кабуловго шилтеме кылып бир катар басылмалар жазды. Казанда 29-сентябрда учурда ооган өкмөтүн башкарып жаткан "Талибан" кыймылынын өкүлдөрү катышкан, Москва форматындагы бешинчи жыйын өткөн. ТАСС агенттиги Кабуловго шилтеме кылып Казандагы декларацияны Тажикстандан башка катышуучулардын баары колдогонун... Читать дальше...

Ысык-Көлдө күчү очогунда 4,5 баллга жеткен жер титирөө болду

Azattyk.org 

Сейсмология институтунун билдиришинче, Ысык-Көл облусунда 1-октябрда таңкы саат 03.30дар чамасында күчү очогунда 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. "Жердин силкинүүсү Кажы-Сай, Бөкөнбаев, Туура-Суу айылдарында 4 балл, Тоң, Темир-Канат, Эшперов, Төрт-Күл айылдарында 3,5 балл, Тамга айылында 3 баллга чейин сезилген. Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок",-деп жазылган маалыматта. Кыргызстанда 12 район сейсмикалык кооптуу зонада жайгашкан. Чүй облусунда сейсмикалык кооптуулугу жогору болгон зонага - Бишкек шаары... Читать дальше...

"Алтын медаль талыкпаган эмгектин арты менен келди"

Azattyk.org 

Дзюдочу Эрлан Шеров Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан жайкы Азия оюндарында алтын медал тагынды. Бул XIX Азия оюндарындагы Кыргызстандын эсебиндеги алгачкы алтын байге болду. Эрлан Шеров "Азаттыкка" маек куруп жеңиши, алдыдагы максаттары тууралуу кеп кылды

“Кыргыз темир жолу”: Бээжинде темир жол куруу долбоору талкууланат

Azattyk.org 

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору тууралуу түшүндүрмө таратты. Анда долбоорду ишке ашыруу белгисиз мөөнөткө токтоп калганы жөнүндөгү маалыматты четке какты. Ишкананын Фейсбуктагы барагына жарыяланган билдирүүгө ылайык, долбоорду каржылоо тууралуу соңку үч тараптуу сүйлөшүү 21-сентябрда видеоконференция форматында өткөн. Талкуулар ушул айда Бээжинде дагы уланат. “Долбоорго байланыштуу маселелерди кароо жана үч тараптуу жолугушууларды... Читать дальше...

Акылбек Жапаров "Кыргызкөмүрдүн" маселелерин чечүүнү тапшырды

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 30-сентябрда Нарын облусуна караштуу Жумгал районундагы Кара-Кече көмүр кенине барды. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, ал көмүр казуу иштери, “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын даярдыгын текшерди. Жапаров аталган кендин “Борбордук” деп аталган бөлүгүнө дагы барды. “Анда “Кыргызкөмүрдүн” директору ишкананын бир катар көйгөйлүү маселелерин айтып, карьердеги жумуштун оордугун, утурумдук кезекти жана мамлекеттик ишкананын рентабелдүүлүгүнүн төмөндүгүн белгиледи. Читать дальше...

Армения Азербайжанга каршы БУУнун эл аралык сотуна арыз берди

Azattyk.org 

Армения Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) эл аралык сотуна Азербайжанга каршы арыз жолдоду. Анда Бакудан Тоолуу Карабакка байланыштуу Расалык кодулоонун бардык түрүн жоюу тууралуу эл аралык Конвенцияны сактоону талап кылды. Аталган соттун сайтына жарыяланган арызда “Азербайжан Тоолуу Карабакта калган армян тектүү жарандарды кетирүүгө мажбурлаган түз жана кыйыр аракеттерди жасабашы керектиги” жазылган. Ошондой эле аталган аймактын азыркы жана мурунку саясий ишмерлерин же аскерлерин куугунтуктоодон карманышы зарылдыгын эскерткен. Читать дальше...

Төрөбаев үч өлкөнүн темир жол куруу долбоору токтобогонун айтты

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору белгисиз мөөнөткө токтоп калганы тууралуу маалыматтарды четке какты. Ал 30-сентябрда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине берген маегинде, анын техникалык-экономикалык негиздемеси даяр экенин, каржылоо тууралуу сүйлөшүү уланып жатканын билдирди. “Долбоор тууралуу жакында эле Кытайдагы иш сапарымдын алкагында тиешелүү тараптар менен жолугуп, сүйлөшүүлөр болду. Темир жолду куруу белгисиз... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *