Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2023

Сузакта Кашка-Терек - Катраңкы жолундагы жер көчкү тазалана элек

0

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунда Кашка-Терек - Катраңкы жолуна түшкөн жер көчкү тазалана элек. Буга көчкүнүн өзүндөгү жарака себеп болуп жатат.

Маалыматка караганда, көчкү 27-сентябрда таңга маал жолдун 17-500 чакырымына, Көк-Арт дарыясынын сол жээгиндеги жантаймадан түшкөн. Анын көлөмү болжол менен 150 миң метр кубга жакын.  Көчкү жолдун 200дөц метрин жана четиндеги сарайдын теңин басып калган. Кырсыктан улам машиналардын каттамы убактылуу токтотулду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги илимий-изилдөө мекемелери менен бирге өлкөдө 4,5 миңден ашуун жер көчкү жүрүшү ыктымал болгон аймакты аныктаган. Алардын теңине жакыны калктуу конуштарга жана объектилерге коркунучун жаратып келет.

Жер көчкү жүрүшү мүмкүн болгон жерлердин 93% Ош менен Жалал-Абад облустарында аныкталган.

Кыргызстанда адам өлүмү менен коштолгон жер көчкүлөр бир нече жолу катталган. 2003-жылы Өзгөндө жер көчкү бир айылды басып калып, 40 адам набыт болгон. 2009-жылы Аксыда жүргөн жер көчкүдө Райкомол айылынын 16 тургуну набыт болгон, анын 11и балдар болгон.

2017-жылы жер көчкү Өзгөн районунун Зергер айыл аймагындагы Аюу-Сай айылында жети үйдү басып, 24 киши анын алдында калган. Беш күн бою жүргүзүлгөн издөө, казуу иштеринде сегиз кишинин сөөгү табылган.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *