Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

Бишкекте уурдалган орусиялык активист Москвада кыйноого кабылганы айтылды

0
Бишкекте уурдалган орусиялык активист Москвада кыйноого кабылганы айтылды

Бишкекте уурдалган орусиялык активист Лев Скорякин Москвада кыйноого кабылганын бүгүн 3-ноябрда «Саясий туткундарды колдоо. Мемориал» укук коргоо уюму анын жактоочуларына таянып билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Скорякин Москванын СИЗО-2 тергөө абагында кармалууда.

“Скорякинге Орусияга өз алдынча жана өз каалоосу боюнча кайтып барганын айттырыш үчүн басым жасалып жатат. Себеби Кыргызстандын прокуратурасы аны экстрадициялоодон баш тарткандыктан жана ал саясий башпаанек сурагандыктан Орусияга мыйзамдуу түрдө өткөрүп берүү мүмкүн эмес болчу. Бошонгондон кийин Скорякин Кыргызстандан Германияга чыгып кетүүнү пландап жаткан” деп айтылды уюмдун сайтына жарыяланган маалыматта.

Орусиялык активист Бишкекте 17-октябрга караган түнү уурдалган.

Скорякинге жана анын “Солчул блоктогу” шериги Руслан Абазовго Орусиянын Ички иштер министрлиги издөө жарыялаган. Буга алардын 2021-жылы декабрь айында өткөргөн акциясы түрткү болгон. Активисттер Москвадагы ФСБнын бөлүмдөрүнүн биринин жанында от жагып, "Чекисттердин күнү менен!" деген баннер илишкен.

Активисттер Орусиядан 2022-жылы жайында чыгып кетип, Скорякин быйыл июнь айында Бишкекте кармалып, убактылуу тергөө абагына камалган. Укук коргоочулардын айтымында, ал сентябрь айында камактан чыгарылган. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Скорякин башпаанек сурагандыктан аны Орусияга экстрадиция кылуудан баш тарткан. Абазов  Хорватияга чыгып кетип, ошол жактан башпаанек сураган. (TSh)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *