Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

Астана саммитинде Газадагы кырдаал козголду

0
Астана саммитинде Газадагы кырдаал козголду

3-ноябрда Астана шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун онунчу саммити өттү. Ага Түркиянын, Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстандын президенттери, Түркмөнстандын калк маслахатынын төрагасы жана Венгриянын премьер-министри катышты.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда “ишмердиктин 99 түрүн камтыган Креативдүү индустрия паркы түзүлгөнүн” айтып, 2024-жылы Бишкекте уюмдун Санариптик форумун өткөрүүнү сунуштады.

Жыйында Израил-Палестин чатагы жана уюмдун глобалдашкан шарттагы дүйнөлүк орду сыяктуу маселелер козголду. Саммиттин соңунда Астана актысына жана уюмдун декларациясына кол коюлду.

Саммитти ачып жатып Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Түркиянын 100 жылдыгы менен Режеп Тайып Эрдоганды куттуктап, Түркия азыр кубаттуу, башкалар эсептешкен күчтүү мамлекетке айланганын белгиледи. Ал эми президент Илхам Алиевге кайрылып, Тоолуу-Карабакты алуу менен Азербайжан өзүнүн аймактык бүтүндүгүн калыбына келтиргенин айтты.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Жакынкы Чыгыштагы абалга токтолуп, Газа тилкесинде миңдеген адамдар окко учуп жатканын айтып, апаатты токтотуу зарылдыгын козгоду:

“Палестина-Израиль чатагы баарыбыздын тынчыбызды алып турат. Аскер адамдары эле эмес, жайкын тургундар, аялдар, балдар каза табууда. Ушундан улам биз ок атышууларды токтотуп, гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн тынчтык орнотууга чакырабыз.”

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган буга чейин анын өлкөсү Газага гуманитардык жардам жибергенин билдирди.

"Палестинада адамдык трагедия болуп жатат. Бечара балдар аёосуз өлтүрүлүүдө. 7-октябрдан бери шейит болгондорду, бул жырткычтыкты сүрөттөгөнгө эч бир сөз жок. Газада 28 күндөн бери адамзатка каршы кылмыш жасалып жатат. Түрк дүйнөсү катары биримдикте аракет кылганыбыз - алгач ок атууну токтотуу, андан соң туруктуу тынчтыкка жолду жеңилдетет. Эл аралык Тынчтык конференциясынын пайдубалын түзүү аракетибиз көрүлүүдө,- деди түрк президенти. 

Ал эми Касым-Жомарт Токаевдин маалыматы боюнча, Казакстан жакынкы аралыкта жапа чеккен палестиндерге 1 млн долларга гуманитардык жардам жиберет.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров уюм жыл сайын бекемделип жатканын айтып, тарыхый, маданий жана диний жалпылыктын негизинде ал аймактын маанилүү бирикмесине айланып баратканын белгиледи.

“Бүгүнкү Саммит «TURKTIME» темасында өтүүдө. Түрк кызматташтыгын өнүктүрүүнүн максаттары жана приоритеттери биздин мамлекетибизде жүргүзүлүп жаткан экономикалык саясатка шайкеш келерин эске алуу менен, Кыргыз Республикасы Уюмдун алкагында көп пландуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат. Биздин түрк өлкөлөрүбүз экономикалык дараметин арттыруу жана туруктуу өнүгүүнү илгерилетүү боюнча күч-аракеттерин бириктирүүсү абдан маанилүү.”

Ал бизнес пландарды турмушка ашыруу үчүн Түрк инвестициялык фондусунун түзүлүп, иштеши маанилүү экенине токтолду. Ошону менен Садыр Жапаров Кыргызстанда “ишмердиктин 99 түрүн камтыган Креативдүү индустрия паркы түзүлгөнүн” айтып, 2024-жылы Бишкекте уюмдун Санариптик форумун өткөрүүнү сунуштады.

Казакстан президентинин алдындагы Стратегиялык иликтөөлөр институтунун башкы эксперти Булат Ауелбаев уюм Евразия аймагында геосаясий ролго ээ болууга бет алды деген пикирде:

“Түрк мамлекеттеринин уюму саясий түзүм катары абдан жаш уюм. Бул түзүмгө кирген мамлекеттер саясий жана экономикалык жактан өнүгүп бараткан убагы. Уюмдун статусу жана кадыр-баркы анын Евразия мейкиндигинде өзгөчө геосаясий ролго ээ болушу менен өсөт. Палестин-Израиль чатагы Жакынкы Чыгышта кырдаал айрыкча өзгөрүп жатканын көргөзөт. Ушул ыңгайдан алганда уюм эл аралык маселелер боюнча жалпы консолидацияланган күн тартибин иштеп чыгуу менен, конструктивдүү саясий жолдорду сунуштай алат. Ошону менен уюм эл аралык аренада өз таасирин арттыруучу натыйжалуу форматын түзө алат.”

Учурда Түрк мамлекеттери уюмуна мүчө мамлекеттер ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 27 млрд долларды түзөт. Эми уюмдун мүчөлөрү Инвестициялык фонд түзүп, соода-алакасын мындан да күчөтүүнү көздөп жатышат.

Экономист Элдар Абакиров уюм Еробиримдикке окшоп саясий күчкө толору күмөн, бирок, тарыхы, тили, дили жакын улуттар катары экономикалык кызматташтыкты чыңдоо мүмкүнчүлүгү бар деген ойдо:

“Саясий уюмга айланыш үчүн Евробиримдик сыяктуу адам укуктары, сөз эркиндиги сыяктуу орток бир баалуулуктар болушу керек. Бирок биз билгенден Түрк уюмунда абал андай эмес. Орток бир тууганбыз деген жалпылык бар, аны жокко чыгара албайбыз. Бирок, менимче, экономикалык байланышты күчөтүш керек го дейм. Мисалы, Түркия биз үчүн Европага товар ташууда бажы алымдарысыз режим түзсө, биз болсо өз кезегинде Түркия, Азербайжан жана башка мамлекеттерге Кытайга чыгууга шарт түзүп берсек. Анан Инвестициялык фонд түзүлөт деген маалымат бар, ал чындап ишке кирсе жакшы болмок. Акыр аягы барып келип, коопсуз, тоскоолдуксуз, тез соода жүгүртүүсүн түзсөк уюмдун өмүрү ошондо узун болот.”

Саммиттин алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулар да өттү. Казак президенти Венгриянын премьер-министри Виктор Орбанды кабыл алып, эки мамлекеттин соода алакасын күчөтүүнү макулдашты.

Президент Садыр Жапаров болсо Режеп Тайып Эрдоган менен жолукту. Анда стратегиялык кызматташтык активдүү өнүгүп жатканы белгиленип, өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын жакын арада өткөрүү макулдашылды.

Түрк мамлекеттери уюмунун мындан мурдагы жыйыны былтыр 11-ноябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн. Кийинки жыйын 2024-жылы Бишкекте өтмөкчү.

Түрк тилдүү мамлекеттердин алгачкы саммити 1990-жылдардын башында өткөн. Түркия Советтер Союзунун курамынан кутулган республикалардын эгемендигин биринчилерден болуп тааныган.

2006-жылы Нурсултан Назарбаев Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңешин түзүүнү демилгелеп, андай кеңеш 2009-жылы куралган.

2021-жылы Түрк кеңеши өз макамын жогорулатып, аталышын “Түрк тилдүү мамлекеттер уюмунан” “Түрк мамлекеттери уюмуна” өзгөрткөн.

Уюмга Түркия, Кыргызстан, Казакстан, Азербайжан жана Өзбекстан мүчө. Мындан тышкары Түркмөнстан менен Венгрия ага байкоочу катары катышып келет.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *