Садыр Жапаров Кыргызстанда коррупциянын 90% жоюлганын айтты
Президент Садыр Жапаров тышкы карыз, коррупцияга каршы күрөшкө байланыштуу пикирин билдирди. Ал 4-ноябрда Фейсбуктагы баракчасына өлкөнүн 2020-жылга чейинки карызы 5 миллиард долларга жеткенин, анын бийлигинин тушунда карызды үстөгү менен төлөө мөөнөтү туш келгенин белгилеп "тынчтык жана туруктуулук болсо аны төлөп кетүүгө" болорун билдирди.
"Өлкөбүздө тынчтык, стабилдүүлүк болуп турса, мындан ары да төлөп кетүүгө толук күчүбүз жетет. Анткени бюджетибизди 2020-жылга чейинки убакытка караганда үч эсе көтөрүп алдык. Коррупциянын тамырын 100% кыркып бүтө элек болсок дагы, 90% жойдук. Ошон үчүн бюджетибиз көтөрүлүп жатат. Тышкы карызды төлөө менен бирге эле, эмгек акы, пенсия, жөлөк пулдарды көтөрүп жатабыз. Армиябызды күчтөөнүн үстүндөбүз. Акыркы эки жылда эле 2 миллиард долларга жакын каражатка жаңы үлгүдөгү заманбап техникаларды сатып алдык. Жолдор салынууда. Мектептерди, бала бакчаларды, темир жол, ири ГЭСтерди, аэропортторду куруп жатабыз. Ички аба каттамдар үчүн төрт учак сатып алуудабыз. Миң автобус сатып алдык. Белгилей кетчү жагдай, тышкы карызды төлөөнүн туу чокусу келерки - 2024-жылга туура келүүдө. Эң башкысы, биз тышкы карызды өз күчүбүз менен, тактап айтканда, бюджеттик каражаттардын эсебинен жаап жатабыз", - деген Жапаров.
Садыр Жапаров өлкөдө коррупциянын 90% жоюлганы тууралуу билдирүүсү кайсы көрсөткүчкө негиздеп жазганын тактаган жок.
Жыл башында, Transparency International эл аралык уюму дүйнөдөгү коррупциянын деңгээлин аныктаган кезектеги баяндамасын жарыялаган. Ага ылайык, жемкорлук индексинде Кыргызстан мурдагы жылдагыдай эле былтыр дагы жалпы 100 баллдан 27 упай гана алган да, 185 өлкөнүн ичинен 140-сапка жайгашкан. Анда аталган уюм расмий Бишкек автократияга ыктап, бийликтегилердин кызмат абалынан кыянат пайдалануусуна жол ачылганын эскерткен.
Финансы министрлигинин сайтындагы маалыматтарга ылайык, майдын аягына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы жалпы 5 млрд 667,63 млн долларды (496 млрд 428,06 млн сом) түзгөн. Мунун 4 млрд 489,7 млн доллары тышкы карыз, 1 млрд 177,94 млн доллары ички карыз.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров былтыр Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө тышкы карыздын тобокелдиктери тууралуу эскерткен. Ал өлкө карызды төлөй албай калса, Кыргызстанда карызга салынган стратегиялык объектилер башкалардын колуна өтүп кетиши мүмкүн экенин, бул көз карандысыздыкка шек келтирерин билдирген.