Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

Президент тышкы карызды төлөөнүн туу чокусу 2024-жыл болорун эскертти

0
Президент тышкы карызды төлөөнүн туу чокусу 2024-жыл болорун эскертти

Президент Садыр Жапаров тышкы карызды төлөө маселеси тууралуу пикирин билдирди. Ал 4-ноябрда Фейсбуктагы баракчасына өлкөнүн 2020-жылга чейинки карызы 5 миллиард долларга жеткенин, анын бийлигинин тушунда карызды үстөгү менен төлөө мөөнөтү туш келгенин белгилеп, "тынчтык жана туруктуулук болсо аны төлөп кетүүгө" болорун жазды.

"Пандемияга чейинки Кыргызстандагы кризис, бюджеттин тартыштыгы, дүйнөдө болуп жаткан азыркы каатчылыктарга карабай, өз убагында төлөп келе жатабыз. Эсиңиздерде болсо, 2019-жылдары "тышкы карызыбызды кантип төлөйбүз, төлөбөсөк жерлерибиз кетет экен" деп элибиз бушайман боло баштаган. Азыр андай кыжаалатчылык жок. Белгилей кетчү жагдай, тышкы карызды төлөөнүн туу чокусу келерки - 2024-жылга туура келүүдө. Эң башкысы, биз тышкы карызды өз күчүбүз менен, тактап айтканда, бюджеттик каражаттардын эсебинен жаап жатабыз. Мурда болсо кайсыл бир бөлүгүн кайра эле тыштан же грант, же карыз алып жапчубуз", - деген Жапаров.

Финансы министрлигинин сайтындагы маалыматтарга ылайык, майдын аягына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы жалпы 5 млрд 667,63 млн долларды (496 млрд 428,06 млн сом) түзгөн. Мунун 4 млрд 489,7 млн доллары тышкы карыз, 1 млрд 177,94 млн доллары ички карыз.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров былтыр Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө тышкы карыздын тобокелдиктери тууралуу эскерткен. Ал өлкө карызды төлөй албай калса, Кыргызстанда карызга салынган стратегиялык объектилер башкалардын колуна өтүп кетиши мүмкүн экенин, бул көз карандысыздыкка шек келтирерин билдирген.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *