Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

ӨКМ тойканаларга өрт коопсуздугун сактоо тууралуу эскертип жатат

0
ӨКМ тойканаларга өрт коопсуздугун сактоо тууралуу эскертип жатат

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) өлкөдөгү тойканалардын кожоюндарына өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Анда көп учурда фейерверктер, электр зымдары, тез күйө турган материалдардан жасалган буюм-тайымдар өрт кырсыгына себепчи болору жазылган.

"Ресторан, кафелердин жана ашканалардын администрациясы залдын ашыкча толуп кетишине жол бербеши керек. Газ баллондор менен иштеген жылыткычтарды, күйүүчү май иштеген тамак даярдаган жабдууларды колдонууга таптакыр тыюу салынат. Адамдарды эвакуациялай турган өткөөл бош калтырылышы зарыл. Алгачкы өрт өчүрүүчү каражаттары менен камсыз кылынып, кызматкерлер эвакуациялык жолдорду, кырсык учурундагы алгачкы коопсуздук эрежелерин так билүүсү кажет",-деп жазылган маалыматта

Улуттук статистика комитетинин соңку маалыматына ылайык, Кыргызстанда кафе, ресторан-тойканалардын жалпы саны 15 миңден ашат. Мындай жайлардын көбүндө күз айларында бери дегенде үч жолу ондогон, жүздөгөн адам чакырылган ар кандай иш-чаралар өтөт.

ӨКМдин билдиришинче, Кыргызстанда былтыр өрттөн 30 адамдын өмүрү кыйылган. Жалпысынан 3194 өрт кырсыгы катталып, материалдык чыгым үч миллиард сомдон ашкан. 31 адам куткарылып, 52 млрд сомдук мүлк сакталып калган.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *