Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

Кадыровдун өспүрүм уулу коопсуздук кызматында бөлүм башчы болду

0

Чеченстандын лидери Рамзан Кадыровдун 15 жаштагы уулу республиканын жетекчисинин коопсуздугун камсыздоо кызматында бөлүм башчы болуп дайындалды. Бул тууралуу Мамлекеттик Думанын депутаты Адам Делимханов Телеграм каналына жазды.

Өткөн айдын башында өспүрүм "Чеченстанжын баатыры" деген наам алган. Андан көп өтпөй Татарстанда ага "Дуслык" ордени ыйгарылган. Карачай-Черкес аймагында дагы ага жогорку орден берилген.

Чеченстандын жетекчилиги Кавказдагы бир катар жумурияттарга кайрылып, Адам Делимхановду "колдоп" коюуну өтүнгөнү белгилүү болгон. Бирок Адыгей менен Кабардин-Балкария аймактары ага жогорку улуттук наам берүүдөн баш тарткан.

Адам Кадыров сентябрда Грозный шаарындагы тергөө абагында Куранды өрттөөгө айыпталган Никита Журавелди сабап, атактуу болгон. Бул маалыматты Орусиянын акыйкатчысы Татьяны Москалькова жарыялап, бул жумурияттагы адам укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Мансур Солтаевге кырдаалга көңүл буруу өтүнүчү менен кайрылган.

Кийинчерээк улуттук саясат министри Ахмед Дудаев  Кадыровдун уула Журавелди "диний себеп" менен урганын моюндаган.

Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров уулунун кылыгын колдоп, Куранды өрттөгөнү үчүн Журавель "катаал жазасын алышы керектигин" айткан. Ал ошондой эле уулу Журавелди сабап жатканы тартылган тасманы жарыялаган.

Рамзан Кадыров 4-октябрда 24 жаштагы кызы Айшатка "Эл артисти" наамын ыйгарган. Ага чейин Айшат Кадырова жумурияттын вице-премьерлик кызматына көрсөтүлүп, аны атасы кубаттаган.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *