Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

Пакистан: 24 саатта дагы 15 миңдей оогандык депортацияланды

0
Пакистан: 24 саатта дагы 15 миңдей оогандык депортацияланды

24 саатта 15 миңге чукул ооган качкыны депортацияланганын 5-ноябрда Пакистандын расмий адамдары билдиришти. Расмий статистикага ылайык, Пакистанда 4,4 миллиондой оогандык жашайт. Алардын 1,7 миллиону тиешелүү уруксат кагаздары жок жүрөт. Исламабад мыйзамсыз мигранттарды чыгаруу өнөктүгүнүн алкагында аларга чыгып кетүүгө 1-ноябрга чейин убакыт берген. Пакистандын Ички иштер министрлиги азырынча 200 миңден ашуун оогандык чыгарылганын ишембиде билдирген. Бул тууралуу Германиянын DPA агенттиги жазды.

Хайбер-Пахтунхва аймагынын депортацияга байкоо салган расмий өкүлү Фазал Рабби агенттиктин кабарчысына айтканына караганда, Торкхам чек ара пунктунан күнүнө Ооганстанга 10 миңдей киши өтүп жатат. Рабби алардын 90% өз ыктыяры менен кайтканын кошумчалады.

Мигранттар Ооганстанга дагы үч жерден өтүүдө.

Буга чейин Пакистандын полициясы оогандыктарды кармап, мекенине депортациялап жатканы кабарланып келген.

Мигранттарды күчтөп чыгаруу, аларды куугунтуктоо БУУнун, эл аралык укук коргоочу уюмдардын катуу сынына кабылды.

Исламабад депортация өлкөнүн коопсуздугун камсыздоо максатында жүргөнүн билдирген. Соңку кезде көбөйгөн кол салуулар үчүн Пакистан бийлиги Ооганстан тарапта иш алып барган согушкерлерди айыптоодо.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *