Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

Төө-Ашуудагы өрттө жараат алган экинчи милиционер да каза болду

0
Төө-Ашуудагы өрттө жараат алган экинчи милиционер да каза болду

Бишкек-Ош автожолундагы Төө-Ашууда өрт кырсыгына кабылгандарга жардам берем деп өздөрү да жабыркаган милиция кызматкерлеринин экинчиси да эсине келбей көз жумганын 6-ноябрда Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди:

“Бөөдө кырсык окуяга туш келип, тайманбаган, жанын тобокелге салып, элдин камын ойлогон эр азаматтарыбыз Дилмурат Шамшиев 1-ноябрь күнү каза болсо, Орозмамат Акуналиев дагы алган оор жаракаттарынан улам көз жумуп отурат”.

27-октябрда Бишкек-Ош жолунун 96-чакырымында түштүк тарапты көздөй бара жаткан күйүүчү май ташыган машина кулап кетип, күйүп баштаган. Иш сапары менен жолдон өтүп бара жаткан Кызыл-Кыя шаардык милициясынын 30 жаштагы тергөөчүсү Орозмамат Акуналиев жана 41 жаштагы кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкери Дилмурат Шамшиев бензовоздун айдоочусун өрттөн куткаруу үчүн токтоп, жардам берип жатып, өздөрү да өрттөн жабыркап, ооруканага жеткирилген. 

Экөөнүн артында үчтөн уул-кызы жетим калды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, өрттөнүп жаткан цистерна жарылып, жанына токтогон жеңил автоунаалар да күйүп кеткен. Кырсыктан төрт адам жараат алып, Жайыл райондук ооруканасына жеткирилген.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *