Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

Казакстанда Назарбаевдин кудасы абактан чыкты

0
Казакстанда Назарбаевдин кудасы абактан чыкты

Казастандык олигарх Кайрат Боранбаев эркиндикке чыкты. Алгач бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты. Кийин аны “Азаттыктын” казак кызматына Жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматы ырастады.

"Түрмөдөгү мөөнөтү эркиндигин чектеген өкүм менен алмаштырылган Боранбаев 6-ноябрда бошотулду", - деп жазылат маалыматта.

2023-жылы март айында мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин кудасы Кайрат Боранбаевди  ири көлөмдөгү мүлк тартып алууга, арам жол менен тапкан акчасын адалдаштырууга айыптап, сегиз жылга эркинен ажыраткан. Сентябрда Астана шаардык апелляциялык соту аны алты жылга түрмөгө кесип, үй-жайын, мүлкүн конфискациялоо чечимин чыгарган.

Көп өтпөй анын түрмөдөгү мөөнөтү эркиндигин чектеген өкүм менен алмаштырылды. Ага ылайык, ишкер пробациялык көзөмөл алдында болот.

Боранбаев Назарбаевдин жакын чөйрөсүнө кирген. Анын кызы Назарбаевдин тун кызы Дариганын  уулу, маркум Айсултандын аялы болгон. 

Жакында эле ал Алматы шаарынын менчигине тергөө менен ыктыярдуу кызматташуунун алкагында жалпы баасы 33,75 миллиард теңгени түзгөн объектилерди, анын ичинен мейманкана комплексин, фитнес-клубдар түйүнүн өткөрүп бергени маалым болгон.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *