Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

Акылбек Жапаров Бишкек ЖЭБинин кышка даярдыгын текшерди

0
Акылбек Жапаров Бишкек ЖЭБинин кышка даярдыгын текшерди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 6-ноябрда Бишкек жылуулук борборунун (ЖЭБ) кышка даярдыгын текшерди.

Өкмөттүн басма сөз кызматы анда борбордун негизги агрегаттарын, көмүр кампаларынын даярдыгын көрдү. Тиешелүү мекеме-түзүмдөр үйлөргө жылуулук берилген маалдарда күчөтүлгөн тартипте иштеши керектигин, чукул кырдаалдын алдын алуу үчүн ыкчам чара көрүү топтору болушу зарылдыгын айтты.

"Чукул кырдалдарга жол берилбей, бир кадам алдыда болуу керек. Сноптиктер ноябрдын аягына чейин аба ырайы жылуу болорун айтып жатат, баарын дагы бир сыйра текшерүү керек. Станциянын иштеп жатканына 60 жыл болду, ошондуктан ар бир жабдуу үчүн мүмкүн болушунча кошумчасын даярдап коюу зарыл. Силер ар кандай кырдаалга даяр болушуңар керек",-деген Жапаров.

Бишкек ЖЭБинде 2018-жылы январь айында авария болуп, борбор калаа бир жума бою жылуулуксуз калган. Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иштери козголгон.

Бул үчүн мурдагы премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев жана Сапар Исаков баштаган бир топ жетекчиге айып тагылып, түрдүү жаза мөөнөттөрү чегерилген. Мындан башка да айыптар тагылган Исаков 2020-жылдын октябрь айындагы башаламандык учурунда түрмөдөн чыгып кеткен, ага издөө жарыяланган.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *