Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

Эл артисти Зинаида Петренко дүйнө салды

0
Эл артисти Зинаида Петренко дүйнө салды

Бишкекте бүгүн 6-ноябрда 73 жаш курагында Кыргыз Республикасынын Эл артисти Зинаида Петренко дүйнө салды. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги белгилегендей, өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин сахна менен жашап, чыгармачыл сапарын чыгаан актриса, режиссер жана устат катары улантып келген Петренко бир күн мурда 5-ноябрда кайрымдуулук спектаклинде өзүнүн акыркы ролун ойногон.

Зинаида Петренко 1951-жылы Орусиянын Уфа шаарында төрөлгөн. Кийин Кыргызстанга келип, дээрлик жарым кылым өмүрүн сахнага арнаган. Орус драма театрында 1975-жылдан бери эмгектенип келген актриса өлкө ичинде жана чет мамлекеттерде уюштурулган спектаклдерге активдүү катышкан.

Кыргыз улуттук театрын өнүктүрүүгө кошкон чоң салымы, ийгиликтүү чыгармачыл жана педагогикалык ишмердүүлүгү үчүн ал Кыргызстандын Эмгек сиңирген артисти, Эл артисти наамдарына татыган.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *