"Сөз эркиндиги жок жерде коопсуздук жок". Журналисттерди санаага салган жаңы мыйзамдар
Бүгүн, 7-ноябрда Кыргызстандын Маалымат жана басма сөз күнүнө карата сөз эркиндигин жана медианы колдоо максатында “Күч эркиндикте” деген онлайн акция жүрүп жатат.
Демилге социалдык түйүндөрдүн көптөгөн колдонуучулары арасында колдоо таап, алар #күччындыкта #күчэркиндикте #cилавправде #силавсвободе #powerisinthentruth #powerinfreedom #кыргызстан #kyrgyzstan деген хештег менен билдирүүлөрүн жарыялап жатышат.
Сөз эркиндиги жок болсо коопсуздук да болбой турганы, эркиндик жок болсо сөз эркиндиги да жок болору белгиленүүдө.
“Кыргызстандын медиасынын аракеттер платформасы” уюму уюштурган акциянын максаты көз каранды эмес медианы колдоо жана өлкөдө сөз эркиндигин сактоо экени белгиленди.
“Бул күндөрү парламентте жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө жана бейөкмөт уюмдар жөнүндө эки мыйзам долбоору каралууда. Бейөкмөт уюмдар боюнча мыйзам Орусиянын чет элдик агенттер тууралуу мыйзамынын аналогу. Бул демилгелер колдоо тапса, көз каранды эмес медианын, жарандык коомдун жана сөз эркиндигинин таптакыр жок болушуна алып келет”, - деп айтылды уюмдун кайрылуусунда.
Мындан тышкары Кыргызстандын эркин медиасы, көз каранды эмес журналисттери, блогерлери соңку кезде бийликтин жана фейктердин болуп көрбөгөндөй басымына кабылып жатканы, мындай басымдын бири алардын жеке жашоосуна кийлигишүү экени белгиленди.
Эске сала кетсек, буга чейин "Азаттыктын" жана Kaktus.media басылмасынын жабылышын талап кылып социалдык түйүндөргө пикир жазгандардын көбү фейк аккаунттар экенин Bulak.kg сайты аныктап чыккан.
Кайрылууда адамдын жеке жана үй-бүлөлүк жашоосуна кийлигишүү, видеого тартып алып, социалдык түйүндөргө жарыялоо, кибербуллинг сыяктуу көрүнүштөр басымдын эң бир одоно ыкмаларынын бир экени айтылды:
“Бардык мыйзамдарды бузуп, жеке видеолорду, үй-бүлө ичиндеги өз ара сүйлөшүүлөрдү, интимдик сүрөттөрдү жана мыйзам менен корголуучу башка да маалыматтарды тартып, жаздырып, социалдык түйүндөргө чыгарып жатышат. Ал эми атайын түзүлгөн фейктер жана троллдор фабрикасы (мамлекеттик бюджеттен каржылануучу) ошол жеке маалыматтарды кастык жана кодулоо тилин колдонуп, жайылтууда. Буга жакында эле “Клооптун” журналисти жана "Темиров Лайвдын" кызматкери кабылган окуяларды мисал келтирсек болот”.
Ар бир жарандын жеке жашоосунун купуялыгы Конституция менен кепилденери, ага кийлигишүү, маалыматтарды жарыялоо, журналисттерге жалаа жабуу мыйзам бузуу экени, эзелтен элибиздин тарыхый каада-салты боюнча да адамдын жеке ар-намысы, кадыр-баркы жогору турары, сыйланары белгиленди.
“Мамлекет интернетке чыккан маалыматтарды кылдат көзөмөлдөп, бир аз ката кетирген ЖМКны блоктоп, позициясы өзгөчөлөнгөн жарандарды дароо аныктап жатат. Бирок ошондой эле ыкчам жана натыйжалуу чараны журналисттердин жана блогерлердин жеке жашоосунун купуялыгын бузган маалымат жайылганда көрбөй жатат. Жеке өзү үчүн гана тарткан видеосу же сүрөтү жарыяланып кеткен окуяга ар бир адам туш болушу мүмкүн, бирок бул үчүн эч ким жазага тартылбайт”, - деп да айтылды билдирүүдө.
Ошондуктан медиа коомчулук өкүлдөрү бийликтен журналисттердин жана блогерлердин жеке жашоосун коргоону, мыйзам менен корголгон маалыматтардын таркатылышына бөгөт коюуну жана күнөөлүүлөрдү мыйзам чегинде жоопко тартууну, сөз эркиндигине жана көз каранды эмес журналистикага коркунуч келтирген мыйзамдардын кабыл алынышына жол бербөөнү өтүнүштү.
Акыркы жылдары эл аралык уюмдар Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалына кабатырлыгын билдирип келишет. Эске сала кетсек, былтыр коррупцияны ашкерелеген иликтөөчү журналист Болот Темиров былтыр өлкөдөн күч менен чыгарылган, Next TV телекомпаниясынын жетекчиси шарттуу түрдө үч жылга соттолгон, "ПолитКлиника" басылмасына каршы сотко арыз берилип, “Азаттыктын” сайты тогуз айча бөгөттөлүп турду. Учурда "Клооп Медиа" сайтын жабуу үчүн сот иштери жүрүп атат.
Журналистика жаатында ишмердик кылган жазуучу, публицист Олжобай Шакир жана "Азаттык" радиосунун мурдагы баяндамачысы Айданбек Акматов абакта отурат.
Бирок ага карабай Кыргызстанда бийлик сөз эркиндиги камсыздалганын белгилеп келет. Бул тууралуу бүгүн, 7-ноябрь – Маалымат жана басма сөз күнүнө карата куттуктоосунда президент Садыр Жапаров дагы айтты.
Ал кыргыз журналистикасы өлкөнүн эгемендик жылдарында улуттук, маданий жана тарыхый баалуулуктарды бекемдөөгө олуттуу салымын кошуп келе жатканын белгилеп, ага жараша жоопкерчилик да күчөгөнүн кошумчалады:
“Бүгүн маалымат алмашуу чагылгандай тездик менен жүрүп жаткан мезгил. Керек болсо жаңылыктар бир нече секунданын ичинде Жер шарын айланып өтөт. Бул ыкчам доордо сиздер аркалаган кесиптин – жалпыга маалымдоо каражаттарынын орду өзгөчө мааниге ээ. Заман жүгүнө жараша басылмалардын мүмкүнчүлүктөрү да кеңейүүдө, интернет аркылуу окурмандардын саны да артууда. Мындай шартта жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлеринин коом турмушунда болуп жаткан окуяларды чагылдыруудагы жоопкерчилиги дагы күчөйт. Анткен менен көп кылымдык басма салты жана ата мекендик жалпыга маалымдоо каражаттарынын басып өткөн тарыхы жоголгон жок деп ишенем. “Төртүнчү бийликтин” күчү буга чейин да замандын кубаттуу кыймылдаткычы болуп келген, мындан ары да болуп кала берет”
“Журналисттер” коомдук бирикмесинин соңку маалыматына караганда, Кыргызстанда 206 гезит, TV, радио жана 22 белгилүү интернет басылма бар. Аларда эмгектенген журналисттердин саны 1875тин тегерегинде.