Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

“Медиа Полиси” уюму Kaktus.media басылмасына каршы арыздын өзү мыйзамсыз экенин белгиледи

0
“Медиа Полиси” уюму Kaktus.media басылмасына каршы арыздын өзү мыйзамсыз экенин белгиледи

“Медиа Полиси Институту” уюму Kaktus.media басылмасына коюлуп жаткан айыптын өзү мыйзамсыз болгондуктан сотто ал четке кагылышы керек деп эсептейт. Бүгүн 7-ноябрда жарыялаган билдирүүсүндө уюм, биринчиден, юридикалык жак моралдык зыян тартышы мүмкүн эместигин, экинчиден, доогер тарап басылма жалган маалымат жарыялаганын далилдеп бере албагандыгын белгиледи.

“Кыргызстандын мыйзамдарына жана эл аралык стандарттарга ылайык, эгер маалымат чындыкка дал келгени анык болсо, аны четке кагуу тууралуу талап канааттандырылышы мүмкүн эмес. Журналист Диля Юсуповадан жана Kaktus.media редакциясынан 1 миллион сом өндүрүү тууралуу талап SLAPP (коомчулуктун катышуусуна каршы стратегиялык доо) бузуучулук тактикасын колдонууга барабар. SLAPP долбоорунун максаты – цензура жана коом үчүн маанилүү маселелер боюнча билдирүүсү үчүн жоопкер тарапты кымбат жана узак соттук териштирүү аркылуу жазалоо”.  

Мындай доодон кийин башкалар да маалымат берүүдөн тартынып каларын белгилеген уюм SLAPP доосу коркутуу да, сот процессинен кыянаттык менен пайдалануу да экенин кошумчалады.

Былтыр 29-декабрда Kaktus.media сайтына "Вечерний Бишкектин" кызматкерлери гезит 1-январдан тартып жабыларын билдиришти” деген макала жарыяланган.

“Вечерний Бишкек” бул макалада так эмес маалымат келтирилгенин айтып, сотко кайрылган жана жалпысынан 50 миллион сомдук доо койгон.

Быйыл 23-майда Бишкектин Биринчи Май райондук соту макаладагы маалыматты чындыкка дал келбейт деп таануу тууралуу доо арызды  жарым-жартылай канааттандырган. Кабарчы 500 миң сом, "Промедиа Плюс" коомдук фонду (Kaktus.media басылмасынын ээси) 500 миң сом төлөөгө милдеттендирилген.

4-сентябрда апелляциялык арыз Бишкек шаардык сотунда каралып, райондук инстанциянын чечими күчүндө калтырылган.

9-ноябрда кассациялык арыз Жогорку сотто каралганы жатат. (RK)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *