Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

Орусияга жөнөтүлгөн кооптуу жүк. Маңзат катылган дарбыз

0

Чүйдүн Аламүдүн районунун Лебединовка айылы. Курулушу жарым-жартылай бүткөн үйдө Рахат Айдаркулова эки баласы менен турат. 17 жыл мурун баш кошкон күйөөсү Дамир Шайдинов беш ай мурун Казакстандын Павлодар шаарында маңзат менен кармалып, тергөө абагына камалган.

"Бул үйдү 10 жылдан бери салып жатабыз. Эгер баңгизат менен алектенсек, үйдү эчак эле бүтүрүп алат элек да. Толук бүтпөгөн үйдө жашайбыз. Кээ бир жумуштарды жаңы эле баштаган эле. “Бир барып келе калайын” деп кеткен", - деди көз жашы кылгырган аял.

Дамир Шайдинов мурда Лебединовка айылында кичи автобус айдачу. Акыркы жылдары Казакстанга, Орусияга жүк жеткирип, акча таап жүргөн. Быйыл 27-июнда дарбыз жүктөп, Орусиянын Новосибирск шаарына сапарга аттанган.

"Бүгүн сөзсүз жүктөш керек экен деди. Ал күнү жүктөп, үйгө келе алган жок. Эртеси 27-июнда жолго чыгып кетиптир. “Дарбыз жүктөп кеттим” деди. “Дарбыздар кагаз кутуга салынган, маркировка басылган. Бардык документи бар” деп айтты".

Дамир Орусияга каттаган ар бир сапарында 50-60 миң рубль менен кайтчу. Бул ирет тапкан акчасына короонун тосмосун тургузам деп пландаган экен. Бирок жай саратанда алыска дарбыз жүктөп кеткен атасын үй-бүлө ушул күнгө чейин көрө элек. Казакстандын полициясы жүктөлгөн дарбыздын ичинен ири көлөмдөгү баңгизат тапкан.

Рахат Айдаркулова күйөөсү капканга билбей түшүп калган деген ойдо.

"Кайдан билем? Бул деле кудайдын сыноосу экен. Эми айла жок, көтөргөнгө туура келет" деди. “Белиңди бекем бууп, балдарды жакшылап карап, бак” деди. Болду, андан башка сөз айткан жок", - дейт Павлодарга күйөөсү камалганда барган аял.

Казакстандын укук коргоо органдары бул факт боюнча июлда кылмыш ишин козгогон. Жүктү жеткирип бараткан 54 жаштагы Дамир Шайдинов Павлодар шаарындагы тергөө абагына камалган. Ал жүктөп бараткан дарбыздын ичинен жалпысынан 59 килограммдан ашык героин, 10 килограммдай гашиш табылган. Казак полициясы табылган баңгизаттын көмүскө базардагы баасы 2,5 миллион доллар деп эсептеген.

Казакстандын Ички иштер министрлигинин маңзат кылмыштарына каршы күрөшүү департаментинин башчысынын орун басары Аскат Мухаметкалиев кылмыштуу иштин уюштуруучусу мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга чейин эркинен ажыратыларын белгиледи. Ал учурда бул маңзат кылмышына катышкан башка адамдарды жана уюштуруучуларды, маңзат жеткирген башка каналдарды аныктоо иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

Рахат Казакстандан адвокат жалдаган. Күйөөсү күнөөсүз экенине көзү жетип турса да, аны далилдей албай чуркап жүргөнүн айтты:

 

“Кыргызстанда какпаган эшигим калган жок. Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнө кайрылдым. Бул алар чыгарган токтом. “Кылмыштын курамы жок”, “эч кандай чара көрө албайбыз, кылмыш ишин ача албайбыз” деп жазылып турат", - деди калың папканы көрсөткөн Рахат Айдаркулова.

 

Ал бул иш боюнча президент С.Жапаровго, УКМКга, ИИМге, ТИМге кайрылган. Кыргызстандын Казакстандагы консулдугунан жооп күтүп жүрөт.

 

Маңзат катылган дарбыздын изи

"Азаттыктын" журналисттери Дамир Шайдинов Орусияга дарбыз жүктөп кеткен фуранын ээсин издеп барып жолукту. Ал буйрутманы өзү таап берген экен. Анын өтүнүчү менен жүзүн ачык көрсөтүп, аты-жөнүн айта албайбыз.

 

"26-июнда түштөн кийин “Гарант Транс Логистик” деген компания бар, бизге жүк таап берип, дайыма иштешип жүрөбүз. Ал жакта Арууке деген кыз бар. “Гарант Транс Логистиктин” кызматкери. Ал киши мага чалып, “Байке, Новосибирскиге дарбыз бар эле, 200 миң сом беребиз деп жатышат. Кетесизби?” деди. Анан эле мен Дамир байкеге чалдым. "Ушундай жүк чыгып жатат. Сиз даярсызбы? Үйдөгү жумуштарыңыз бүттүбү?” десем, “Албетте, бүттү. 200 миң берип жатса, жолго акча берип жатса, кете берели” деди", - деп жүк кайдан табылганын Шайдинов айдаган фуранын ээси түшүндүрдү.

 

Анын сөзүнө караганда, Шамалды-Сайдан ташылып келген дарбыз 26-июндун кечинде Токмокко жакын жердеги Кең-Булуң айылынын аймагында Дамир Шайдинов айдаган фурага жүктөлгөн. Бир коробкага экиден даана дарбыз салынып, мөөр басылган экен. Чек арадан өтүүгө керектелген тиешелүү документтердин бардыгын “Гарант Транс Логистик” компаниясы өзү даярдап бериптир.

 

"Мен Аруукеге чалып, акча менен документтерди бербейсиңерби деп айттым. Жүккө документ жасалыш керек да. Фитосанитария, товардык-транспорттук коштомо кагаз сыяктуу жүккө керектүү документтер болуш керек. Ал [Арууке] “биз жасап жатабыз, “Гарант Транс Логистиктин” башкы директору Князь [Бадыров] деген адам жасап жатат” деди. “Ошол киши берет, болбосо үйдө болуп туруңуз, жеткирип берет” деди. Эртеси эртең менен эрте [Князь] чалып калды", - дейт фуранын ээси.

 

Ошентип Шайдинов 20 тоннага жакын дарбызды жүктөп, колуна документтерди алган соң 27-июнда түшкө маал Кең-Булуң айылындагы кыргыз-казак чек арасынан чыгып кетет. Андан кийин Павлодар облусундагы “Сулу Агаш” чек ара бекетинен өткөн. Ал эми Новосибирск облусундагы “Карасук” чек арасына барганда, орус чек арачылары автоунаанын ичиндеги жүктү текшерүү үчүн стандарттык өтмөктү жасоону талап кылган. Стандарттык өтмөктө чек ара кызматкерлери автоунаадагы жүктү текшерет.

"Жүктүн ээси Маматкулов Зафар деген адам экен. [Күйөөм] “Стандарттык өтмөктү сурап жатат деп аны менен байланышка чыгыптыр. Ал болсо “дарбызды ары-бери жылдырганда товардык көрүнүшү бузулат” деп, “Карасуктан” эмес, “Шарбак” деген чек ара өткөрүү бекетинен өтчү” деп сураныптыр. [Күйөөм] 1000 чакырым жерге айланып барыптыр. Ал жактан Казакстандан өтүп, [Орусиянын чек арасына] барса, кайрадан эле стандарттык өтмөктөн өтүүнү талап кылат", - дейт Рахат Айдаркулова.

Казакстандын Павлодар, Орусиянын Новосибирск аймактары чектешкен тараптагы казактардын чек ара бекети "Сулу Агаш", орус тараптыкы "Карасук" деп аталат

Дамир Шайдинов орус чек арачыларынын “стандарттык өтмөк болсун” деген талабынан улам жүктүн ээсинен уруксат алып, ошол жерден эки жумушчу жалдап, өтмөк жасаткан. Ошондо дарбыз салынган коробкалардын биринин түбү суу болуп калганын байкап, аны алмаштырып коюуну суранган. Анда Шайдинов автоунаанын "муздаткычы бузулуп, суу тамчылап калган деп ойлогон экен", - дейт жубайы. Мына ошондо жүк ташыгычтардын бири коробканы колунан түшүрүп алып, ичиндеги дарбыздар жарылган.

Рахат анын ичинен кудум эле дарбыздын өңүнө окшогон кызгылт түстөгү желим баштыктарга оролгон белгисиз заттар чыкканын айтат.

"Ошону менен жолдошум нес абалда калып, жүктөгөн балдарга ошол коробканы “ыргытып салгылачы” дептир. Андан кийин ошол жерде эмне кыларын билбей ойлонуп отуруп, муздаткычын оңдотконубу же эмне кылганы, кайра Казакстанды көздөй жай айдап чыгат экен да. Жүктөгөн балдар полицияга чалып койгонбу, полиция артынан келип токтотуп, кармайт...".

Рахаттын сөзү боюнча, маңзатты дарбызды жарып, ортосун оюп, калың кызыл баштыкка ороп, скочтоп коюшкан.

Дамир Шайдинов дарбыздын ичинен чыккан белгисиз заттарды көргөндөн кийин полиция чакырган эмес. Тескерисинче, ал коробкадагы заттарды дарбызы менен кошо таштандыга ыргытып, окуя болгон жерден унаасы менен жылып кеткен.

"Ошол замат полиция чакырса, күнөөсү жеңилирээк болмок беле? Андай нерсени көрбөгөндөн кийин өзүн жоготуп койду окшойт", - дейт Рахат.

"Эгер билсе антпейт эле да. Билбеген үчүн ошондой нес абалда болду деп ойлоп атам. Өзү жаман нерселерди кылбайт. Тамеки тартпайт, арак ичпейт. Бирөө бир нерсе айтса, ошого ишенип, жаман ою жок болчу", - дейт беш айдан бери күйөөсүн күткөн аял.

Рахаттын айтымында, жолдошу бул окуядан кийин жүктүн ээси делген Зафар Маматкулов деген адам менен байланышкан. Ал окуяны угар замат телефонун өчүрүп, дайынын таптырбай кеткен. Рахат Айдаркулова ал адамга издөө жарыялоону өтүнүп, Ысык-Ата райондук милициясына арыз жазган. Ал арыздын негизинде кылмыш иши ачылбаса дагы, бир катар адамдар суралган.

Шамалды-Сайдан Чүй облусуна дарбызды жеткирген, Разаков шаарынын тургуну Дониёр Аскаровдун суракта берген маалыматтарына назар салалы.

"2023-жылдын 24-июнунда Шамалды-Сайда жүргөндө ага Зафар аттуу айылдашы келген. Алар жүктү Бишкекке жеткирүү боюнча макулдашкан. 25-июнда Дониёр Зафар берген дарек боюнча талаага барып, коробкага салынган дарбыздарды унаасына жүктөп, Бишкекке сапар тарткан. Жолдо баратканда Зафар чалып, дагы 20 коробкага дарбыз бар экенин айтып, ал токтогон жерге жарым саатта жетип келип, дарбызды өзү жүктөп берип кеткен. 1-июлда Зафар орусиялык номерден Дониёр менен байланышып, өзү жүктөгөн кошумча 20 коробка тууралуу маалыматты эч кимге айтпоосун суранганы жазылган".

Дарбызды Шамалды-Сайдан Чүй облусуна ташып келген деп аты аталган Дониёр Аскаровдун өзүнөн маалымат алуу үчүн ал жашаган Разаков шаарына бардык. Дониёр бизге окуянын чоо-жайын камерага ачык айтып берүүдөн баш тартты. Бирок суракта айткандарынын баары анык экенин камерадан тышкары сүйлөшкөндө бышыктады. Ал жеткирген дарбыздын ичинде баңгизат бар деген ой такыр болбогонун, коңшусунун жүгүн бейкапар жеткирип бергенин кошумчалады.

"Ал жакка 3-4 жолу дарбыз жүктөп баргам да. Мен айдоочумун. Кайдан жүк чыкса, ошол жакка жүктөп кете берем", - деди Дониёр Аскаров "Азаттыктын" кабарчысына.

Дониёр жүктүн ээси делген Зафарды айылдаш, анан бир көчөдө жашаган коңшу катары эле тааный турганын айтат. Чынында эле Зафардын үйү Дониёр жашаган көчөдө он үйдөн кийин турат экен.

 

Ал жерден биз Зафардын жубайына жана эжесине жолуктук. Алар Зафар Орусияда таксиде иштерин айтышты. Анын дарбыз ташыган ишке аралашканы тууралуу “кабарыбыз жок” дешти.

 

"29-июнда кайра Москвага кеткен. Андан башка нерселерди биз билбейбиз да. Казакстандан балдар келди. Суроолорду беришти. Ал биз менен байланышка чыкпайт. Иниси да Москвада. Атабыз дагы ошонун айынан Москвага кетти", - деген жооп менен гана чектелишти.

Жүктүн ээси делген Зафар Маматкулов менен эки ай бою байланышууга аракет кылдык. Уулунун артынан издеп кеткен атасы менен дагы байланыша албадык.

Жүк таап берген компания

Зафардан жүк жеткирүү боюнча буюртма кабыл алган “Гарант Транс Логистик” компаниясы Бишкекте жайгашкан. Анын жетекчиси катары Князь Бадыров деген жаран Ысык-Атанын милициясына барып сурак берген. Чуулгандуу заказ тууралуу маалымат алуу үчүн биз бул компаниянын Бишкектеги Жибек Жолу проспектисинде 541 деп көрсөтүлгөн дарекке бардык. Бирок ал жерден компанияны таба алган жокпуз. Ал жердегилер андай компанияны билбей турганын, акыркы үч жылдан бери башка ишканалар жайгашканын айтышты.

Компаниянын сайтында, ар кайсыл жарнактарда көрсөтүлгөн бир катар номерлерге чалып отуруп, акыры буюртманы кабыл алган делген Арууке аттуу кыздын өзүнө туш болдук.

- Сиздин атыңыз Аруукеби?

- Ооба. Менин атым Арууке.

- Сиз ушул жайда Казакстанга жүк жөнөткөнсүз. Дамир Шайдиновду билсеңиз керек. Эсиңиздеби?

- Билбейм. Бизде айдоочулар көп.

- Аны баңгизат менен Казакстанда кармашкан. Эсиңизде болсо керек...

- Ооба. Анан?

- Бул жүктү жеткирүү боюнча заказды качан алдыңыз эле? Кантип кабыл алдыңыздар эле? Сизден ушуну билели дегенбиз.

- Сиздердин кайрылууңуздарды биздин жетекчиликке жеткирем. Жетекчиликтен так маалымат алсаңыздар болот.

- Князь Бадыров азыр жумуштабы? Биз ал адамга баралы дегенбиз.

- Азыр мен сиздин номерди ага берем. Ал сиз менен байланышып, сүйлөшөт.

Князь Бадыров Ысык-Ата районунун милициясына берген суракта Зафардан жүктү жеткирүү боюнча буюртманы Арууке деген кызматкери кабыл алганын айткан. Жүктү жеткирүү тууралуу сунуш дал ушул Аруукеден түшкөнүн фуранын ээси дагы айткан. Арууке бул маалыматты четке кагып, башка адамга оодарды.

"Бул буюрутманы кабыл алган кыз азыр иштебейт. Бул окуядан кийин ал жумуштан кеткен. Анын аты Рыскүл. Ал өзүнүн кичи мекенине, Жалал-Абадга кеткен. Бул анын кардары болчу. Буюртма ага түшкөн. Окуядан кийин ал башка жакка кетип калган, биз аны иштен кетиргенбиз", - деди Арууке журналисттерге телефондон.

Ал буюртманы "башка бирөө кабыл алды" деп айтканы менен, бизге ал адам тууралуу кошумча маалымат берген жок. Аты айтылып жаткан Рыскүлдүн байланыш номерин дагы ала алган жокпуз. Мындан улам буйрутманы Рыскүл алган-албаганын тактоо мүмкүн болгон жок.

Биз Аруукеден компания кайда жайгашканын бир нече жолу сурадык. Бирок, эмнегедир, берген жок. Материал даярдалып жаткан учурда Князь Бадыров дагы бизге байланышка чыкпады. Аруукенин сөзүнө караганда, алардын компаниясы кардар менен айдоочуга ортомчу катары гана иштейт. Жүк жөнөтчү кардарларды таап, фуранын айдоочулары менен байланышат. Ал эми жүк үчүн эч кандай жоопкерчилик албайт.

Орусияга жүк ташуу

Орусияга каттаган айдоочулар жүктү кандай жол менен алат, текшерип салуу мүмкүнчүлүгү барбы, алар ташыган жүккө ким жоопкерчилик алат деген суроо менен биз “Ак-Тилек” чек ара өткөрүү бекетине барып, Орусияга бараткан айрым айдоочуларга кайрылдык. Кээ бир гана айдоочулар жүктү карап, текшерип алганга аракет кыларын айтышты. Ал эми көпчүлүгү тобокелге салып иштеп жүрөт.

"Биз билбейбиз да. Мисалы, ар бир дарбызды ачып көрө албайбыз. Эч бир кепилдик бере албайбыз. Эгер анын ичинен бир нерсе чыкса, айдоочунун мойнунда болот. Кааласаң да, каалабасаң да. Документтин баары бизге жазылат", - деди айдоочулардын бири Абдиназир Эсенбиев.

Дамир Шайдинов Казакстандын ичинде эле беш жолу чек араны кесип өткөн.

"Мейли эми биздин чек арада рентген жок болсун. Биздикилердин ит менен издегени да [эсепке] алынбасын. Кыргызстандын чек арасын 27-июнда күндүз саат 14:00дө өтүп жатат. Казакстандын чек арасын туура 14:30да өтүп жатат. Ал жакта килейген рентген бар. Ал жерден [жашырып] өтүп кетүү мүмкүн эмес да", - дейт Дамир Шайдинов айдаган фуранын ээси.

Казакстанда баңгизат менен кармалып, төрт айдан бери камакта отурган Дамир Шайдиновдун иши боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн “Азаттык” радиосунун казак кызматы Казакстандын Ички иштер министрлигине кат менен кайрылды.

Биздин колго тийген жоопто белгиленгендей, азыркы тапта Дамир Шайдиновго карата сотко чейинки тергөө амалдары жүрүүдө. Жакында эле шектүүнүн камак мөөнөтү дагы төрт айга узартылган. Казакстандын укук коргоо органдары тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн толук маалымат берилбей турганын белгилешет.

Шайдиновдун жубайы Рахат Айдаркулованын айтканы боюнча, казак полициясынын талабы менен жүктүн ээси делген Зафар Маматкулов Орусияда кармалган. Учурда аны Казакстанга экстрадициялоо маселеси каралууда. Ал жактан суракка алынып, Шайдинов менен беттештирилет. Айдоочунун үй-бүлөсү бул процесстин тезирээк ишке ашышын чыдамсыздык менен күтүп, атасы акталып чыгып, үйгө кайтып келет деген үмүт менен отурат.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *