Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

"Чекисттер кошо барган". Каримованын мурдагы күйөөсү Гонконгдо кармалды

0

Гонконгдун полициясы Өзбекстандын экс-президенти, маркум Ислам Каримовдун тун кызы, ушу тапта абакта отурган Гүлнара Каримованын мурдагы жарандык күйөөсү Рустам Мадумаровду кармады. Бул тууралуу "Азаттыктын" өзбек кызматы -"Озодлик" радиосу жазды.

Маалыматка караганда, аны Өзбекстандын коопсуздук комитети Каримова атасы бийликте турганда чет жакка чыгарып кеткен акчаны кайра кайтаруу ишинде колдонуп келген.

Рустам Мадумаров алгач 2014-жылы кармалган. Өзбекстандын Башкы прокуратурасы аны "уюшкан кылмыштуу топтун" башчысы деп жарыялаган. Ошол эле жылы ал "мыйзамсыз ишкердик кылган", "салык төлөөдөн качкан", "арам акчаны адалдаган", "чет элдик валютаны сыртка ири көлөмдө мыйзамсыз алып чыккан" деп айыпталып, алты жылга эркинен ажыратылган.

Бирок өзбек соту аны канча жылга кескени белгисиз. Мадумаровдун жаза мөөнөтү аяктаганы тууралуу расмий маалымат жок.

Рустам Мадумаров тууралуу акыркы расмий маалымат Британиянын прокуратурасынын сайтында 2020-жылы чыккан. Анда ал Өзбекстанда абакта жазасын өтөп жатканы айтылат.

"Озодлик" радиосу өз булактарына таянып жазгандай, 46 жаштагы Рустам Мадумаров октябрь айынын башында Гонконг аэропортунда кармалган. Өзбекстандын атайын кызматынын өкүлдөрү аны күрөөгө бошотууга аракет кылганы менен майнап чыккан эмес. Мадумаров Гонконгдо арам акчаны адалдаштырууга айыпталып жатканы кабарланды.

Ошондой эле Өзбекстандын абагынан чыккан Мадумаров Гонконгго өз каалоосу менен эмес, Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын жогорку жетекчилеринин буйругу менен барганы айтылууда.

"Аны аэропорттон кармашты. Рустам кармалары менен анын жанында жүргөн эки өзбек кызматкер таанымаксан болуп, кетип калышты. Мадумаров Гонконгдо арам акчаны адалдаган деп айыпталууда. Алгач аны күрөө менен бошотууга аракет кылышкан. Бирок Гонконг тарап буга макул болгон жок. Ал бир айдан бери ал жакта абакта жатат", - дейт Рустам Мадумаровдун камалышынын чоо-жайын билген "Озодликтин" булагы.

Эмне үчүн өзбек чекисттер Мадумаровду Гонконгго алып барышты?

2017-жылы Өзбекстандын Башкы прокуратурасы 12 өлкөнүн аймагында Мадумаров жетектеген уюшкан кылмыштуу топтун дээрлик 1,5 миллирд долларлык "адалданган активдери" аныкталганын билдирген. Алардын ичинде 67 миллион доллар Гонконг банкында сакталып турганы жана ошол кезде 15 миллион долларга бааланган Гонконгдогу The Arch пентхаусу бар экени кабарланган.

Өткөн жылы жайында Канаданын The Globe and Mail басылмасы The Arch пентхаусу 68,4 миллион долларга сатылганын жазган.

"Озодлик" радиосунун редакциясына тийген документтерде Standard Chartered Bank'тын Гонконг филиалында Рустам Мадумаров менен Гүлнара Каримованын атына ачылган бир нече эсеп бар экени жазылган. Аларда Мадумаров менен Каримованын жүз миллиондогон доллары сакталып турат.

Гүлнара Каримова соңку 11 жылдан бери бир катар эл аралык кылмыш ишинин фигуранты болуп келет. Буга чейин анын Швейцария банктарындагы 1 миллиард долларга жакын каражатынын эсеби жабылган. Бирок Каримова менен Мадумаровдун Гонконг банктарындагы эсеби жабылганы тууралуу расмий маалымат жок.

Белгилей кетсек, былтыр канадалык The Globe and Mail басылмасы Гонконгдогу Каримовага таандык делген батир 68,4 миллион долларга сатылганын жазган.

"Ууруну каракчы тоноптур"

Расмий Ташкент Гонконг бийлигинен Гүлнара Каримованын бул өлкөдөгү мүлкүн Өзбекстанга кайтарууну суранган күндө деле, бул жараян Каримованын Швейцариядагы активдери сыяктуу көп жылдарга созулчудай.

Андыктан Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматындагы айрым "таасирдүү" кишилер Рустам Мадумаровдун ортомчулугу менен Каримованын акчасын уурдап, бүгүнкү бийликтеги адамдардын жеке эсебине которуу операциясын уюштурганын "Озодликке" ишенимдүү булак кабарлады.

Лондондо жайгашкан Central Asia Due Diligence изилдөө борборунун директору Алишер Илхамов Гүлнара Каримованын эсеби жабылган акчасын кантип жана кимге кайтаруу керектиги боюнча талкууларга активдүү катышат. Илхамов белгилегендей, Рустам Мадумаровдун камалышы менен Гонконгдон түшкөн акчаны мамлекеттик бюджетке эмес, жеке чөнтөктөрүнө кайтарууну каалаган ташкенттик айрым аткаминерлердин планы ачыкка чыкты.

"Укуктук маселелерде мамлекеттердин ортосунда өз ара жардам көрсөтүү механизми бар. Бул механизм уурдалган деп эсептелген мамлекеттик каражаттарды ошол өлкөгө кайтарууга мүмкүндүк берет. Бул учурда акча же мүлктөр мамлекеттик бюджетке кайтып келет. Мадумаровдун Гонконгго сапарын уюштурган адамдар бул акчаны мамлекеттик бюджетке кайтарып, мамлекеттик муктаждыктарга же социалдык долбоорлорго жумшоону көздөшпөгөндөй. Алар жөн гана акчаны кымырып келген. Бул окуядан башкача тыянак чыгаруу өтө кыйын. Максат бул уурдалган акчаны дагы бир жолу уурдоо болчу", - дейт Алишер Илхамов.

"Озодликтин" булактары Рустам Мадумаровду Гонконгго алып баруу операциясын президент Шавкат Мирзиёевдин үй-бүлөсүнүн Мамлекеттик коопсуздук кызматындагы таасирдүү өкүлдөрү түздөн-түз уюштуруп, акчаны өздөрүнө алгысы келгенин ырасташууда.

Мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасынын биринчи орун басары, генерал Батыр Турсунов президент Шавкат Мирзиёевдин кудасы. Ал президенттин улуу күйөө баласы Ойбек Турсуновдун атасы.

Ал эми Мирзиёевдин кичүү күйөө баласы Отабек Умаров да Мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасынын орун басары статусуна ээ болгон аткаминер. Ал президенттин жансакчыларынын де-факто башчысы.

Буга чейин "Озодликтин" иликтөөлөрү көрсөткөндөй, башкаруучу үй-бүлөнүн өкүлдөрү өлкөнүн бардык күч түзүмдөрүндө жогорку кызматтарды ээлейт.

"Озодликтин" булактары полковник Алижон Ашуров Мадумаров аркылуу Гүлнара Каримованын акчасын уурдоо операциясына түздөн-түз тиешеси бар экенин айтышат.

Ашуров учурда Өзбекстандын Фергана облусунун коопсуздук кызматынын башчысы экени айтылууда.

Бул окуянын чоо-жайын жакшы билген аткаминердин айтымында, Рустам Мадумаровду Гонконгго коштоп барган эки кызматкердин аты Музаффар жана Айбек. Алар Алижон Ашуров жетектеген Ички коопсуздук башкармалыгынын кызматкерлери.

Бирок "Озодлик" Алижон Ашуровдун ээлеген кызматын жана учурдагы аскердик наамын, ошондой эле аталган башкармалыктын кызматкерлеринин аты-жөнүн расмий тастыктай албайт.

Атын атагысы келбеген бийлик өкүлүнүн айтымында, Рустам Мадумаровдун Гонконгдо камакка алынышы Ташкентте чоң башаламандыкты жаратты.

"Бул Өзбекстандын өкмөтү үчүн чоң уят. Адегенде эмне кыларын билишпей, баштары маң. Апта башында Тышкы иштер министрлиги Мадумаровдун камалышына байланыштуу Гонконгдун администрациясына нааразылык нотасын жөнөткөн. Ага консулдук аркылуу адвокат дайындалган. Тагдырдын тамашасын карачы, 2014-жылы Өзбекстандын прокуратурасы Мадумаровду Гүлнара Каримова мүчө болгон "уюшкан кылмыштуу топтун башчысы", "арам акчаны адалдоочу" деп айыптаган. Эми болсо арам акчаны адалдоого эч кандай тиешеси жок экенин далилдөө үчүн документ чогултууда. Эмнеси болсо да Мадумаровду Өзбекстанга алып келүүгө аракет жасалып жатат".

Учурда "Озодлик" радиосу Рустам Мадумаров кайсы өлкөнүн өтүнүчү менен Гонконгдо кармалганын жана аны үчүнчү өлкөгө экстрадициялоо мүмкүнчүлүгү бар-жогун билбейт. Маалыматтарга караганда, Мадумаров Гонконгдо акча кымырууга айыпталууда. Эгер ал бул берене боюнча күнөөлүү деп табылса, 14 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Гүлнара Каримованын "ишенген тоосу"

Рустам Мадумаров 2000-жылдары Гүлнара Каримованын жеке жашоосунда жана анын бизнес империясында абдан маанилүү роль ойногон адам экенин "Озодликтин" карамагындагы документтер тастыктайт.

Гүлнара Каримова кол койгон документте Мадумаров менен 2002-жылдан бери чогуу жашаганы жазылган. Мадумаров президенттин кызынын ишенимине кирип, эгер балдары эрезеге жете электе каза болуп калса, Ислам менен Иманга кам көрүүнү Мадумаровго мураска калтырган.

Рустам Мадумаров Каримованын 2002-жылдан кийин түрдүү өлкөлөрдө ачылган маанилүү офшор компанияларынын да номиналдуу ээси болгон. Анын атына ачылган Гонконгдогу Expoline Limited жана Гибралтардагы Swissdorn Limited компаниялары аркылуу Каримова Францияда жана Гонконгдо ири суммаларга кыймылсыз мүлктөрдү сатып алган. Мындан тышкары Мадумаров бул компаниялардын банк эсептериндеги жүз миллиондогон каражатты башкаруу укугуна ээ болгон.

Гүлнара Каримова Рустам Мадумаровго расмий түрдө 2008-жылы ноябрда турмушка чыккан. Алардын нике келишимине ылайык, бул үй-бүлө "адвокаттардын тобу сунуштаган" каржы схемаларын ишке ашыруу максатында түзүлгөн. Каримова менен Мадумаровдун никеси катталгандан туура бир айдан кийин ал экөө кайра расмий түрдө ажырашкан.

Нике келишиминдеги схемага ылайык, Каримова Рустам Мадумаровдун ысымындагы компаниялардын каражаттарын мыйзамдуу түрдө өзүнө алуу укугуна ээ болгон. Жыйынтыгында Каримова Мадумаровдун компанияларынын эсебинен өз эебине кеминде 322 725 000 доллар которуп алган.

Гүлнара өзү кайда?

Гүлнара Каримованын кайда экени жана абалы тууралуу акыркы расмий маалыматты Олий Мажлистин адам укуктары боюнча комиссары (Акыйкатчы) Феруза Эшматова таратты. 2021-жылдын 8-октябрында ал журналисттерге Зангиатадагы №21 аялдар колониясында Гүлнара Каримова менен жолукканын, анын абалы жакшы экенин айткан.

Каримованын швейцариялык адвокаттарынын өкүлү да ал акыркы жолу 2021-жылдын 7-8-сентябрында Өзбекстандын түрмөсүндө кардары менен жолукканын билдирди.

Соңку эки жылдан бери Гүлнара Каримованын кызы Иман менен уулу Ислам да энесин бошотууну жана анын ден соолугунун начарлашын талап кылган билдирүүлөрдү жарыялоону токтотушкан. Быйыл 8-июлда гана жакындары Гүлнара Каримованы көрө албай жатышкандыгы тууралуу кыскача билдирүү таратышкан.

Лондондо жашаган Иман Каримова социалдык тармактагы баракчасына Өзбекстанга утур-утуру каттап, таенеси Татьяна Каримова менен сүрөттөрүн жарыялап турат. Бул сүрөттөрдө Иман Каримова апасы Гүлнара Каримовадай эле жаркыраган образда көрүнөт.

"Озодликтин" булактарынын айтымында, Иман Каримованын Өзбекстанга каттай башташынын себеби апасы Гүлнара Каримова быйыл үй камагына чыгарылган.

"Татьяна Акбаровна Мирзиёевге Гүлнараны бошотууну кайра-кайра сурангандан кийин Гүлнара үй камагына чыгарылган. Албетте, Гүлнаранын социалдык тармактарда кайра сүйлөбөшү үчүн коопсуздук чаралары көрүлгөн. Мадумаров Гонконгдогу банктан которуш керек болгон акча чынында Гүлнараны үй камагына алуу үчүн төлөм болгон".

Редакция бул маалыматты расмий ырастап же төгүндөй албайт.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы Рустам Мадумаровдун Гонконгдо кармалышы жана Гүлнара Каримованын үй камагына которулушу тууралуу суроолорду жоопсуз калтырды.

Өлкөнүн Жогорку сотунун жана Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы "Рустам Мадумаров качан бошотулду жана анын чет өлкөгө чыгуусуна чектөө же тыюу салындыбы" деген суроолорго жооп берген жок.

"Озодлик" радиосунун иликтөөсүн орус тилинде бул жерден окуй аласыз.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *