Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

Казакстан: шахтада набыт болгон 46-кенчинин сөөгүнүн калдыктары табылды

0

Казакстандын Караганды облусунун акимчилиги шахтадагы кырсыкта каза болгон дагы бир адамдын сөөгүнүн калдыктары табылганын 7-ноябрда билдирди. Маалыматка караганда, калдыктар Александр Прокудин аттуу жумушчуга таандык. Жалпысынан набыт болгондордун саны 46га жетти.

Жакында эле тек-жайы аныкталган беш кенчинин сөөгү жерге берилди.

Костенко шахтасындагы 28-октябрга караган түнү жарылуу болгон. Кырсык учурунда жер астында 252 кенчи болгону, алардын 206сы өз алдынча чыгып кеткени кабарланган. Калгандары сыртка чыга албай калган.

Алдын ала маалымат боюнча, жарылууга көмүр казанынан чыккан өрт себеп болгон. Өлкөнүн Башкы прокуратурасы Кылмыш кодексинин “Тоо-кен же курулуш иштерин жүргүзүүдө коопсуздук эрежелерин бузуу” беренеси боюнча сотко чейинки тергөө амалдарын баштаганын кабарлаган.

Президент Касым-Жомарт Токаев бул окуядан кийин "АрселорМитталТемиртау" компаниясы менен инвестициялык кызматташууну токтотуу тапшырмасын бергенин билдирген.

Өткөн жылы "АрселорМиттал Темиртаунун" ишканаларындагы окуялардан кийин Казакстандын өкмөтүнүн алдында Караганды көмүр бассейниндеги шахталардын жана металлургиялык комбинаттын "кожоюнун алмаштыруу" маселеси турганы айтыла баштаган.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *