Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

15 жаштагы Адам Кадыров кезектеги орден менен сыйланды

0

Чеченстандын лидери Рамзан Кадыров Кабардин-Балкария аймагы 15 жаштагы уулу Адамды "Республикага сиңирген эмгеги үчүн" ордени менен сыйлаганын билдирди. Чечен лидеринин белгилешинче, наамды "улуттар жана конфессиялар аралык тынчтыкты, ынтымакты чыңдоого кошкон салымы үчүн" аталган аймактын башчысы Казбек Коков тапшырган. Бирок республиканын расмий сайтында мындай маалымат жок.

Кенже Кадыровдун наам алганы тууралуу маалымат айрым аймактар ага наам берүүдөн баш тартканы тууралуу кабарлар чыккандан бир аптадан кийин жарыяланды. Буга чейин Чеченстандын жетекчилиги Кавказдагы бир катар жумурияттарга кайрылып, Адам Кадыровду "колдоп" коюуну өтүнгөнү белгилүү болгон. Бирок Адыгей менен Кабардин-Балкария аймактары ага жогорку улуттук наам берүүдөн баш тартканы кабарланган.

Өткөн айдын башында өспүрүм "Чеченстандын баатыры" деген наам алган. Андан көп өтпөй Татарстанда ага "Дуслык" ордени ыйгарылган. Карачай-Черкес аймагында дагы ага жогорку орден берилген.

"Достук" ордени Татарстандын Мамлекеттик кеңешинин депутаты Азат Хамаев Кадыровго киши сабаганы үчүн "Чеченстандын баатыры" наамы берилишин сындап чыккандан кийин берилген. Кийин Хамаев "эмоционалдуу билдирүүсү үчүн" кечирим сурап, бул "бир тууган элдердин ортосундагы мамилеге доо кетириши мүмкүн" экенин айткан.

Адам Кадыров сентябрда Грозный шаарындагы тергөө абагында Куранды өрттөөгө айыпталган Никита Журавелди сабап, атактуу болгон. Бул маалыматты Орусиянын акыйкатчысы Татьяна Москалькова жарыялап, бул жумурияттагы адам укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Мансур Солтаевге кырдаалга көңүл буруу өтүнүчү менен кайрылган.

Кийинчерээк улуттук саясат министри Ахмед Дудаев Кадыровдун уулу Журавелди "диний себеп" менен урганын моюнга алган.

Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров уулунун жоругун колдоп, Куранды өрттөгөнү үчүн Журавел "катаал жазасын алышы керектигин" айткан. Ал ошондой эле уулу Журавелди сабап жатканы тартылган тасманы жарыялаган.

5-ноябрда 15 жаштагы Адам Кадыров республиканын жетекчисинин коопсуздугун камсыздоо кызматында бөлүм башчы болуп дайындалган. Бул тууралуу Мамлекеттик Думанын депутаты Адам Делимханов Телеграм каналына жазган.

Рамзан Кадыров 4-октябрда 24 жаштагы кызы Айшатка "Эл артисти" наамын ыйгарган. Ага чейин Айшат Кадырова жумурияттын вице-премьерлик кызматына көрсөтүлүп, аны атасы кубаттаган.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *