Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

Президент Садыр Жапаров Жапонияга барат

0
Президент Садыр Жапаров Жапонияга барат

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 17-20-ноябрь күндөрү Жапонияга сапар менен барат. Бул тууралуу Жапониянын министрлер кабинетинин башкы катчысы Хирокадзу Мацуно 7-ноябрдагы маалымат жыйында билдиргенин Nikkei басылмасы жазды. Маалыматка караганда, Жапаров премьер-министр Фумио Кисидо жана император Нарухито менен жолугушат.

"Кыргызстан - Жапония үчүн дос өлкө. Былтыр дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толду. Кыргызстандын президентинин Жапонияга сапары биздин өлкөлөр ортосундагы мамилелерди мындан ары тереңдетип, кызматташтыктын деңгээлин көтөрөт деп ишенем", - деген Мацуно.

Маалыматта Садыр Жапаров Токиодон сырткары Киото шаарына барары да белгиленген.

Кыргызстандын президенттик администрациясынан мамлекет башчынын Жапонияга барарын ырастап, ал кандай сапар болору, алдыдагы жолугушуулар тууралуу расмий маалымат кийинчерээк берилерин билдиришти.

Кыргызстанга бейөкмөт уюмдар аркылуу жардам берүүчү уюмдардын катарында Жапониянын эл аралык кызматташтык агенттиги (JIСA) бар. Уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү 2000-жылы ачылган. Агенттик айыл чарба, социалдык инфратүзүм, жакырчылык менен күрөшүү, социалдык жана агрардык өнүгүү, саламаттык сактоо, мыйзамдык системаны реформалоо өңдүү нар бир кыргызстандыктын жашоосуна түз таасирин тийгизген ири долбоорлорду ишке ашырып келет. (КЕ)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *