Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

Коррупциялык чуудан улам Португалиянын өкмөт башчысы кызматтан кетти

0
Коррупциялык чуудан улам Португалиянын өкмөт башчысы кызматтан кетти

Португалиянын өкмөт башчысы Антониу Кошта 7-ноябрда коррупциялык жаңжалга байланыштуу кызматтан кетти. Ошол эле күнү анын резиденциясында тинтүү жүргүзүлгөн. Жергиликтүү маалымат каражаттары жазгандай, рейддер 40тан ашуун мекемеде, анын ичинде Инфраструктура министрлигинде, Айлана-чөйрөнү коргоо министрлигинде дагы өткөрүлгөн.

Маалыматка караганда, беш киши, анын ичинде өкмөт башчынын администрация жетекчиси, Синиш шаарынын мэри жана бир нече ишкер кармалган.

Прокуратура бул маалыматты ырастап, аткаминерлер "пара алган жана Монталегре аймагында литий кенин иштетүүгө лицензия берүүдө өз кызыкчылыгын көздөгөн" деп шектелүүдө.

Испания менен чектеш жакка жакын жайгашкан Монталегре районунда Европадагы эң ири литий кени жайгашкан. Бийлик жергиликтүү элдин каршылыгына карабай ал жакты иштеттүүнү көздөп жаткан.

62 жаштагы Кошта Португалиянын өкмөтүн 2015-жылдан бери жетектеп келген.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *