Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

Өзбекстанда синагогаларда коопсуздук чаралары күчөтүлдү

0
Өзбекстанда синагогаларда коопсуздук чаралары күчөтүлдү

Жакынкы Чыгыштагы согушка байланыштуу расмий Ташкент Израилдин элчилиги жайгашкан аймакта, синагогаларда жана Өзбекстандагы жөөттөргө караштуу мекеме-жайларда коопсуздук чараларын күчөттү. Синагогаларды күнү-түнү Улуттук гвардиянын жоокерлери кайтарууда.

“Мамлекет синагоганын жанында күзөтчүлөрдү койду. Улуттук гвардия даяр турат. Адамдар келип, сыйынып кетип жатышат. Эч кандай маселе жок”, - дейт Ташкенттеги синагоганын кызматкери. Андан тышкары Кокондогу жөөттөрдүн көрүстөнү да кайтарууга алынды.

Расмий маалыматка ылайык, Өзбекстанда азыр 10 синагога бар. Ташкентте үч, Самарканд менен Бухарада экиден, калгандары Кокон, Фаргана, Маргалан жана Анжиянда жайгашкан.

1926-жылдары Өзбекстанда 19 миңдей жөөт болгон. 1989-жылы алардын саны 29 миңге жеткен. Анын ичинен 4200ү бухара жөөттөрү эле. 1990-жылдардын башында алардын көбү АКШ, Израил жана Европанын ар кайсы мамлекеттерине чыгып кетишкен.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *