Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

Тажикстан менен Иран виза режимин жоюуну макулдашты

0
Тажикстан менен Иран виза режимин жоюуну макулдашты

Ирандын президенти Ибрагим Раиси Тажикстанга жасаган расмий сапарынын маалында 8-ноябрда бир катар документтерге кол коюлду. Анын ичинде Дүйшөмбү менен Тегеран виза режимин жоюу тууралуу макулдашты.

Буга чейин эки өлкөдө тең бир катар коомдук ишмерлер виза режимин жокко чыгарууну сунуштап келишкен. Бул миңдеген ирандыктын Тажикстанга турист катары ээн-эркин кирип-чыгуусуна жол ачат деп жүйө кылышкан.

Андан тышкары, транспорт, эркин экономикалык аймактар, маңзатка каршы күрөшүү боюнча бир катар келишимдер кабыл алынды.

Тажикстан менен Ирандын алакасы 2015-жылдары кескин начарлап кеткен. Анда расмий Дүйшөмбү Тегеранды тажик бийлиги террордук деп тааныган "Ислам кайра жаралуу партиясынын" төңкөрүш, жарандык согуш тутантуу аракетин колдогон" деп айыптаган.

Соңку жылдары эки коңшу мамлекет ортосундагы мамилелер кайрадан өз нугуна түшкөнү байкалат.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *