Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

АКШ Сириядагы иранчыл күчтөрдүн жайларына сокку урду

0
АКШ Сириядагы иранчыл күчтөрдүн жайларына сокку урду

Америкалык эки F-15 истребители Сириянын чыгышындагы бутага сокку урганын Пентагондун башчысы Ллойд Остин билдирди. Маалыматка караганда, Ирак жана Сириядагы америкалык базаларга болгон бир нече чабуулга жооп иретинде сокку уруу буйругун президент Жо Байден берген. Бутага алынган жай Ирандын Революция сакчыларынын корпусу жана ага жакын топтор тарабынан колдонулуп келген.

Al Mayadeen телеканалы өз булактарына шилтеме менен билдиргендей, шаршембинин кечинде АКШнын учактары сокку ургандан кийин Дейр-эз-Зор шаарына жакын жерде Сириянын өкмөттүк күчтөрү АКШнын аскерлери жана күрд кошуундары менен кагылыша кетти.

Ошол эле күнү Иранды колдогон Йемендеги хусилер америкалык учкучсуз учакты атып түшүрүшкөнүн «Америка авазы» радиосу маалымдады. АКШнын атын атабаган расмий адамдары дрон Йемендин жээгинде атып түшүрүлгөнүн билдирип, окуя эл аралык аба мейкиндигинде болуп болбогонун такташкан жок.

Пентагондун маалыматына караганда, октябрдын ортосунан бери Иранды колдогон согушкерлер АКШнын Ирактагы жана Сириядагы аскердик базаларына дрон жана ракеталар менен кеминде 40 чабуул койгон.

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал ХАМАС радикал тобу Израилге кол салып, жөөт армиясы жооп кайтарып согуш баштагандан бери курчуп кетти. Вашингтон жаңжалдын жайылып кетпеши үчүн регионго аскердик кемелер менен авиациясын жөнөткөн.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *