Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

HRW активист Жыланбаевди бошотууга казак бийлигин чакырды

0
HRW активист Жыланбаевди бошотууга  казак бийлигин чакырды

Эл аралык Human Rights Watch (HRW) уюму казак бийлигин катталбаган «Алга, Казакстан!» партиясынын лидери Марат Жыланбаевди токтоосуз бошотууга жана ага тагылган айыптарды алууга чакырды.

9-ноябрдагы билдирүүсүндө уюм активисттин сотун жабык өткөрүү чечимин айыптады.

Соттук материалдар менен таанышып, Жыланбевдин адвокаты менен сүйлөшкөн укук коргоочулар ишти жабык кароо чечими белгисиз күбөлөрдүн өтүнүчү менен кабыл алынганын айтышып, муну процесске көз карандысыз тараптарды кое бербөө аракети деп белгилешет.

HRW Казакстан Жарандык жана саясий укуктар тууралуу эл аралык пакттын катышуучусу экенин эске салат.

2-ноябрда Жыланбаев соттук жараяндын ачык өтүшүн талап кылып ачкачылык жарыялаган.

Быйыл май айында марафонго адистешкен 60 жаштагы атлет жана активист административдик иш боюнча камакка алынган. Кийин ага «тыюу салынган уюмдун ишмердигине катышуу», «экстремисттик уюмду каржылоо» беренелери менен кылмыш иш козголгон.

Жыланбаев казак бийлигин сындап, тынч акцияларга катышып жүргөнү менен белгилүү. Ал тагылып жаткан күнөөнүн бардыгын четке кагууда. Активист жана санаалаштары иштин артында саясий жүйө турат деп эсептешет.

Жергиликтүү укук коргоочулар Жыланбаевди «саясий туткундардын» тизмесине киргизишкен.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *