Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

Эмгек сиңирген артист Райма Абдубачаева дүйнөдөн кайтты

0
Эмгек сиңирген артист Райма Абдубачаева дүйнөдөн кайтты

Кыргызстандын Эмгек сиңирген артисти Райма Абдубачаева 75 жашында дүйнөдөн өттү. Бул тууралуу маалымат Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

Райма Абдубачаева 1948-жылы 13-августта Фрунзе шаарында туулган. Атасы Исмаилбек Абдубачаев Москва шаарындагы А.В.Луначарский атындагы театралдык институттун эң алгачкы бүтүрүүчүсү болсо, апасы - СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Даркүл Күйүкова.

Райма Абдубачаева 7 жашында (1955-1967-жылдары) Кыргыз драма театрына кирип, жаш жеткинчектердин образдарын жарата баштаган.

"Жалаң гана балдардын ролу менен чектелбестен, кийинки жылдарды чал, кемпир, келин, энелердин образдарын жаратып келген", - деп жазылган аталган театрдын маалыматында.

Абдубачаева 1967-1971-жылдары Москвадагы Мамлекеттик маданият институтунун режиссердук бөлүмүн аяктаган. 1972-1985-жылдары Ош драма театрында актриса, кийин 2020-жылга чейин Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында эмгектенген.

Ал 1963-жылы Москва шаарында өткөн декадада Б.Жакиевдин "Атанын тагдыры" спектаклинде Жеңишбекти, Ч.Айтматовдун "Саманчынын жолунда" Жанболоттун ролун аткарган.

Мындан сырткары ал В.Шекспир "Гамлет" - Озрик, "Ричард III" - Принц Уэльский, М.Горький "На дне" - Анна, Т.Абдумомунов "Алдар көсө" -Чатек (Чалдын образы), В.Шекспир "Антоний менен Клеопатра" - Ирада, Н.Думбадзе "Кам санаба, апаке" - Мзия жана башка ролдорду ойногон. (КЕ)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *