Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

Кытай түрмөсүндөгү кыргыз жарандарын мекенине которуу маселеси көтөрүлдү

0
Кытай түрмөсүндөгү кыргыз жарандарын мекенине которуу маселеси көтөрүлдү

Кытайдын түрмөлөрүндө жазасын өтөп жаткан кыргызстандыктарды мекенине которуу маселеси көтөрүлгөнүн 9-ноябрда Башкы прокуратура билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы маалымдагандай, башкы прокурор Курманкул Зулушевдин Кытайдын Сиан шаарындагы иш сапары уланууда.

Зулушев Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) башкы прокурорлорунун жыйынына катышып, бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Кытайдын башкы прокурору Ин Юн менен жолугушууда ортодогу кызматташтыкты бекемдөө, тажрыйба алмашуу, биргелешкен окутууларды уюштуруу, кылмыш иштери боюнча укуктук жардам берүү жана Кытайда эркинен ажыратылган кыргыз жарандарын Кыргызстанга которуу маселелери көтөрүлгөнү маалымдалды.

Бул өлкөдө канча кыргызстандык кандай иш боюнча соттолгону тууралуу жаңы маалымат жок. 2017-жылы 18 адам экени кабарланган.

Укук коргоочулардын айтымында, Кытайда соттолгон кыргызстандыктардын көбү маңзат менен кармалгандар.

2016-жылы Кыргызстан Кытайдын абактарында отурган эки, 2018-жылы төрт жаранын кайтарып алган.

2016-жылы Үрүмчүдө 7 килограмм маңзат менен кармалган кыргызстандык аял өлүм жазасына тартылган. Кийин ал маңзат мафиясынын курмандыгы болуп калганы айтылган.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *