Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

Матроним тууралуу жаңы чечим: балдар энесинин атын фамилияга ала албайт

0
Матроним тууралуу жаңы чечим: балдар энесинин атын фамилияга ала албайт

Кыргызстандын Конституциялык соту документине “атасынын аты” деген сапка апасын жаздырууга жол ачкан матроним тууралуу өз чечимин кайра өзгөрттү. Сот мындай чечимге себеп болгон жагдайлардын бири катары “матчество институтун киргизүүнү коомдун басымдуу бөлүгү терс кабыл алгандыгы" менен да түшүндүргөн. Айрым юристтер болсо укуктук башаламандык жаралганын айтып, Баш мыйзамды одоно бузуу көптөгөн мыйзамсыз көрүнүштөрдү алып келет деп эскертүүдө.

Конституциялык 9-ноябрда сот матчество, башкача айтканда матроним боюнча ушул жылдын жай айларында чыккан чечимин кайра карап чыгып, аталган документтен "бойго жеткендерде атасынын же энесинин атын тандоо укугу болот" деген бөлүгүн алып салды.

Буга чейин сотко кыргызстандык активист Алтын Капалова кайрылып, уулунун паспортуна атасынын ысымынын ордуна энесинин атын жаздырууну суранган. Бирок сот бала кийин кодулоого кабылышы мүмкүн деген жүйөө менен Капалованын арызын канааттандырып берүүдөн баш тарткан. Ошол эле учурда Конституциялык сот жашы жеткендерде атасынын же энесинин ысымын тандоо укугу болушу керектигин айткан.

Бул окуя кыргыз коомунда кызуу талкууга жем таштап, матчествого жогорку кызматтагы кишилер дагы каршы пикир жазган учурлар болду. Айталы, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов жана атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев бул боюнча каршы пикирин айтып чыккан.

"Эч кандай матчество болбойт, ким кабыл алса ошол кайра жокко чыгарышы керек. Бул менин жарандык позициям", - деп жазган Ташиев.

Бирок өлкөнүн Конституциянын 97-беренесинин 4-бөлүгүндө “Конституциялык соттун чечими акыркы болуп саналат жана даттанууга жатпайт” деп белгиленген.

Буга карабай 28-сентябрда Жогорку Кеңеш Конституциялык соттун чечимдеринин кайра каралышына жол ачкан мыйзамды талкуусуз карап, кабыл алган. Ага 3-октябрда президент Садыр Жапаров да кол койгон.

Юрист, "Адилет" укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова Конституциялык сот Баш мыйзамда көрсөтүлгөн ченемдерди бузуп атканынын өзү туура эмес экенин белгиледи:

"Конституциялык ченемдерди бузуунун алдында Баш мыйзамга өзгөртүү, толуктоо киргизиш керек эле. Андан кийин гана мыйзам кабыл алынып, ал мыйзам Баш мыйзамдан төмөн турушу зарыл. Бирок президенттин гана демилгеси менен же болбосо Конституциялык соттун өзүнүн чечими менен баарын өзгөртүп койсо болорун көрүп турабыз. Ошондуктан мен муну Баш мыйзамды бузуу катары баалайм. Маселенин баары ушунда, себеби биз конституциянын ченемдерин ушундай оңой буза алсак, демек биздин өлкөдө укуктук система кыйрап атат да. Бул бүтүндөй укуктук түзүмгө доо келтирет. Негизи кандай гана мыйзамдар болбосун, алардын ортосунда байланыш болушу керек, антпесе карама-каршы келген мыйзамдар башаламандыкты жаратат. Ушундан улам мамлекеттик түзүлүштүн негиздери талкаланууда. Биз буга байланыштуу бүтүмүбүздү бергенбиз, бирок эч кандай таасир эте алган жокпуз. Эксперт катары бул азыркы иштеп аткан Баш мыйзамдын ченемдерин одоно бузуу деп айта алам".

Юристтер Конституциялык соттун чечими акыркы болорун жана даттанууга же өзгөртүүгө жатпай турганын буга чейин да айтып, эксперттик бүтүмдөрүн чыгарып берген. Анда Конституциялык соттун чечимин өзгөртүү Баш мыйзамды өзгөртүүдөн кийин гана мүмкүн экени жазылат

 

"Сезим" кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулованын айтымында, бул эненин ысымын берүү маселесин көтөргөнү жөн жерден эмес. Борбордогу ишеним телефонуна жылына 1,5 миңден ашык аял кайрылат. Алардын көбү 4-5 балалуу энелер. Бул аялдар үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркап, айрым кыздар өз атасынан ыдык көргөнүн билдирип келет. Мындай учурларда атасын көргүсү келбей, андан кол үзгөндөн сырткары юридикалык документтерден да анын аты-жөнүн алып салууну каалагандар кездешерин айтат.

"Жакында эле төрт балалуу келин келди. Келиндин өзүнүн, балдарынын

психологиялык абалы өтө оор. Сот аркылуу күйөөсүн аталык укуктан ажыратып, балдарын өз фамилиясына өткөрүп алды. Бирок атанын аты балдардын документтеринде калды. Кыздарынын айтымында, аларга да атасынын колу тийген, тынчтык берген эмес. Ушундай үй-бүлөлөргө, тактап айтканда, балдарга тандоо укугу берилген жок. Дагы бир жагдай, Жогорку Кеңештин айрым депутаттары атасына же энесине каралашпаган балдарды жазалоо керектигин айтып чыкты. Бирок бала кезинде таштап кетип, карабай койгон ата сөрөйлөр кийин келип, "сен менин ысымымдагы баласың, мени бак" деп догун артып отурса кандай болот? Энелер бар, өмүрүн балдарына арнап, кара жанын карч уруп иштеп, уул-кыздарын багат. Ушундай энелердин балдары эмнеге энесин кадырлап, анын атын алып жүрө албашы керек?".

Медиа эксперт Миржан Балыбаев "матронимдин" айланасында кызуу талкуу жаратуу кереги жок деген пикирде. Балыбаевдин айтымында, Кыргызстан фамилия жана отчество өңдүү "ова", "ович" деген түшүнүктөн түп тамыры менен арылышы керек.

"Кыргызда "матроним" модага айланып, элдин баары энесинин атына өтүп алат деген жаңылыш ой бар. Документте көрсөтүлгөн маалыматты өзгөртүүнү каалагандар ашып кетсе 0,1% болмок. Өз атасынын атынан жыргаганынан баш тартпайт, көбү андан зордук-зомбулук көргөндөр же болбосо атасын өмүрү көрбөгөн, бирок анын аты паспортунда жазылып калгандар болот. Өмүрү кайрылып, баласынан же кызынан кабар алып койбогондор толтура. Мына ошондой атадан бала баш тартууга эмнеге укуктуу болбосун? Албетте, укугу бар. Биологиялык гана байланыш болбосо, башка эч нерсе жок да. Кыргыздын салты бузулмак, наркы бузулмак деген нерсе негизсиз, андай болмок да эмес. Кыргыздар - эзелтен эле өтө акылдуу калк, жөн жерден туруп атанын атынан баш тартпайт ансыз деле. Негизи эле биз "ова", "ович" дегенден арылышыбыз керек, ал актуалдуулугун жоготуп баратат. Бул бизге жарашпайт, көпчүлүк аттуу-баштуу адамдарыбыз "мырза" же "айым" деп кайрылган алда канча жагымдуу жана сылык болорун айтып келишет. "Отчество" бизге 1950-жылдары таңууланып, ошо бойдон келатат".

Кыргыз коомунда балдар документ алганда энесинин ысымын алган бир да учур болгон эмес. Бул маселе Алтын Капалова үч баласына туулгандыгы тууралуу күбөлүк алып жатып, атасынын ордуна өзүнүн атын жаздыргандан кийин кызуу талаш-талкууларды жаратты. 2021-жылы Мамлекеттик каттоо кызматы анын балдарына документ берген кызматкер кемчилик кетиргенин жана жоопкерчиликке тартыларын билдирген. Мекеме документтерди жокко чыгаруу үчүн сотко кайрылып, бардык инстанцияларда утуп алган эле. Кийин бул маселе Конституциялык сотко чейин жетип, “матроним” чуусу бийликти “Конституциялык сот жөнүндө” мыйзамды өзгөртүүгө аргасыз кылды.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *