Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

Президент Жапаров Сауд Арабияда Ислам саммитине катышат

0
Президент Жапаров Сауд Арабияда Ислам саммитине катышат

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 11-ноябрда иш сапары менен Сауд Арабияга барды.

Жапаровду Ханзаада Мохаммед бин Абдуррахман бин Абдель Азиз - Эр-Рияддын губернаторунун орун басары тосуп алды.

Президент Ислам кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин кезексиз Ислам саммитине катышат. Анда Палестина-Израил жаңжалы талкууланат.

 

Президент Садыр Жапаров Экономикалык кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын Ташкент шаарында өткөн саммитте Газа тилкесиндеги согуш аракеттерин токтотууга жана сүйлөшүү процесстерин баштоого чакырган.

 

7-октябрда ХАМАСтын согушкерлери Израилдин шаар-конуштарына чабуул коюп, 1400дөй кишини өлтүрүп, 240тан ашуун адамды барымтага алгандан кийин ЦАХАЛ согуш жарыялаган.

ХАМАС радикалдык тобу көзөмөлдөгөн анклавдын Саламаттык сактоо мекемеси жума күнү бир айдан ашуун согушта 11 миңден ашуун кишинин каны төгүлгөнүн, алардын 4,5 миңи балдар экенин кабарлады.

Согуш маалында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.

Улуттар Уюмунун Палестин качкындары боюнча агенттигинин маалыматында соңку алты күндө 70 миң тургун тынчыраак делген түштүк райондорго качкан. Уюм ошол эле учурда жүз миңдеген киши Израил армиясы сокку уруп жаткан түндүк райондордо калганын белгилеген.

Израил армиясынын өкүлү жума күнү Газанын түндүгүнөн 100 миңден ашуун палестин анклавдын түштүк тарабына чыгып кеткенин билдирди. Тель-Авив элге коопсуз жерлерге кетүүгө коридор ачуу үчүн жумадан тарта алты сааттык тыныгуу болорун жарыялады. (TSh)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *