Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

Жапаров Париждеги саммитте Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн азайып жатканын айтты

0
Жапаров Париждеги саммитте Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн азайып жатканын айтты

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 10-ноябрда Париж шаарындагы “Бир планета” жыйынына катышып, өлкөдөгү мөңгүлөрдүн азайып жатканын айтып, аны сактоо чараларына токтолду.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Жапаровдун айтымында, соңку 70 жыл ичинде мөңгүлөрдүн аянты 16% азайган.

“Кыргызстан – мөңгүнүн пайда болушуна ыңгайлуу климаттык шарттары катаал тоолуу өлкө, тоолор өлкө аймагынын 94 пайызын ээлейт. Соңку 70 жыл ичинде Кыргызстанда мөңгүлөрдүн аянты 16 пайызга кыскарган. Кылым соңуна карата биз мөңгүлөрдүн 80 пайыздан ашыгын жоготуп алышыбыз мүмкүн”, - деди кыргыз президенти.

Жапаров мөңгүлөр Кыргызстан үчүн гана эмес Борбор Азияга дагы маанилүү экенин, анын эриши аймактагы элдин жашоосуна түз таасир тийгизерин белгиледи. Президент экосистеманы коргоо жана мөңгүлөрдү сактоо үчүн улуттук парктарды жана коруктарды түзүү планын айтты.

Садыр Жапаров өлконүн тышкы карызды жарым-жартылай жоюу же грантка айландыруу менен экологиялык программаларды, долбоорлорду ишке ашырууну сунуштады.

Борбор Азиядагы Жерди прикладдык изилдөө институтунун маалыматына таянсак, соңку 70 жылда Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн аянты 16% чейин азайган. Эгер абанын ысыганы токтобосо, Кыргызстан жакынкы 50 жылда майда мөңгүлөрүнөн кол жуушу ыктымал.

Франциянын баш калаасында өтүп жаткан Париж тынчтык форумунун алкагында уюштурулган “Бир планета” деп аталган жыйынга кырктан ашуун мамлекеттин лидерлери, алдыңкы адистер жана эксперттер катышты. 8-ноябрда башталган бул иш-чара Франциянын демилгеси менен Дубайда өтө турган климат боюнча СОР28 эл аралык конференцияны утурлай уюштурулду. (TSh)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *