Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

Курманбек Бакиевди "Закир Салиевге" айланткан сыр

0
Курманбек Бакиевди

Кыргызстандын мурдагы президенти, издөө жарыяланган Курманбек Бакиевдин "Закир Салиев" деген ат менен Беларуста башка паспорт алганы белгилүү болду. Беларус иликтөөчүлөрү муну бир катар себептерин санап беришкен.

Курманбек Бакиевдин өзү жана үй-бүлөсү дагы беларус долбоорунун бул иликтөөсү тууралуу комментарий бере элек. Кыргыз бийлиги бул видеого кандай реакция кылары азырынча белгисиз.

Бакиевдин Беларуска барышы

"Беларус иликтөөчүлөрүнүн альянсы" долбоорунун иликтөөчүлөрү Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевге беларус лидери Александр Лукашенконун атайын буйругу менен 2010-жылы август айында жарандык жана паспорт берилгенин аныкташкан.

Иликтөө Кыргызстанда 2005-жылы 24-марттагы биринчи революциянын күчү менен Курманбек Бакиевдин бийликке келип, бирок 2010-жылы 7-апрелде болгон экинчи революцияда тактан куулганы менен башталат.

Адеп Бакиевдин жаалданган элден качып, Ошко барганы (Бакиев кичи мекени Жалал-Абадга качкан-ред.) андан ары Казакстандын ошол кездеги президенти Нурсултан Назарбаевдин көмөгү менен Беларуска чыгып кеткени кеп болот. Беларус лидери Александр Лукашенко мурдагы президентти жана анан жакындарын алып келүү үчүн атайын операция уюштуруп, аларды коопсуздук кызматында иштеген Андрей Втюрин жана Дмитрий Салмин көзөмөлдөгөн.

Андрей Втюрин ошол кезде Беларуста президенттин коопсуздук кызматынын жетекчиси болгон, 2014-жылы мамлекеттик коопсуздук кызматынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалып, 2019-жылы пара алууга айыпталып кармалганга чейин иштеген. 2020-жылы 12 жылга соттолгон.

Бакиевди беларус бийлиги каткан эмес, кайра 21-апрелде Минскидеги штаб-квартирада пресс-жыйынын уюштуруп берген. Анда Бакиев өзүнө жана жакындарына карата "каралоолор" жаап жатканын айткан.

Кыстырма: Кыргызстанда Курманбек Бакиевди алып келип соттоо талабы маал-маалы менен көтөрүлүп келет. Бирок ага карабай расмий бийлик өкүлдөрү Минскиге барып жолуккан учурлар катталып келет. Алсак, өткөн октябрь айынын башында Жогорку Кеңештин депутаты Элмурза Сатыбалдиевдин Беларуска иш сапар менен барганда Кыргызстанда сыртынан соттолгон мурдагы президент Курманбек Бакиевге жолукканы катуу сынга кабылган. Ага чейин УТРКнын журналисти Кадыр Кошалиев Минскиге барып, Курманбек Бакиевден маек алганы үчүн иштен кеткен.

 

Бакиевдин экинчи паспорту жана...

Иликтөөдө Бакиев жана анын жакындары келери менен Минскиден 150 чакырым алыс Витебск багытындагы президенттин иш башкармалыгына караштуу мейманкана комплексине жайгаштырылганы айтылат.

Бакиевди Лукашенко өзү кабыл алган, ал эми аны коштоп келген коопсуздук кызматынын өкүлү Салмин жеке күзөтчүсү болуп дайындалат. Бакиевди коштогондордун бири катары ошол кездеги президенттин коопсуздук кызматынын жетекчиси Сергей Ковальчук да болгон. Учурда ал Беларустун спорт министри.

Бакиевдин артынан Минскиге иниси Жаныш Бакиев, баласы Марат Бакиев келген. Бирок беларус бийлиги аларды кабыл алганын көпкө чейин моюнга албай, Бишкектин өткөрүп берүү сунушун тоготпой келген. Иликтөөчүлөрдүн маалыматында Беларуска Бакиевдин үй-бүлөсүнүн 20дай мүчөсү барган жана алардын баары жарандык алууга умтулган.

Жаныш Бакиев, Асылбек Салиев дагы экиден паспорт алганы баяндалат. Журналисттер Бакиевдин туугандары беларус документтери менен КМШ эле эмес, Европа өлкөлөрүнө да чыгып жүргөнүн билдирди.

Иликтөөчүлөр "эки паспорт алуу Интерполдун издөөсүнөн буйтап өтүүгө амалы" деп сыпатташкан.

Чех адоваттарынын палатасынын мүчөсү, юрист Алесь Михалевичтин түшүндөрмөсүндө, Интерпол издөөдөгү адамды издөө салган өлкөгө укуктук келишим бар-жогуна карабай депортация кыларын белгилеген.

"Беларус лидери Лукашенко мындан улам биринчи кезекте Бакиевдердин үй-бүлөсүн легалдаштырууга буйрук берген. Мындан улам Бакиевдердин үй-бүлө мүчөлөрү Король көчөсүндөгү Коопсуздук кызматына караштуу №38 жатаканага каттоого тургузулган. Документтерди легалдаштыруу тапшырмасы ИИМдин ыкчам-иликтөөнү камсыздоо департаментинин кызматкери Пляшкевич Елена Михайловага берилген", - деп айтылат иликтөөдө.

Курманбек Бакиев бул өлкөнүн жараны катары ID номерлүү паспортту август айында алган. Бул паспорт бир эле жолу берилгендиктен ал кийин "Закир Салиев" деген ысым менен башка ID номерлүү экинчи паспортту алган.

Иликтөөчүлөр Бакиев экинчи паспорту менен башка аялдарынан төрөлгөн балдарына документ алганын белгилешкен. Мисал ирети анын экинчи аялы экени айтылып, кийин каза болгон Назгүл Төлөмүшованын уулу менен кызынын атасы документте "Закир Салиев" экени көрсөтүлгөн.

Иликтөөдө мындан тышкары Назгүл Төлөмүшова 2016-жылы 15-сентябрда беларус лидери Лукашенко менен бир учакта Кыргызстанга учканы атайын документтер менен көрсөтүлгөн. Бул датада Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн президенттеринин саммити өткөн. Ошол эле жылы октябрь айында Назгүл Төлөмүшова Беларуста президенттин иш башкармалыгына караштуу "Минск" мейманканасынын жетекчиси болуп дайындалган.

Төлөмүшова 2023-жылы январь айында Минскиде оорудан каза болгону айтылып, сөөгү Жалал-Абад облусунун өзү туулуп-өскөн Тогуз-Торо районунда жерге берилген. Аны акыркы сапарга узатууга Курманбек Бакиев келген эмес.

Иликтөөчүлөр Курманбек Бакиевдин расмий никедеги биринчи жубайы, Марат жана Максим Бакиевдин апасы Татьяна Петрова (Бакиева-ред.) жана расмий эмес никеде жашап, эки бала төрөп берген Назгүл Төлөмүшовадан башка "Закир Салиев" деген кишиден балалуу болгон Нуржан Карабаева аттуу дагы бир аялды тапканын белгилешкен. Ал дагы Минскиде орун-очок алганы белгилүү болгон. 

Беларус иликтөөчүлөрү мындан тышкары өз өлкөсүндө соттолгон Бакиевдердин Беларустагы бизнестери, байлыктары жөнүндө баяндап беришкен. Курманбек Бакиевдин тун уулу Марат Бакиевдин дагы Минскиде жашап жатканын, ал жана анын үй-бүлөсү, расмий эмес никеде жашаган аялы Инна Меняйлова төрөгөн бала да "Петров" деген фамилия менен документ алганын таап чыгышкан. Инна Меняйлова Бакиевдердин кланынын бизнесинин жарымынын ээси экени айтылган. 

Эске сала кетсек, 2019-жылы Беларустагы Naviny.by маалымат порталы Минск шаарындагы ири курулуштун артында турган компаниялардын бирине Бакиевдин тун небереси Русландын тиешеси болушу мүмкүндүгүн билдирип, ал өзүнүн фамилиясын "Петров" деп өзгөртүп алганын иликтеп чыккан болчу.

2021-жылы Беларус оппозициясы түзгөн BYPOL уюму өлкөнүн авторитардык лидери Александр Лукашенкого кымбат баалуу пара бергендердин тизмесин жарыялаган. Андагы тизмеде Курманбек Бакиевдин жакындары дагы болгон.

Уюмдун өкүлү, Беларустун Тергөө комитетинин мурдагы башкы тергөөчүсү Игорь Лобан "Азаттыкка" Курманбек Бакиевдин уулунун (Максим Бакиев-ред.) жубайы Айжан Кененбаева аркылуу Лукашенкого эки транспорт каражаты – Mercedes-Maybach S600 Pullman Guard М автомашинасы жана Harley-Davidson мотоцикли тартууланганын, экөөнүн баасы 1,5 миллион доллардай экенин айтып берген.

"Албетте, пара берүүдө анын атын гана колдонушкан. Чынында ал Курманбек Бакиевдин кланынын, анын уулдары менен инилеринин атынан тартууланганы айтпаса да түшүнүктүү. Ошол маалда, тактап айтканда 2018-жылдын 11-июнунда бул келишим түзүлгөндө Кененбаева беларус паспорту менен келген. Башкача айтканда, Айжан Кененбаева Беларус Республикасынын жараны болгон", - деген Лобан.

 

"Урицкий жана Строгонов". Бакиевдердин аты-жөнүн өзгөрткөн санаалаштары

Буга чейин мурдагы президент, издөө жарыяланган Курманбек Бакиевдин айланасында жүргөн жакын санаалаштары да аты-жөнүн өзгөрткөн.

Алсак, Бакиевдин тушунда эң таасирлүү бийлик өкүлү болгон, Беларуста жашап жатканы айтылган мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов аты-жөнүн Даниил Урицкий деп алмаштырып алганы белгилүү болгон.

Беларустун президенти Александр Лукашенко 2020-жылы "Беларус улуттук биотехнология корпорациясынын" (БНБК) иши менен таанышууга барганда анын директору Даниил Урицкийге "Данияр" деп кайрылган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) мындан кийин Беларустун Бишкектеги элчисин чакырып, андан Кыргызстандын мурунку премьер-министри, эл аралык издөөдө жүргөн Данияр Үсөновдун Александр Лукашенко менен чогуу жүргөнүнө түшүндүрмө сураган.

Ага чейин эле 2017-жылы Кыргызстандын башкы көзөмөл органы Беларустун Башкы прокуратурасына Даниил Урицкий деп анкеталык маалыматтарын өзгөртүп алган Данияр Үсөновду издөө жана кармоо боюнча өтүнүч жөнөткөн. 2018-жылдын 6-мартында Беларустун Башкы прокуратурасы кыргыз тараптын өтүнүчүн четке каккан.

2022-жылы Курманбек Бакиевдин кичүү уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү, Кыргызстанда арам акчаны адалдоого айыпталган орусиялык банкир Михаил Надел атын "Майкл Строгонов" деп өзгөртүп, Британияда ишкерликке аралашканы белгилүү болгон.

Кезинде "Азия универсал банктын" директорлор кеңешин жетектеген, 2010-жылдагы Апрель ыңкылабынан кийин өлкөдөн чыгып кеткен орусиялык бизнесмен Михаил Надел "Майкл Строгонов" деген ат менен Dzing Finance Ltd. фирмасын түзүп, аны Британиянын Финансылык жүрүм-турумду көзөмөлдөө башкармалыгынан каттоодон өткөргөн.

Dzing Finance Ltd. кардарларын каражаттарын сактоого жана төлөмдөрдү ишке ашырууга ыңгайлашкан фирма деп мүнөздөлгөн.

Bloomberg жазгандай, британ реестриндеги документтерде Строгонов өзүн Италияда жашаган орусиялык деп мүнөздөгөн жана буга чейин башка компаниялары болгонун же болбогонун көрсөткөн эмес. Ал мурдагы ысымын британ бийлигине ачык айтканы же айтпаганы да белгисиз.

Анын укугун коргогон Addleshaw Goddard LLP юридикалык фирмасынын адвокаты Стивен Францис Bloomberg басылмасына Надел өз атын бир нече жыл мурда өзгөрткөн жана эки ысымы тең анын паспортунда көрсөтүлгөнүн билдирген.

2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда 87 адамдын өмүрү кыйылган элдик толкундоодон кийин Курманбек Бакиев башында турган бийлик кулатылган. Ал жакындары менен чет өлкөгө качып кеткен, өзү ушул тапта Беларуста баш калкалап жүрөт. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, Бакиевдин жеке өзүнө жана жакындарына каршы он чакты факт боюнча айып тагылган, мурдагы президент өзү сыртынан жалпысынан 30 жылга эркинен ажыратылган. Башкы айып 2010-жылдын 7-апрелинде Бишкектин Ала-Тоо аянтында адамдар өлтүрүлүп, жараат алганы боюнча. Иниси Жаныш Бакиев жана кенже уулу Максим Бакиев Апрель окуясы үчүн өмүрүнүн аягына чейин кесилген. Тун уулу Марат Бакиев 30 жылга соттолгон. Бакиевдер мекенинде коюлган айыптарды четке кагып келишет.







В РМАТ ПРОШЕЛ I БИЗНЕС-ФОРУМ ВЫПУСКНИКОВ РМАТ 1999-2023 ГОДА ВЫПУСКА, ПОСВЯЩЕННЫЙ 55-ЛЕТНЕМУ ЮБИЛЕЮ АКАДЕМИИ

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)

Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)

Новые вызовы и обеспечение технологического суверенитета квалифицированными кадрами обсудили в Москве


Команда ювелирной сети «585*ЗОЛОТОЙ» приняла участие в благотворительном забеге от фонда «Антон тут рядом»

Мистический Тибет: путеводитель по местам силы от Кажетты Ахметжановой

Выставки индустрии моды в Москве

Сотрудники отеля Yalta Intourist поздравили ветеранов с Днём Великой Победы


Boeing passenger ‘DIES in horror turbulence’ on flight from London sparking emergency landing in latest airline tragedy

Gunmen open fire and kill 4 people, including 3 foreigners, in Afghanistan's central Bamyan province

AML check crypto

UFC plans to be ‘flexible’ in next broadcast rights deal, including potential end to traditional PPV


В РМАТ ПРОШЕЛ I БИЗНЕС-ФОРУМ ВЫПУСКНИКОВ РМАТ 1999-2023 ГОДА ВЫПУСКА, ПОСВЯЩЕННЫЙ 55-ЛЕТНЕМУ ЮБИЛЕЮ АКАДЕМИИ

Черёмуховая сказка Холмогорья

Новые вызовы и обеспечение технологического суверенитета квалифицированными кадрами обсудили в Москве

Сотрудник Дубненского отдела вневедомственной охраны Главного управления Росгвардии по Московской области встретился с учащимися МОУ СОШ №1


Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)

Five new Steam games you probably missed (May 20, 2024)

Always keep backups: an 'unprecedented' Google Cloud debacle saw a $135 billion pension fund's entire account deleted and services knocked out for nearly two weeks

Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)


Estischool - Школа за британською програмою


В Москве произошла драка с участием 15 человек, двое в больнице

V Общероссийская конференция «Устойчивое развитие этнокультурного сектора» представит калейдоскоп успешных практик в сфере социального проектирования

Чеченка Лия Заурбекова поделилась подробностями конфликта с семьей в полиции

Lipatov Sound заявил о выходе нового трека “Red City”


«СВЯТОЙ ЛЕНИН» УЛУЧШАЕТ ЗАКОНЫ, управляет патентами и улучшает командное планирование в целях учёта интереса всего народа.

Доллар ниже 90

В столице расселили 74 дома по программе реновации с начала года

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)


Urban: число купленных москвичами парковочных мест за год упало более чем на 16%

"Они его съедают": Армия встала за обвиненного в мошенничестве генерал-майора Ивана Попова

Путин: РФ готова помочь в расследовании авиакатастрофы, в которой погиб Раиси

Якутяне завоевали медали Кубка страны по пулевой стрельбе среди юниоров


Российский теннисист Медведев опустится на строчку в рейтинге ATP

Рыбакина узнала свое место в новом мировом рейтинге

Даниил Медведев идет третьим в чемпионской гонке ATP, Андрей Рублев — пятый

Экс‑теннисистка Джорджи обвиняется в краже мебели и ковров на €100 тысяч — СМИ


Ивановцы вновь могут встретить понедельники приятными бонусами от Tele2

Строительство нового ЖК «Легенда Коренево» началось в Люберцах

Город заключил с инвестором договор о комплексном развитии территории в Ростокине

В Академическом районе построят жилой дом по программе реновации


Музыкальные новости

Редакция АН «Между строк» разыгрывает 2 билета на Басту и ещё 8 сертификатов среди подписчиков своего Telegram-канала

«Считают каждую копейку»: Юрий Лоза рассказал о трудностях Максима Галкина* и Аллы Пугачевой в Израиле

Певица Кристина Агилера в боди вышла на сцену после похудения

Продвижение Музыки. Раскрутка Музыки. Продвижение Песни. Раскрутка Песни.


В Москве произошла драка с участием 15 человек, двое в больнице

«СВЯТОЙ ЛЕНИН» УЛУЧШАЕТ ЗАКОНЫ, управляет патентами и улучшает командное планирование в целях учёта интереса всего народа.

Lipatov Sound заявил о выходе нового трека “Red City”

Чеченка Лия Заурбекова поделилась подробностями конфликта с семьей в полиции


Замгубернатора Томской области по экономике Потемкин высказался о гибели президента Ирана

Сотрудник Дубненского отдела вневедомственной охраны Главного управления Росгвардии по Московской области встретился с учащимися МОУ СОШ №1

В Санкт-Петербург прошел ХIХ Санкт-Петербургский международный книжный салон

Лидер движения и партии «Всеармянский фронт» Аршак Карапетян 20 мая 2024 года посетил посольство Исламской Республики Иран в Москве


Сергей Лёвкин: вблизи деревни Дудкино возобновили строительство придорожного автоцентра

Полиция начала поиск скрывшихся участников массовой драки на юге Москвы

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о качественном росте отечественного автомобилестроения

Москвичам посоветовали быть внимательнее на дороге из-за тумана


Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о качественном росте отечественного автомобилестроения

Король Бахрейна сегодня прибудет в Москву

Король Бахрейна прибудет 22 мая с визитом в Москву

Король Бахрейна летит в Москву на переговоры с Путиным


Шизофрения и болезнь Альцгеймера: симптомом какой болезни может стать потеря обоняния

Заболеваемость COVID-19 в России выросла почти на 14,7 процента за неделю



В Москве произошла драка с участием 15 человек, двое в больнице

В Москве завершился Всероссийский форум «Здоровье нации – основа процветания России».

Онколог Анастасия Марьенко объяснила, кто подвержен риску развития меланомы

Новое отделение вызовов врачей на дом открылось в МОЦОМД в Люберцах


Зеленский объяснил, почему не хочет приглашать РФ на «саммит мира»

Зеленский заявил, что обеспокоен заявлениями республиканцев в США


Цена билетов на суперфинал Кубка России составит от 500 до 15 тыс. рублей

Олимпийский чемпион Роман Костомаров поздравил победителей номинации «Экскурсия без границ» программы «Лига Экскурсоводов»

Сергей Собянин подвел итоги Московской олимпиады школьников

«Молитесь, друзья»: сын олимпийского чемпиона Ивана Стретовича погиб во время родов в Новосибирске


Запись от имени Президента Беларуси сделана в книге соболезнований в посольстве Ирана


Сергей Собянин подвел итоги Московской олимпиады школьников

Собянин рассказал о Международном форуме инноваций БРИКС

Сергей Собянин принял решение о расширении мер поддержки промпредприятий

Сергей Собянин. Главное за день


Четыре города ЦФО вошли в федеральный топ-10 по качеству жизни

Собянин рассказал о развитии инновационной экосистемы Москвы

Сергей Собянин. Главное за день

Якутия представила цветочную инсталляцию «Мост в будущее» на выставке «Россия» в Москве


Urban: число купленных москвичами парковочных мест за год упало более чем на 16%

Якутяне завоевали медали Кубка страны по пулевой стрельбе среди юниоров

Ивановцы вновь могут встретить понедельники приятными бонусами от Tele2

Путин: РФ готова помочь в расследовании авиакатастрофы, в которой погиб Раиси


Общее дело: в новом сезоне волонтеры продолжат работу по сохранению объектов культурного наследия в Архангельской области

Архангельск впервые принял Всероссийские соревнования по танцевальному спорту

Истории жителей Поморья представили в семейном мюзикле в Архангельске

У жителей Архангельской области есть возможность подработать на юге


Выставка славянских истоков «В бессмертье уходит всеведенье литер простых»

Премию Фета получил поэт из Югры

Театр и Культура, Россия и Дети: 15 мая театр кукол Ульгэр представил спектакль «Мүнгэн мүшэдүүд» в стенах Художественного музея для первых классов гимназии №29 Улан-Удэ

«Дефицитный продукт». В Севастополе малогабаритки стали дороже, Симферополь продемонстировал падение стоимости квадрата


Группа конгрессменов США потребовала от Пентагона отменить запрет на использование американского оружия по России

Детский коллектив «Талантика» из Пскова занял второе место на вокально-инструментальном турнире в Москве

В Москве на Ленинградском шоссе частично перекрыто движение из-за массового ДТП

Массовое ДТП произошло на Ленинградском шоссе в Москве














СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *