Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

Бишкек Газага гумжардам жөнөтүүгө даяр экени айтылды

0
Бишкек Газага гумжардам жөнөтүүгө даяр экени айтылды

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 11-ноябрда Эр-Рияд шаарында Ислам кызматташтык уюмунун кезексиз самиттинде сөз сүйлөп жатып, Кыргызстан Газа тилкесиндеги калкка гуманитардык жардам берүүгө даяр экенин билдирди.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

"Бул чыр-чатактын кесепетинен жакындарын жоготкон үй-бүлөлөргө жана бир айдан ашык убакыттан бери күчөгөн зордук-зомбулуктун натыйжасында эбегейсиз жоготууларга жана кыйынчылыктарга дуушар болгон бардык палестиналык жарандардын кайгысын кыргыз эли тең бөлүшөт. Ар бир кыйылган өмүр – бул чоң трагедия. Өз кезегинде, Кыргыз Республикасы Газа тилкесиндеги карапайым калктын азабын жеңилдетүү үчүн гуманитардык жардам көрсөтүүгө даяр", - деди президент.

Садыр Жапаров "бейкүнөө жарандардын, анын ичинде балдар менен аялдардын өмүрү кыйылышы кабыл алынгыс экенин жана эл аралык коомчулук тарабынан кеңири айыпталууга тийиш" экенин белгиледи.

Жапаров Кыргызстан Коопсуздук Кеңешин жана Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясын эл аралык коомчулуктун атынан Газа тилкесиндеги зордук-зомбулукту токтотуу жана Газа тилкесиндеги коопсуздук кризисин жөнгө салуу үчүн эффективдүү жана чечкиндүү чараларды көрүүгө чакырды.

Президент Садыр Жапаров Экономикалык кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын Ташкент шаарында өткөн саммитинде Газа тилкесиндеги согуш аракеттерин токтотууга жана сүйлөшүү процесстерин баштоого чакырган.

7-октябрда ХАМАСтын согушкерлери Израилдин шаар-конуштарына чабуул коюп, 1400дөй кишини өлтүрүп, 240тан ашуун адамды барымтага алгандан кийин ЦАХАЛ согуш жарыялаган.

ХАМАС радикалдык тобу көзөмөлдөгөн анклавдын Саламаттык сактоо мекемеси жума күнү бир айдан ашуун согушта 11 миңден ашуун кишинин каны төгүлгөнүн, алардын 4,5 миңи балдар экенин кабарлады.

Согуш маалында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.

Израил армиясынын өкүлү жума күнү Газанын түндүгүнөн 100 миңден ашуун палестин анклавдын түштүк тарабына чыгып кеткенин билдирди. Тель-Авив элге коопсуз жерлерге кетүүгө коридор ачуу үчүн жумадан тарта алты сааттык тыныгуу болорун жарыялады.

Улуттар Уюмунун белгилешинче, учурда жүз миңдеген киши Израил армиясы сокку уруп жаткан түндүк райондордо калганын белгилеген.(TSh)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *