Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

Сокулук: Окуучу бомба тууралуу жалган маалымат тараткан деп шектелүүдө

0
Сокулук: Окуучу бомба тууралуу жалган маалымат тараткан деп шектелүүдө

Сокулукта окуучу бала өзү окуган мектепке бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат тараткан деп шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн 13-ноябрда Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя бүгүн Сокулук айылындагы №1 мектепте болду – эртең мененки саат 08:25те райондук милициянын нөөмөт бөлүмүнө бул окуу жайга бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөндүктөн имарат дароо курчоого алынып, окуучулар менен мугалимдер эвакуацияланган.

Ыкчам териштирүү жүргүзүлүп, ошол мектепте окуган 16 жаштагы бала аныкталган жана ал милиция бөлүмүнө жеткирилген. Териштирүү уланууда.

Бомба тууралуу маалымат Бишкекте быйыл жазында жана жайында да көп тарап, алардын баары тең жалган болуп чыккан. Жакында эле бир күндө борбор калаанын беш жерде, анын ичинде Жогорку соттун, Ленин райондук сотунун, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин имараттарында бомба коюлганы кабарланып, маалымат тастыкталган эмес, шектүүлөр кармалган.

Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренеси ("Билип туруп террордук акт жөнүндө жалган кабарлоо") боюнча айыпталган кишинин күнөөсү далилденсе ал беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (RK)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *