Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

Газада ооруканадан чыга албай калгандар Израилдин маалыматын четке какты

0
Газада ооруканадан чыга албай калгандар Израилдин маалыматын четке какты

Газанын саламаттык сактоо мекемесинин өкүлдөрү жана Ал-Шифа ооруканасынан чыга албай калгандар Израилдин балдар жана башка жабыркагандар эвакуацияланып жатат деген сөздөрүн четке какты. Алардын айтымында, ооруканага жакын жерде кармаштар уланууда, эң зарыл нерселер түгөнүп баратат, электр энергиясы жок.

11-ноябрда Израил армиясынын өкүлү Даниел Хагари оорукананын чыгыш тарабы бейтапканадан чыгып кетүүнү каалаган газалыктар үчүн ачык экенин, жекшемби күнү ымыркайлар коопсуз жайга жеткирилерин билдирген.

Маалымат каражаттары жазганын караганда, жекшембиде Газанын тургундары тилкеге ири сокку урулганын, оорукананын айланасы катуу аткыланганын маалымдашкан. Израил медициналык комплекстин ичине жана астына командалык пунктту жашырган деп ХАМАСты айыптаганын, бирок далилдерди келтирбегенин Ассошийэтед Пресс агенттиги жазды. Радикал топ жана оорукананын кызматкерлери андай маалыматты четке кагышты. Уюмду АКШ жана Еврошаркет террордук деп тааныган.

Газанын Саламаттыкты сактоо министрлиги ооруканадагы ишембиде акыркы генератордо күйүүчү май түгөнгөндө, инкубатордогу үч ымыркай чарчап калганын, төрт бейтап каза тапканын, дагы 36 наристенин өмүрү кооптуу абалда экенин билдирди. Мекеме ал жакта кеминде 2300 киши бар деп кошумчалады. Бирок көз карандысыз булактардан муну ырастоо мүмкүн эмес.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху 240ка жакын киши барымтадан бошотулмайынча ок атуу токтобосун кайталады. ХАМАС радикал тобу 7-октябрда Израилге кол салаганда 1400 кишини өлтүрүп, 200дөн ашуун кишини Газанын аймагына алып кеткен. 

ХАМАС радикал тобу башкарган Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин жекшемби күнкү маалыматы боюнча, 7-октябрдан бери тилкеде 11 миңден ашуун адам мерт болду. Алардын 4500дөйү балдар. Газада өлгөндөрдүн арасында эл аралык уюмдардын кызматкерлери, журналисттер да бар.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *