Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

Израил 7-октябрдагы кол салуудан каза тапкандардын расмий эсебин кайра карап чыкты

0
Израил 7-октябрдагы кол салуудан каза тапкандардын расмий эсебин кайра карап чыкты

Израилдин Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы 7-октябрда ХАМАС радикал тобу өлкөнүн түштүгүнө кол салганда 1200дөй киши каза тапканын 10-ноябрда билдирди. Бул тууралуу "Рейтерс" жазды. Буга чейин Израилдин өкмөтү 1400 деген расмий санды берип келген. ХАМАС АКШ жана Еврошаркетте террордук уюм деп таанылган.

Лиор Хайаттын жазуу түрүндө жасалган билдирүүсүндө айтылгандай, “7-октябрдагы кыргында набыт болгондордун расмий саны 1200дүн айланасында”.

Хайат бул сан 9-ноябрда кайра каралып чыкканын белгилеп, анын себебин ачыктаган жок.

Анын айтымында, бул соңку статистика эмес, сан бардык сөөктөр аныкталгандан кийин өзгөрүшү мүмкүн. Курман болгондордун арасында чет өлкөлүк жарандар да бар.

ХАМАС радикал тобунун жоочулары 7-октябрда Израилдин шаар-кыштактарына Газа тараптан чабуул койгондо туш келди ок атып, 200дөн ашуун кишини барымтага алып кеткен. Израил ХАМАСка согуш жарыялап, палестин анклавын бомбалай баштаган.

ХАМАС башкарган Газанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 7-октябрдан бери тилкеде 11 миңден ашуун адам мерт болду. Алардын 4500дөйү балдар. Тилкеде гуманитардык абал курчуду.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *