Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

Сицилияда Этна жанар тоосу атыла баштады

0
Сицилияда Этна жанар тоосу  атыла баштады

Сицилияда Европадагы эң чоң Этна вулканы атыла баштады. Италиянын жанар тоолорду изилдеген институту лава түштүк-чыгыш тарабындагы кратерден атылганын маалымдады. Күл аралаш чаң, кум деңизден 4 жарым миң метр бийиктикке көтөрүлдү.

Жанар тоодон атылган күл аралдын чыгышында, Катания-Мессина кан жолуна жакын жердеги Ачиреале шаарына жакын жерге, тоо этектерине чейин жеткени катталды.

Вулканологдордун маалыматтары боюнча, Этнанын азыркы активдүүлүгү Сицилиянын Катания аэропортунун ишине таасир этпейт.

Бийиктиги 3357 метрди түзгөн Этнада 200-400 кратер бар. Алардан бир нече айда бир ирет лава атылып турат. Жанар тоо ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *