Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

УКМК Мадумаровдун жээнин, досун жана журналистти суракка чакырды

0
УКМК Мадумаровдун жээнин, досун жана журналистти суракка чакырды

13-ноябрда УКМК тергөө абагында отурган, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Замирбек Шамшидин уулунун иши боюнча үч кишини суракка чакырды.

Абактагы оппозициялык саясатчы, Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун карачечекей жээни Элмурат Калыбеков, досу Токтосун Барманов жана эркин журналист Канышай Мамыркулова атайын кызматка кирип чыкты. УКМК сурактын чоо-жайы жөнүндө комментарий бере элек.

21-сентябрда кармалган Замирбек Шамшидин уулуна алгач Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар” беренеси менен иш козголгон. Кийин иш “Массалык баш аламандыктар” беренесине өзгөртүлгөнүн анын адвокаты билдирген.

Элмурат Калыбеков

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү, Мадумаровдун карачечекей жээни Элмурат Калыбеков УКМКга 13-ноябрда саат 15:00гө чакырылган.

Калыбеков суракка кирип баратып 13-сентябрда Бишкек шаардык сотунун алдында Мадумаровду бошотууну талап кылган акцияда сүйлөгөн сөзү үчүн чакырылганын билдирди.

“Мадумаровдун соту каралган учурда сүйлөгөн сөз үчүн, экинчиден “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Замирбек Шамшидин уулунун иши боюнча суралчу маселе бар дейт. Менин угушум боюнча Ош шаарында Динмухаммед деген партиянын мүчөсү бар, аны да чакырыптыр. Анан Айбек деген мүчөбүздү да издеп, териштирип жатыптыр”.

Элмурат Калыбеков "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын мүчөсү. Шоу тармакта KG Элмурат деген ат менен ырдап жүрөт. Ал партиянын лидери Адахан Мадумаровду колдоо акцияларында бийликтин дарегине сын айтып жүргөн.

Токтосун Барманов

13-ноябрда Токтогул районунун мурдагы акими Токтосун Барманов да УКМКга суракка чакырылганы маалым болду.

"13-сентябрдагы митинг боюнча сурады. Мадумаров менин жакын досум", - деди Барманов сурактан чыккандан кийин "Азаттыктын" суроосуна кыскача жооп берип жатып.

Ал да Шамшидин уулунун иши боюнча чакырылганы кабарланды. Өзү атайын кызматтан эки сааттай убакытта чыкты.

Канышай Мамыркулова

Журналист, активист Канышай Мамыркулова да бул күнү сурак берип чыкты. Ал УКМКнын имаратынан чыккандан кийин “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Замирбек Шамшидин уулунун ишине байланыштуу суралганын "Азаттыкка" ырастады:

“Тиешелүү кагаздарга кол коюп бердим. Баарын ачыктаганга болбойт. Түз айтканда менин кесиптик ишмердигиме байланышы жок. Суроолорго мыйзамдын алкагында жооп бердим”, - деди ал.

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Замирбек Шамшидин уулун атайын кызмат быйыл 21-сентябрда кармаган, Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны 20-октябрга чейин камакка алган. Райондук сот 13-ноябрда анын камактагы мөөнөтүн узартып, 8-декабрга чейин абакта калтырды.

Замирбек Шамшидин уулуна алгач Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар” беренеси менен иш козголгон. Анын адвокаты Алманбет Бексултанов 13-сентябрда Шамшидин уулунун Бишкек шаардык сотунун алдында сүйлөгөн сөзүн экспертизага берип, иш “Массалык баш аламандыктар” беренесине өзгөртүлгөнүн билдирген.

Шамшидин уулу Мадумаровду коргогон митингдерге катышып жүргөн.

Акыркы жолу 13-сентябрда Мадумаровдун камалышына байланыштуу Бишкек шаардык сотунун алдында болгон акцияда сөз сүйлөгөн. Митингден кийин ага активдүү катышкан бир нече адам суракка чакырылып, айрымдары камакка алынган.

Парламент депутаты Гуля Кожокулова “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөлөрүнө куугунтук жүрүп жатканын, сөз болгон митингден кийин баш-аягы 20 киши жоопко тартылганын айтып чыккан.

Кыргызстанда соңку мезгилде бир катар оппозициячыл саясатчы, активисттер камалды. Аларга "бийликти басып алууга аракет кылды" дегенден тарта "мамлекетке чыккынчылык кылуу" беренесине чейин айыптар коюлду. Муну оппозиция саясий кысым катары сыпаттаса, бийлик өлкөдөгү тартипти камсыздоо аракети деп түшүндүрүп келет.

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев суракка чакырууну саясатташтырбоо керек деген пикирде:

"Керектүү кишилердин баарын чакырганга тергөөчүнүн укугу бар. Тегерегиндеги тарапташтарын чакырат, себеби чогуу жүрүшкөн. Муну саясатташтырып кереги жок. Адахан Кимсанбаевичти балким актап, балким соттогону жатышат. Ошон үчүн баарын чакырып, сурап иштин түбүнө жетиш керек".

Адвокат: Мадумаровдун абалы оор

Депутаттын тарапташтары УКМКда сурак берип жаткан убакта Бишкек шаардык соту 2015-жылдагы Жогорку Кеңешке шайлоодогу каражат маселесине байланыштуу Мадумаровдун адвокаттарынын апелляциялык арызын карады.

Адвокаты Майрамбек Жумабеков жактоочулар тергөөдөгү далилдерди мыйзамсыз деп таап, жокко чыгарууну сураганын, бирок шаардык сот аны четке какканын айтты.

Буга чейин Чыңгыз Абдымомунов аттуу адам 2015-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, аны кайра кайтарып берүү өтүнүчү менен милицияга арыз жазган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында жаткан Адахан Мадумаров бул иш боюнча сентябрь айында Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкы башкармалыгында сурак берген. Ал партия шайлоодо акча чогултпай турганын айтып, айыпты четке каккан.

Бул иш кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго байланыштуу саясатчыга ага чейин козголгон ишке кошулган. Адвокат Майрамбек Жумабеков саясатчынын ден соолугу тууралуу да комментарий берди:

“Адахан Мадумаровду бүгүн сотко алып келишти. Абалы начар. Кан басымы 90го чейин түшүп кетип атат дейт”.

Мадумаров ден соолугу начарлаганына байланыштуу 26-октябрда Бишкектеги Мирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология жана терапия борборуна жаткырылып, 2-ноябрда кайра абакка которулган.

Аны милициянын атайын даярдыктагы бөлүгүнүн кызматкерлери 2-сентябрда Бишкекте кармаган. УКМК Мадумаровго Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чыккынчылык” беренеси менен айып коюлганын маалымдаган.

Башкы прокуратура Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн жоопко тартууга уруксатты парламенттен быйыл 22-июнда алган. Анда “Бийликтен аша чабуу” деген берене боюнча айып коюлган. Көзөмөл органынын бир жыл мурдагы ушундай эле сунушуна каршы чыккан парламент бул ирет аны колдоп берген.

Депутатты Кемпир-Абад маселеси боюнча жоопко тартуу сунушу 22-июндагы отурумда колдоо тапкан эмес.

Адахан Мадумаров чек ара протоколу боюнча коюлуп жаткан айыпты “жомок” деп атаган. Ал Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматын 2008-2009-жылы туура бир жыл аркалаган. Ошол кезде Ош - Баткен - Исфана жолун оңдоо жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы беш гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго кол койгон. Депутат бул документ юридикалык күчкө ээ эмес экенин айтып келет. Ал сөз болгон протоколго байланыштуу былтыр 14-январдан бери күбө катары сурала баштаган.

Президент Садыр Жапаров былтыр жыл башында “Вечерний Бишкек” басылмасына курган маегинде 2009-жылы Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча кол коюлган протоколду “чыккынчылык” деп атаган.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *