Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

Каракалпак активисти Юлдашева Актөбө шаарындагы СИЗОдон чыкты

0

13- ноябрда каракалпакстандык активист Тлеубике Юлдашева Казакстандын Актөбө шаарындагы СИЗОдон чыкты. Ташкент бийлигинин өтүнүчү менен кармалган активист бир жылдай тергөө абагында отурду. Чыккандан кийин ал казак бийлигинен өзүн Өзбекстанга өткөрбөөнү өтүндү. “Өзбекстанда мени кыйноо менен ыдык күтөт. (Казакстан) бийлигин кийлигишүүнү, качкын макамын берүүнү сурайм”, - деп айтты “Азаттыктын” кабарчысына Юлдашева.

СИЗОдон чыккан активистти миграциялык полицияга жеткиришти. Маалыматка караганда, ал жабык жайда отурганда качкын макамын алууга арыз тапшырган. Комиссия анын кайрылуусун 24-ноябрда карамакчы, качкын стутусун сураган деген документ 3-декабрга чейин жарактуу. Ага чейин мыйзам Юлдашеванын экстрадициясына жол бербейт.

Былтыр 13-ноябрда Актөбө облусундагы чек ара пунктунда аны мамлекеттер аралык издөө жарыяланган деген негизде Орусияга чыгарбай койгондон кийин кармашкан. Декабардын аягында камактагы мөөнөтү ушул жылдын 13-ноябрына чейин узартылган.

2022-жылдын июлунда Каракалпакстанда болгон кандуу окуялардан кийин Юлдашевага “конституциялык түзүлүшкө коркунуч келтирүү” беренеси менен айып тагылган.

Быйыл сентябрда Алматыда кармалган дагы эки каракалпак активист кое берилген. Алар дагы Казакстандан башпаанек сурашкан. Каракалпак диаспорасынын өкүлү Акылбек Муратбайдын маалыматына ылайык, бардыгы болуп Ташкенттин өтүнүчү менен чет өлкөлөрдө беш каркалпакстандык камалды.

Өткөн жылы Казакстанда каракалпак активисттери кармалгандан кийин Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму Өзбекстанда алар саясий куугунтуккка , кыйноолорго кабылышы мүмкүн деп эскерткен.

Былтыр 1-2-июлда Каракалпакстан автоном республикасында Өзбекстандын Конституциясын өзгөртүү демилгесинен кийин нааразылык чыккан. Нукус шаарында жумурияттын суверендүүлүгү тууралуу беренелерди Баш мыйзамдан алып салууга каршы өткөн ири митингдер күч менен басылган. Расмий маалыматта 21 киши набыт болгону айтылган. Бул кандуу окуядан кийин Каракалпакстандын макамы өзгөрүүсүз калган. 500дөн ашуун киши кармалып, сурактан кийин бошотулган.

АКШ, Евробиримдик, БУУ жана эл аралык укук коргоо уюмдары өзбек бийлигин ал окуяларды ачык, ар тараптуу жана калыс иликтөөгө, тынч демонстранттарга ашыкча күч колдонулган деген дооматтарды териштирүүгө чакырган.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *