Газада ооруканаларда жарык өчтү, күйүүчү май түгөндү
![Газада ооруканаларда жарык өчтү, күйүүчү май түгөндү](https://gdb.rferl.org/01000000-0a00-0242-edce-08dbe4a2e098_w800_h450.jpg)
Палестин анклавындагы ири Аш-Шифа ооруканасы жөөт армиясынын аба соккуларынан катуу жабыркаса, Ал-Кудс ооруканасы күйүүчү май жана жарык жоктугунан ишин токтотту.
Израил Газа тилкесиндеги ири медициналык комплекстин ичине жана астына ХАМАС (АКШ менен Европада террордук уюм деп таанылган) командалык пунктту жашырган деп айыптады. Радикал топ менен оорукана жамааты аны четке каккан.
Израил армиясынын (ЦАХАЛ) аба соккуларынан кийин Аш-Шифа ооруканасы кыйсыпыр түшүп, жарадар болгон же жакындарын жоготкондордун ызы-чуусуна толду.
Бир айдан ашуун согушта палестин анклавындагы эң ири медициналык комплекстин көпчүлүк бөлүмдөрү оорукананын айлана-тегерегинде жүрүп жаткан кармаштардан улам иштебей калды.
Газадагы ооруканалардын жетекчиси Мохаммед Закут кырдаал апаатка айланып баратканын сүрөттөдү.
"Ооруканалардын коридорлорунда ары-бери жылып жүргөндөр бутага илинип, кирип-чыгууга мүмкүн эмес. Шиванын чыгышы болобу, батышы болобу - коопсуз коридор деген жок", - деди догдур Закут.
77 жыл мурда салынган Шифа - Газа тилкесинин Римал районунда жайгашкан анклавдагы эң чоң медициналык комлекс. Анын курамына үч оорукана кирет.
Согуш башталганы ооруканада жанан анын айлана-тегерегинде ондогон палестин баш калкалап турат.
Бирок соңку сааттарда бир топ тургун, медициналык кызматкер чыгып кеткенин Улуттар Уюму билдирди.
Мохаммед Закут билдиргендей, медициналык комплексте 650 бейтап, 500 медициналык кызматкер жана болжол менен 2,5 миңдей баш калкалаган киши калды.
Жекшембиде ооруканадагы генераторго куйган май түгөнүп, бир нече бейтап, анын ичинде ара төрөлгөн ымыркайлар чарчап калды. Комплекстеги генераторлор иштеп турушу үчүн саатына 500 литр май керек.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Аш-Шифадагы кырдаал "оор жана кооптуу" экенин, оорукана дээрлик иштей албай калганын белгиледи.
"Үч күндөн бери электр жарыгы, суу жок, токтобогон жарылуулар менен аткылоолор ансыз да араң турган кырдаалды оорлотту", – деди эл аралык уюмдун жетекчиси Теодор Гебреисус.
АКШнын президенти Жо Байден дүйшөмбүдө журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, "бул оорукананы коргоо керек" деп айтты.
"Ооруканага карай азыраак радикалдык аракеттер жасалат деген үмүт менен ошону күтөм",- деди америкалык лидер. Ал "израилдиктер менен бул маселени талкуулай турганын" кошумчалады.
Израил медициналык комплекстин ичине жана астына ХАМАС командалык пунктун жашырып, карапайым элди калкан кылып жатат деп айыптады. Бирок ага далил келтирбегенин "Ассошиэйтед Пресс" агенттиги жазды.
Радикал топ жана оорукананын кызматкерлери ЦАХАЛдын маалыматын четке какты.
ХАМАС көзөмөлдөгөн Газанын саламаттык сактоо мекемесинин өкүлдөрү жана Шифа ооруканасынан чыга албай калгандар жөөт армиясынын балдар жана башка жабыркагандар эвакуацияланып жатат деген билдирүүсүн четке каккан.
11-ноябрда ЦАХАЛдын өкүлү Даниел Хагари оорукананын чыгыш тарабы чыгып кетүүнү каалаган палестиндерге ачык экенин, оорукананын кызматкерлери менен түз байланыш бардыгын маалымдаган.
Ал-Кудс ишин токтотту, БАПОРдун эскертүүсү
Газа тилкесиндеги экинчи чоң оорукана палестиндерин Кызыл чырым уюму билдиргендей, өткөн дем алууда күйүүчү май түгөнүп, жарык өчкөндө ишин токтотту.
Ал-Кудс ооруканасында операция болуп төрөгөн Федаа Шанган түштүк тарапка качып бараткандарга кошулууга аргасыз болгон.
"Жараатым айыга элек. Чарчап-чаалыгып, араң эле турам. Алар оорукананы танктар, бульдозерлер менен курчап аткылашты. Бейтаптар, балдар, аялдар, кары-картаңдар менен эч кимдин иши жок", - деди илкип баскан аял.
Кызыл чырым уюму дүйшөмбү күнү тынымсыз атышуулардан улам ооруканага менен байланыша албаганын билдирди.
Улуттар Уюмунун Палестин качкындары боюнча агенттиги (БАПОР) күйүүчү май тартыш болгондуктан, Газадагы иши токтоп калышы мүмкүн экенин дүйшөмбү күнү эскертти.
“Газага күйүүчү май жеткирүүгө уруксат берилбесе, гуманитардык операциялар 48 саат ичинде үзгүлтүккө учурашы ыктымал”, - деп жазды агенттиктин Газадагы директору Томас Уйат Х (мурдагы Твиттер) социалдык түйүнгө.
Палестин качкындары боюнча агенттиктин жетекчиси Филипп Лаззарини күйүүчү майдын корун толуктоо өтүнүчүн жөөт аскерлери жоопсуз калтырганын билдирди.
Израил бийлиги күйүүчү майды ХАМАС согуштук аракеттер үчүн колдонуп жатканын, анын кору тилкедеги муктаждыктарды жабууга жетиштүү экенин жүйө келтирди.
ХАМАС радикал тобу көзөмөлдөгөн Газа тилкесинин администрациясы согушта 11 миңден ашуун киши набыт болгонун, алардын 8 миңдейи балдар менен аялдар экенин, жараат алгандар 30 миңге чукулдаганын маалымдады. Бул сандарды көз карандысыз булактардан бышыктоо мүмкүн эмес.
ЦАХАЛ Газа шаарына "тереңдеп" кирди
Жөөт армиясы Газанын кварталдарына тереңдеп кирип, хамасчыларга сокку урууну күчөткөнүн жекшембиде кабарлады. ЦАХАЛдын өкүлү 20 кишини кармап, Израилде суракка алып жатканын билдирди.
Жөөт аскерлери анклавдагы Рантисси балдар ооруканасынын жер төлөсүндө ХАМАСтын жоочуларынын курал-жарак кампасы табылды делген сүрөт-видео көрсөттү. Алар бул жерде 7-октябрда согушкерлер барымтага алган израилдиктер кармалган болушу толук ыктымал экенин айтышты.
Хагари көрсөткөн кадрларда кадимки турак үй, чакан ашкана жана ага жанаша казылган туннел шахтасы көрүнөт. ЦАХАЛдын өкүлү туннел ХАМАСтын аскер-деңиз командирлеринин биринин үйүнө алып барарын айтты. Бирок эл аралык медиа агенттик видео качан жана кайда тартылганан бышыктай албай турганын эскертти.
Премьер-министр Беньямин Нетаньяху эл аралык коомчулуктун ок атууну токтотуу талабын четке кагып, Газа тилкесинде ХАМАСтын жоочулары жок болмоюнча кармаш улана турганын кайталады.
"Эгер тынчтыкты кааласак, анда ХАМАСты жок кылуу шарт. Израил аны жасашы керек жана анын өтөөсүнө чыгат", - деди Нетаньяху америкалык NBC агенттигине жекшембиде.
Израил бийлиги Газа тилкесинде жердеги аскердик операциялар башталгандан бери 41 жоокеринен айрылганын билдирди.
7-октябрда ХАМАСтын жоочулары Израилге кол салганда 1200 кишини өлтүрүп, 200дөн ашуун адамды Газанын аймагына барымтага алып кеткен.
Өткөн жума күнү Израил кандуу кол салууда набыт болгондордун расмий эсебин 1400дөн 1200гө өзгөрттү. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Лиор Хайат түшүндүргөндөй, бул акыркы статистика эмес, бардык сөөктөр аныкталгандан кийин дагы өзгөрүшү мүмкүн. Хамастын согушкерлеринин колунан өлгөндөрдүн арасында чет өлкөлүк жарандар да бар.