Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

Жугуштуу ооруларга бекер текшерилүү долбоору башталды

0
Жугуштуу ооруларга бекер текшерилүү долбоору башталды

Кыргызстанда бир катар жугуштуу ооруларга бекер текшерилүү акциясы башталганын бүгүн 14-ноябрда Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, 13-25-ноябрь күндөрү бардык каалоочулар кызылча, кызамык, тепме, коронавирус жана гепатиттин А, В, С, D, Е түрлөрүнө иммунитети бар же жогун бекер текшерте алышат.

Саламаттык сактоо министрлиги менен Орусиянын Роспотребнадзор мекемеси биргелешип уюштуруп жаткан илимий долбоор Коомдук саламаттык боюнча улуттук институттун базасында өткөрүлүүдө.

Долбоорго катышууну каалагандар атайын анкета толтурушу керек болот.

Изилдөө калыптанган иммунитет боюнча маалымат чогултуу жана санитардык-эпидемияга каршы иш-чараларды пландоо үчүн өткөрүлүп жатканы маалымдалды.

Жогоруда аталган жугуштуу оорулардын баарын эмдөө жолу менен алдын алуу мүмкүнчүлүгү бар. (RK)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *