Аба ырайы: күн жылуу болот
![Аба ырайы: күн жылуу болот](https://gdb.rferl.org/01000000-0aff-0242-81d0-08dbbe55d717_cx0_cy10_cw0_w800_h450.jpg)
Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 15-ноябрда жаан-чачын болбойт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 15…20,
Талас жергесинде түнкүсүн 0…-5, күндүз 14…19,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 1…6, күндүз 16…21,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0…-5, күндүз 6…11,
Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 5…10,
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -18…-23, күндүз -5…-10 болот.
Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2°, күндүз 17…19° болот.