Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

Ош: депутаттар Жетигеновду жерип жатабы?

0

Ош шаардык кеңеши кезектеги сессиясында мэр Бакытбек Жетигеновго ишенбөөчүлүк көрсөтүү чечимин кабыл алды. Жетигенов муну жеке кызыкчылыктарга байлады.

Ош шаардык кеңешинин жашыруун добуш берүүсүнө 42 депутат катышты. Жыйынтыгында алардын 39у ишенбөөчүлүк көрсөтүү сунушун колдоп, үчөө каршы чыкты.

Депутаттар андан тышкары вице-мэрлерди кызматтан алуу сунушун берип, фракция лидерлери аларды колдогон. Депутаттар шаардык кеңештин токтому аткарылбай жатканын жүйө келтирген.

Депутаттар бул маселе мурда да талкууланганын айтышууда. Ош шаардык кеңешиндеги “Улуттар биримдиги” фракциясынын төрагасы Данияр Абдуллаев 5-чакырылыштын депутаттары кабыл алган токтомдордун дээрлик жарымы аткарылбаганын айтты:

“Биз 5-чакырылышытын депутаттары 170 токтом кабыл алган экенбиз, анын 47 пункту аткарылбаптыр. Бул иштин жакшы жүрбөгөнүнөн кабар берет. Ош шаарынын мэри, анын командасы бир тараптуу иш алып баргандай сезилет. Булар курулуш тармагына көңүл бурганы менен социалдык, экономикалык маселелелер калып кеткендей болууда. Комитеттин төрагалары аткарылбаган токтомдор боюнча айтып жатат бул мэрге ишенбөөчүлүк көрсөтүүгө негиз болуп калды".

Ош шаардык кеңешинин дагы бир депутаты Эсенбек Арзиев мэрге ишенбөөчүлүк көрсөтүү маселесин “Классик” мейманканасынын ишине байланыштырды.

"Азыркы ишенбөөчүлүк маселесине “Классик” мейманканасынын иши да түрткү берди. Ишкерлерди колдоо, экономиканы алдыга жылдыруу боюнча өкмөттүн, президенттин деңгээлинде айтылып жатат. Биздин шаар дагы ошол багытта кетиши керек эле. Азыр ким кысым кылып жатканын так айта албайм бирок, шаардагы бардык иштерге мэр жооптуу”, - деди Эсенбек Арзиев.

Ал эми Ош шаарынын мэрине ишенбөөчүлүк көрсөтүүгө каршы чыккан депутаттардын бири Бекболот Арзибаев токтомдордун аткарылбай калышына эл өкүлдөрүнүн да моралдык жоопкерчилиги бар деген пикирде.

“Бүгүнкү көтөрүлгөн маселеге мен каршымын. Токтомдор аткарылбай калса тиешелүү жетекчилер бар да. Баарына бир кишини күнөөлүү кылып салуу менимче туура эмес. Бардык нерсени өз учурунда айтыш керек. Депутаттардын арасында тендерлерге катышып, таза иштебегендер деле бар”.

Ош шаарынын башчысы Бакытбек Жетигенов бул кызматты бир жылдан бери аркалап келет. Ал Ош шаардык кеңешинин депутаттарынын “токтомдор аткарылбай жатат” деген дооматын четке какты.

Ош мэринин белгилешинче, токтомдордун 95% аткарылган, калган 5% бул кызматка келгенге чейин кабыл алынган.

“Депутаттардын жеке кызыкчылыктары бар. Эки жума мурун шаардык кеңештин төрагасы мени менен жолугам деп кезиккенбиз. Ал “депутаттар шаардын күнү белгиленгенде тамакка чакырган жок, жакшы көңүл бурбайт, чет элдик сапарларга алып чыкпайт деп таарынып атышат” деген. Карасам депутаттар бир эле жолу чет элдик сапарга барбай калышыптыр. Калгандарына бүт эле барышыптыр”, - деди Жетигенов.

Бакытбек Жетигенов жыл башында "Ынтымак" каналына маек куруп, мэрияга караштуу кызматтарды ар кандай кландар башкарган система бар экенин, иш кылууга тоскоолдук жаратып жатканын айткан.

Апрель айында анын орун басары Жасур Азимов менен кеңешчиси Муктарбек Зулпукаров иштен алынган. Шаардык бийликтеги ишенимдүү булактар "Азаттыкка" вице-мэр жана кеңешчи мурдагы “Пионер” эс алуу багындагы жер тилкесине байланыштуу кызматтан кеткенин айтышкан болчу.

Төрт фракциядан турган Ош шаардык кеңешинде 45 депутат бар. Ош шаары республикалык маанидеги макамга ээ, мэрди президент дайындайт.

Бакытбек Жетигенов деген ким?

57 жаштагы Бакытбек Жетигенов Ош шаарынын мэри болуп 2022-жылы 29-ноябрда дайындалган. Ага чейин “бийликти басып алуу беренеси” менен камалып чыккан Жетигеновдун бул кызматка барышы күтүүсүз кадрдык жүрүш деп бааланган.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) 2021-жылы парламенттик шайлоонун алдында, 26-ноябрда "бийликти күч менен басып алууга даярданган" деген шек менен , "Чүй ынтымагы" жана "Эл ынтымагы" биримдигинин он бештей өкүлүн кармаган. Алардын арасында ошол кездеги 6-чакырылыштын депутаты Бакытбек Жетигенов дагы болгон.

Парламентте кызуу талкуулардан кийин депутаттар аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген эмес. Башкы прокуратура парламент жоопко тартууга макулдугун бербей турган болсо, депутаттар камактан бошотуларын, алардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнчө кылмыш иши убактылуу токтотуларын билдирген. Ошентип Жетигенов 23-декабрында бошотулган.

Бакытбек Жетигенов 5-чакырылышта “Ар-Намыс”, 6-чакырылышта КСДП партиясынан депутат болуп келген. 2014-жылы “Ар-Намыс” партиясында депутат болуп турган учурда ошол кездеги ички иштер министри Абдылда Суранчиев "каралар" менен катышы бар делген 20га жакын адамдын ысымын атаган. Алардын арасында депутат Бакыт Жетигенов чүйлүк кримтөбөл Алмаз Бокушевдин досу экенин айткан болчу. Бирок Жетигенов криминал менен байланышын четке кагып, Бокушев менен чогуу окуганын айтып жүрөт.

2019-жылы КСДП депутаты Жетигеновду Токмоктогу аткезчилик чырындагы дагы аты аталган. Ошондой эле парламент имаратында кесиптеши Канат Исаев менен дагы мушташканы айтылган. Айрым маалымат каражаттары ал чырга Исаевдин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди сындап чыкканы себеп болгонун жазышкан. Бактыбек Жетигенов журналисттерге ачык саясатчылардын бири. Ошондуктан ал жогорудагы айтылган сын-пикирлердин баарын убагында четке каккан.

Ош - Кыргызстандагы республикалык маанидеги эки шаардын бири. Калаада 320 миңден ашуун калк жашайт. 2022-жылга Ош шаарынын жалпы бюджети 1 млрд. 600 млн. 510 миң сом деп бекитилген. 2021-жылы казынанын көлөмү 1 млрд. 365 млн. сом болгон.

Шаардагы эң чоң көйгөйлөрдүн бири — таза суу. Тургундар ичүүчү сууну Ак-Буура дарыясынан алгандыктан, суу жамгырдан кийин булганса сааттап, айрым учурда эки-үч күнгө чейин токтоп калат. Мындан сырткары, бала-бакчалардын жетишсиздиги, ички жолдордун абалы, инфраструктура эгемендүүлүк алгандан бери оңдолбой турат.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *